Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/12 15:30
 

С. Айжигитов: “Текесекирик” долбоору - экономикалык кризистен чыгуунун жолу”

С. Айжигитов: “Текесекирик” долбоору -  экономикалык кризистен чыгуунун жолу”

Республикабыздын эң четки аймагы болгон Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүнү камтыган “Текесекирик” долбоору түзүлгөндүгүнө он жылдан ашып калды. Бирок бир эле аталган аймакты эмес, бүтүндөй республикабыздын экономикасын өнүктүрүп, учурдагы каржылык инфляцияны ооздуктап, миңдеген жумушчу орундарды түзө турган бул план белгисиз себептер менен ишке ашпай келүүдө. Биз ушул суроолорго жана аталган долбоор тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн аталган долбоордун түзүүчүсү жана демилгечиси, Баткен облусунун экс-губернатору Айжигитов Султанбай Абдрашитович менен маектештик.
- Султанбай Абдрашитович, алгач “Текесекирик” долбоору, ал кандайча түзүлгөндүгү тууралуу маалымат берсеңиз.
- Жакшы болот. Баткен облусу бир гана климаты айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу эмес, табигый кен байлыктарга да мол аймак. Мисалы, бир эле Сүлүктүдө эң сапаттуу деп саналган күрөң көмүрдүн 1,5 млрд. тонна кору бар экендиги Союздун учурунда эле адистер тарабынан изилденип, аныкталган. Бул жалпы Кыргызстандын керектөөсүнө 200 жылга жетет. Изилдене элек көмүр мындан да эки-үч эсе көп экендиги белгилүү. Жалпысынан Сүлүктүдөн Кызыл-Кыяга чейинки 200 километрге созулган аралыктагы жер астында көмүр жатат. Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын аймагында мындан тышкары дүйнөдө өтө сейрек кездешүүчү, айнек, фарфор жана өнөржай заводдорунун негизги продукциясы болгон кварц кумунун кору да эки миллард тоннанын тегерегинде. Тилекке каршы учурда бул алтынга тете байлыгыбыз иштетилбей, кошуна Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып кетүүдө.
Ал эми Баткен районунун өзүндө 5 млрд. тонна алюминий, “Алтын-Жылга” алтын кени, Айдаркенде сымап, рубин, платин, тантал сыяктуу баалуу жана сейрек кездешүүчү табигый байлыктар бар. Мындан тышкары Баткен облусунда газ менен мунай кендери да бар экендиги белгилүү. Тилекке каршы ушул табият тартуулаган кен байлыктар иштетилбей, жергиликтүү эл да, мамлекет да пайдасын көрбөй жатат. Ошондуктан мен 2005-жылы облустун губернатору болуп иштеп турганда бул кенбайлыктарды иштетүү үчүн суммасы 250-300 АКШ долларына барабар “Текесекирик” деген шарттуу аталыш менен план-долбоор түзгөнбүз.
- Анда эмнелер катылган?
- Эң оболу жогоруда айтылган 5 млрд. тонна алюминийди иштетүү менен ишти баштоо керек. Ага 1 млрд. киловатт-саат электр энергиясы керек. Биз ушул энергияны Токтогул ГЭСинен тартып барып, көп чыгымга учурабаш үчүн Сох дарыясынын жээгине чакан ГЭСтерди жана суу сактагычтарды курууну пландаштырганбыз. Муну менен электр энергиясын алуу менен дагы бир эң негизги планыбыз – Баткен районунун азыр чөлгө айланып жаткан 70 миң гектар аянтын сугатка айлантабыз. Бүгүнкү күндө жалпы облустта болгону 36 миң гектар сугат жер бар. Ал өз кезегинде элдин айыл чарбасы менен алектенүүсүнө шарт түзүп, экологиялык жактан таза, даамдуу өрүк, жүзүм, анар, шабдаалы, лимон, курма сыяктуу жер-жемиштерди өстүрүп, чет жакка экспорттоого мүмкүнчүлүк жаратат. Эгер бир эле алюминий завод куруп алсак, 500 жылга жете турган сырьё бар. Тажикстан эле жылына 500 миң тоннасын сатып алабыз деп турушат. Себеби кошуналар Дүйшөмбүдөгү алюминий заводуна сырьёну Америкадан бери ташып келишет. 70 миң гектар кайрак жердин сугат аянтка айланышы бир миң адамды жумуш менен камсыз кылат. Бир туруктуу иштеген адамдын арты менен беш адамды багууга жана ошончо башка тармакта иштегендер жумуш табары белгилүү. Долбоордо мындан тышкары белгилеп өткөн көмүр, кварц кумун иштетүүчү заводдорду куруу каралган.
- Ар кандай эле бизнес-план же долбоорду ишке ашыруу үчүн эң оболу инфраструктура, коммуникация маселелерин чечүү маанилүү эмеспи. Бул жагы да эске алынганбы?
- Сөзсүз. Ансыз иш илгерилебейт. Биринчиден, Баткен облусунун эң алыскы Тажикстан менен чектешкен Лейлек району менен Сүлүктү шаарына Союздун учурунда эле темир жол салынып, анда азыр белгилүү себептерден улам эле поез каттабай турат. Ал биздин планыбыз боюнча Тажикстандан Лейлек районунун Арка айылына, андан Айдаркен менен Кызыл-Кыяга чейинки темир жолду туташтыруу каралган. Андыктан жүк ташуу жана өндүрүлгөн продукцияны сыртка ташууга толук мумкүнчүлүк бар. Тажикстан да бул багытта биз менен кызматташууга кызыкдар. Экинчиден, азыр Ош-Баткен-Исфана автомобил жолу курулуп жатат, ал андан ары Тажикстанга өтүп, эл аралык трасса болуп калууда. Аба каттамдары да калыбына келтирилип, Баткен, Исфана шаарларына самолет учуп жатат.
- Эмнеге ушул өтө пайдалуу жана керектүү долбоор 10 жылдан бери ишке ашпай келатат? Же эл арасында айтылып жүргөн ошол учурдагы бийлик 200 млн доллар “шапка” сурагандан Россиядан жана Кытайдан келген инвесторлор кетип калган деген сөз чынбы?
- Жоопту экинчи сурооңуздан баштайын. Россиядан “Алрос” компаниясы менен кытайлык инвесторлор келгендиги чын. Алар ал тургай алар биргелешкен ишкана ачып, өздөрү 30, биз 70% ээлик кылуу шартына да макул болушкан. Булар алтын жана алюминий кендерин иштетүүгө кызыгышкан. Бирок мен алардын эмнеге кетип калгандыгын билбейт экенмин. Себеби ал кезде жогорку бийлик мени менен сүйлөшчү эмес. Бир чети мен кийин башка жумушка которулуп кеткендиктен, долбоор токтоп калды. Ал эми азыр “Ар-Намыс” партиясынын лидери, “Мамлекеттик реформалар менен долбоорлорду колдоо” уюштуруу бюросунун төрагасы Феликс Кулов менен биргеликте президент менен өкмөт башчыга сунуш кылуудабыз. Эң негизгиси президентибиз Алмазбек Атамбаев колдоого алды. Дагы бир себеби, биз өткөн парламенттик шайлоодо элге ушул долбоорду ишке ашырууну убада кылганбыз. Парламентке өтпөй калсак деле азыр аны ишке ашыруу үчүн баш-отубуз менен киришип жатабыз.
- Бирок азыр өлкөбүздө кайсы бир алтын же башка кени иштетилсе эле ага жергиликтүү эл каршылык билдирип, жолтоо болуп жатпайбы. Бул жагынан көйгөй жокпу?
- Тескерисинче баткендиктер бизден өздөрү бул долбоорду тезирээк ишке ашырууну талап кылып жатышат. Ал тургай мына менин колумда бир жумада 10 миң адам колдоп, кол койгон тизме турат. Эгер дагы бир жума күтсөк, 28 миң адам кол коюп бермек. Керек болсо 100 миң адам кол чогултуп беребиз деп жатышат. Себеби келечекте түзүлө турган акционердик коомдун ээси толук бойдон эл өзү болот. Аның үчүн бир эле Баткен облусунун жашоочулары эмес, республикабыздын башка аймагындагылар, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар да өз салымын кошуп, акционер боло алышат. Эгер Сиз деле Бишкекте туруп, 100 сом салым кошсоңуз, жеке өзүнүздүн гана эмес, бала-чакаңыздын да келечегин түзүп коё аласыз. Себеби азыр салынган 100 сом иштетилип, кийин 100, 1000 эсе пайдасын бериши мүмкүн. Эң негизгиси, эл көзөмөл жүргүзгөн соң коррупция, уурулукка жол берилбейт. Андыктан эч кандай республикабыздын башка аймактарында кездешип жаткан акция, митинг, жол тосуулар болбойт деп ишенем.
- Демек, азыркы экономикалык кризис жана инфляция күч алып жатканда бул долбоор өтө керек турбайбы.
- Ооба. Бүгүнкү бир гана бизди эмес, Кытай, Россия жана башка экономикалык державаларды кара тумандай каптаган кризис бизди деле кыйгап өтпөйт. Улуттук банк канчалык интервенция жасап, АКШ долларын интервенция кылбасын, ата-мекендик өндүрүш болбосо же өзүбүз чыгарган даяр продукцияны сыртка сатпасак, кырдаал оңолбойт. Себеби бизде экспортко караганда импорт үстөмдүк кылат же сыртка саткандан сатып алганыбыз көп. Ансыз деле 3 миллиард долларга жакын алтын валютабыздын жарымына жакынын инфляция жеп кетти. Ошондуктан “Текесекирик” долбоорунда камтылган долбоорлорду ишке ашырсак, экономикабыз турукташып, инфляция токтойт жана жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу социалдык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилет. Митинг, пикет, жол тосуулар токтойт. Эң негизгиси чек ара жана ички миграция көйгөйү токтобогон Баткен облусунда өндүрүш ишканалары пайда болуп, мамлекетибиздин коопсуздук маселелери өзүнөн өзү оң жолго түшөт.

Эмилбек Момунов, “Кабар” МАБ.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу