Интервью

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
28/01 14:38
 

Режиссер С.Эркинбеков: “Таиландан кино тартуу идеябыз бар” (фото)

 Режиссер С.Эркинбеков: “Таиландан кино тартуу идеябыз бар” (фото)

“Доктор Айболот” аттуу тасманын режиссеру Самат Эркинбеков кабарчыбыздын бир нече суроолоруна жооп берди.

- Бул тасманы тартууда эң негизги түрткү эмне болду жана максаты эмнеде?

- Тасма тууралуу идея 1 жыл мурун ойго келип, эң негизги максат болуп айыл жергесиндеги турмушту чагылдырууга аракет кылдык. Буга чейин сиздер көрүп жүргөн кино тасмаларда каарман айылдан шаарга келип кызыктуу учурларга кабылса, “Доктор Айболотто” шаардан окууну аяктап, айылга барып иштеген каарман тууралуу болмокчу. Ошондой эле, айыл жергесинин турмушун, салт-санасын көргөзгөнгө багытталган. Фильмди мен төрөлүп өскөн Чүй районундагы Он Бир-Жылга айылында тарттык.

- Сиз буга чейин көптөгөн кинолорго тартылып эл сүймөнчүгүнө айландыңыз эле, эми болсо өзүңүз кино тартып жана башкы каарманды ойноп жатасыз, айтсаңыз келечекте режиссёрдук жолду улантасызбы?

- Албетте улантуу менен гана чектелбестен режиссёрдун жогорку билимин алууга да аракет кылып, келечекте Голливудга барып тасмаларым менен чыгууга аракет жасайм, себеби ар бир эле режиссёрдун негизги максаты ушул болуп калат экен.

- 2015-жылы сиз үчүн ийгиликтердин жылы болсо керек. Себеби сиз үйлөндүңүз, ролдорду жараттыңыз. Жеке турмушуңуз тууралуу кыскача баяндап кетсеңиз?

- Ооба, жубайым менен жашап жатканга азыр 6 айдын жүзү болду. Мен кино тартып айылдарга кетип калып жаттым, жубайым экөөбүз бири-бирибизди сагынып, бирок мени туура түшүнүү менен кабыл алды. Ал эми жеке турмушта кинодогудай эле күлкүлүү учурлар көп.

- Бала кезиңизде кыялыңыз кандай эле жана ага жеттиңизби?

- Бала кезимден эле сахнага чыкканды каалап, күзгүнүн алдына туруп алып чачымды оңдонуп жүргөн күндөр өттү. Тилектерим азыр орундалып жатат. Анан дагы бир кыялым өзүмдүн автоунаама музыканы коюп, жубайымды жаныма отургузуп алып айдоону каалар элем. Бүгүн так ушундай болуп келдик.

- Кинонун атын эмне себептен “Доктор Айболот” деп атадыңыз?

- Сценарий жазылып бүткөндөн кийин атын коюу кыйынчылык туудурду. “Доктур”, “Доктор Самат” деп көпкө ойлондук, андан кийин командабыздан Жаныш аттуу жигит “Доктор Айболот” деген кандай болот”, - деп сунуш киргизди, бул идея баардыгыбызга жагып кинонун аты “Доктор Айболот” деп аталды.

- Бул кинону тартууда сизге кимдер кандай жардам көргөздү?

- Кинонун сценарийи жазылып бүткөн соң досум Эмил Эсеналиев “Көзүң жетсе өзүң эле тарт” деп айтып калды. Кино тартылып баштаганда 2 күндөн кийин аягына чейин чыгара алаарыма көзүм жетти. Ошондой эле досум Эмил Эсеналиев, үй-бүлөм колдоо көргөзүп жатышты. Кино тартуу жалгыз адамдын колунан келбейт экен. Көп адамдын жардамы менен тартылды.

- Келечекке дагы кино тартуу пландарыңыз барбы?

- Алдыда пландар көп, жакында Таиландга барып кино тартып келели деген идеялар бар. Андан сырткары 3 кинонун сценарийи жазылып бүттү. Биз өзүбүз эле чыкпастан артыбызда көптөгөн таланттуу инилерибиз бар, ошолорду да алып чыгалы деп жатабыз.

Маектешкен Тилек Айталиев

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу