Интервью

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
06/02 13:25
 

Ырчы Баяман Медетов: «Мен биринчи жолу сахнага «Алиппе» майрамында чыккам»

 Ырчы Баяман Медетов: «Мен биринчи жолу сахнага «Алиппе» майрамында чыккам»

Шоу бизнес дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган «Айгерим», «Жумгалым»,«Апакем» аттуу ырлардын автору, куудулдугу менен элдин купулуна толуп келаткан жаш ырчы жигиттерибиздин бири Баяман Медетов менен маек.

- Баяман, алгач өзүң тууралуу кененирээк айтып берсең?
- Мен Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулгам. Менин ырчылык, куудулдук шыгым 1-класста башталган десем болот. Кичине кезимден эле ырчы болом деген максатым бар эле. Биринчи класста «Алиппе» майрам али эсимде. Ошол кезде «Чиркин өмүр» деген сериал көрсөтүлчү, ошондогу “Чиркин өмүр” деген ырды ырдап чыкканымда залдагы ата-энелер, мугалимдер күлүп, бул баланын чымыны бар экен дешип, ар кандай белектерди берип, мени аябай кубандырышкан. Мына ошондон баштап менин ырчылыкка кызыгуум арта баштаган. Менин биринчи сахнам биринчи класстагы«Алиппе майрамы» десем жанылышпайм.

- Сенин ырчы болуп чыгышыңа ким түрткү болду?
- Менин ырчы болушума атамдын бир туугандары түрткү берди десем болот. Себеби атам өзү бир тууган жана алардын баардыгы тең комуз менен ырдашат. Атам болсо күү чертип, ырдап калат. Мына ушундан улам менин ырчы болушума атам жана анын бир туугандары түрткү болду деп ойлойм.

- Репертуарыңдагы «Айгерим» аттуу ырыңа токтоло кетсең?
- Бул ыр менин жашоомдон алынган, мен мектепте окуп жүргөндө Айгерим деген классташ кызымды аябай жактырчумун. Бирок, анда кичине болгондуктанбы Айгеримге сүйүүмдү айткандан тартынчумун. Негизинен эле балалык сүйүү башкача болот экен. Ар бир нерсенин өз убактысы болот эмеспи, мына эми убакыт келип бул ырды да ырдап чыктым.

- «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»-демекчи ырчылыктан башка да кандай өнөрүңүз бар?
-Байкелер бир аз куудулчулук жагын бар деп айтып калат. Куудулдук багытта да көп иштеш керек, ырчылыктан да куудулдук өнөр аябай оор, себеби элди күлдүрүш өтө кыйын. Эмнегедир элдерди күлдүргөндөн ырахат алып, бир аз өзүмдщ женил сезип калам. Жашоодо ар кандай нерселер болот эмеспи, кээде адамдарды күлдүргөнгө болгон аракетиңди кылып жатсаң да күлбөй койгон учурлар болот. Андайда мен ыйлаган кездерим да болгон.

-Музыка дүйнөсүндө сага көп таасир берген кайсы белгилүү инсандар болду?
- Музыка дүйнөсүндө мага таасир берген адам ырчы, куудул Майрамбек Осмонов болгон. Себеби бул адам куудул дагы, комуз аккардеондо да ойноп, обондуу ырларды жаратып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган таланттуу адам десем эч жаңылбайм.Ошондуктан, бүгүнкү күндүн чыныгы жылдызы, жакшы обончу деп Майрамбек байкени айта алам. Бул адамдын баардык сапатын баалайм.

- Сен өзүңдү жылдыз деп эсептейсиңби?
-Андайдан кудай сактасын, өзүмдү жылдыз санабайм. Мен элиме, жериме кызмат кылсам дейм. Бирок айрым адамдарды жакшы ийгиликтер өзгөртүп коюшу мүмкүн.

-Азыр өзүң жакшы билгендей жаш ырчылар бир "жылт" этип чыгып, кайра жок болуп кетишет. Бул сени тынчсыздандырбайбы?
- Чынын айтканда мындай көрүнүштөрдү жашоодон көп эле көрүп жүрөбүз жана мындай жылт этип күйүп өчүп калуудан мен аябай корком. Себеби бир жылт этип чыга калыш оңой. Бирок аны узак убакытка кармап туруу өтө кыйын. Албетте, бул адамдардын өзүнүн эмгегинен десем болот. Мисалы дарыгерлер алар адамдарды дарылаш керек деген максатта иштешет, ал эми ырчылар өзүнүн таланттын элге жеткирүү үчүн иштешет. Бирок ошондон жыйынтык чыгарыш керек. Бир ишти башын баштагандан кийин аягына чейин чыгарыш керек деген ойдомун.

Маектешкен Бегайым Муратбек кызы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу