Интервью

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 15:50
 

Элчи Ибрагим Жунусов: «Түркия менен Кыргызстандын ишкерлерине жаңы шарттарды түзүү - форумдун башкы максаты»

Элчи Ибрагим Жунусов: «Түркия менен Кыргызстандын ишкерлерине жаңы шарттарды түзүү - форумдун башкы максаты»

21-22-январда Анкарада кыргыз ишкерлеринин катышуусунда эл аралык бизнес-форум өткөнү турат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири КР Түркиядагы элчилиги. Форумдун жүрүшү, кандай максатта өтө турганы туурасында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кабарчыбызга маалымат берди.

- Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл менен Алмазбек Атамбаевдин буга чейинки болгон сүйлөшүүлөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга көтөрүү болчу. Буга байланыштуу биз бүгүнкү күнү соода жүгүртүүнү 1 млрддан ашыралы деп алдыга максат койдук. Ошол себептен коюлган максатты ишке ашырууга түрткү болот деп форумду уюштуруп жатабыз. Бул бирден бир себеби. Мындан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди дагы да болсо өнүктүрүп, ишкерлер үчүн жаңы шарттарды түзүп берүү максатында уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күндө биз ошого жетишибиз керек деп ойлойм.
- Негизи эле экономикалык байланыштарды арттыруу үчүн кандай кадамдар жасалышы керек?
- Эгерде Түркиянын тарыхына кайрыла турган болсок булардын экономикасынын көтөрүлүшүнө кичи жана орто бизнес себеп болгон. Дал ушул бизнес түрк дүйнөсүнүн экономикасын көтөрүп кетти. Ал эми, биздин эл кичи жана орто бизнеске караганда, жалан гана чоң инвесторлордун келишин каалайт. Бул чоң жаңылыштык. Себеби, ушул эки бизнес аркылуу өлкөнүн экономикасын көтөрүп кетсе болот. Тактап айтканда учурда Кыргызстандагы кичи жана орто ишканалардын ишин илгерилетүү максатында Кыргызстанга өнөр-жай аймактарын түзүү боюнча иштерди колго алуу аракеттерин көрүп жатабыз.
Экономиканын көтөрүлүшү күч органдарына, чек ара кызматына, маданиятка, илимге, билимге дагы таасирин тийгизет. Себеби, бардык нерсе каражатка келип такалат, экономикадан көз каранды болот. Ал эми, экономиканы көтөрүү дегенди жалпак тил менен айтканда элдин жашоосун жакшыртуу деп түшүнүүбүз керек.

-Аталган форум кыргыз ишкерлерине кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет?
- Алдыда өтө турчу эл аралык форум эки өлкөнүн ишкерлерине бирдей шарт түзүп берет. Себеби, биринчи кезекте эки өлкөнүн ишкерлери бири-бири менен түздөн-түз байланышууга шарт түзүлөт. Аларга Түркияда ишкерлердин бизнесин көрүп таанышып чыгууга чоң мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бүгүнкү күндө саясатчы болобу жөнөкөй адам болобу экономиканы көтөрүш керек деп айтышат. Ал эми, аны кантип өнүктүрүү керек дегенде жооп жок токтоп калат. Түрк ишкерлерин Кыргызстанга чакырып кыргыз ишкерлери менен биргеликте иштешсин деп жатабыз. Биз эки өлкөнүн ишкерлери өнөктөш болуусун каалайт элек.
- Түркияда канча кыргыз фирмалары бар?
-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 400дөн ашык түрк фирмалары иштеп жатат. Ал эми Түркияда 100дүн тегерегинде кыргыз фирмалары иш алып барат. Бул биз үчүн аз. Мындан улам кыргыз фирмалары дагы түрк жергесинде көбөйүшү керек. Биздин максат ишкерлерди көбөйтүп аларды тоскоолдуксуз иштетүү. Бардык керектүү шарттарды түзүп берүү.
-Форум кайсы жылдан бери уюштурулуп келет жана кимдер катыша алат?
- Форумга ар бир ишкер катыша алат. Аларга чектөө жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан келе турган 130дан ашык ишкер катталды. Катышууну каалап келе жаткан ишкерлер кызыгуусу бар үчүн келе жатышат. Алар жөн эле келе бербейт. Бардык чыгымды өздөрү төлөп келишет. Уюштуруучулар түшкү тамагын гана камсыз кылат.
Бул бизнес-форум 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Былтыр Стамбулда өткөн. Ал эми, быйыл жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландап Анкарада уюштурдук. Ага КР Экономика министри Арзыбек Кожошев, Түркиянын Бажы жана соода министри Бюлент Түфенкчи, Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев, кыргыз-түрк ишкерлери жана башкалар катышат.
Белгилеп кетүүчү жагдай, иш чара КР Түркиядагы элчилиги, “Кыргызстан достук жана маданият” коому тарабынан уюштурулуп жатат.
Минара Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу