Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/12 10:04
 

Нарында эл аралык деңгээлдеги муз аянтчасы курулуп жатат

Учурда Нарын шаарында үстү жабык, эл аралык заманбап үлгүдөгү муз аянтчасынын курулушу жүзөгө ашырылууда. Нарын хоккей лигасынын президенти Эльзар Болотбеков Кыргызстанда азырынча пайда боло элек мындай спорттук кышкы оюндардын имаратынын алгачкы пайдубалы быйыл июль айында башталгандыгын кыскача баарлашууда мындай деп билдирди:

-Нарын шаарына үстү жабылган эл аралык стандарттагы муз аянтчаны куруу идеясы эки жыл мурда башталган. Аны акыры Нарындын кулуну, «Ала Тоо-Нарын спорт клубунун президенти, жеке ишкер Нурлан Ташболот уулу ишке ашыра баштады. Жалпы аянты 62 сотых жерди мерия чечип бергенден кийин быйыл июль айында алгач 50 сотых жер аянтын казуу жумуштары башталган. Азыркы күндө жасалуучу иштин дээрлик 70 пайызы аткарылып бүттү. Буюрса, жаңы жылдын 10-15-январында ачылышы болот деп болжолдоп жатабыз.

-Жашыруун болбосо канча каражат жумшалат жана жабдыктар кайдан алынып келинүүдө?


- Бизде эч нерсе жашыруун эмес. 130 миллион сомдук жумуштарды казакстандык «Эңбек» курулуш компаниясы аткарууда. Жабдуулар 100 пайыз Орусиянын Челябинск шаарынан алынып келинди. Жакынкы күнү муз тазалоочу 110 миң долларлык атайын унаа Финляндиядан келмекчи.

-Эл аралык үлгүдө салынат деп билдирип жатасың. Ошондо кандай болуп салынат бул муз аянтча?


-Мындай курулуш азырынча Кыргызстанда жок, салына элек. Кадимки дүйнөлүк чемпионаттар өткөрүлгөн Хоккей, фигурное катания деп коёбуз, муз үстүндө бийлөө жана жалпы элдик муз тебүүчү жай болот. 800 орундуу деп эсептелип жатат. Аянтчанын ичинде кафе, жуунучу, чечинүүчү жайлар, айтор баардык шарттары кошо салынат,-деди Э. Болотбеков.

Маектешкен Күмөндөр УСУПТЕГИН,
Нарын шаары

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу