Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/11 18:19
 

Азыркы тапта Кыргызстанга Россия менен Кытайдан гана инвесторлор келип жатат

Кыргызстандагы мигранттар тууралуу, анын ичинен кытай эмгек мигранттары туурасында кененирээк маалымат алуу максатында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Алмаз Асанбаев менен маектештик.

- Кыргызстанда чет элдик мигранттарга бөлүнгөн квотанын көпчүлүгүн кытай жарандары түзүүдө. Мунун себептери эмне деп ойлойсуз?

- Быйыл дагы эмгек мигранттарына 12 миңдин тегерегинде квота бөлүнгөн. Анын ичинен 9530 миң орунду кытай жарандары түздү. Булардын көпчүлүгү жумуш менен алек болуп, улуттук долбоорлор менен келип иштегендер. Ал үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бул жылы кытайдан түздөн-түз келген жумушчулар көбүнчө улуттук долбоорлор боюнча жумуш алып барышты. Анын негизинде жолдорду куруу боюнча долбоорлор ишке ашып жатат. Тагыраак айтсак, Балыкчы шаарынын жолу курулуп бүттү, Нарында, Баткенде жолдор салынууда. Ошондой эле Кемин-Датка линиясы ишке берилип жатат, Сосновка жана Токмок шаарында эки завод салынып жатат. Бул биздеги негизги тармактардын бири.
Булар убактылуу келип, жумушун бүтүрүп кайра кете турчу адистер болуп саналат. Биринчиден, Кытайдан атайын тажрыйбалуу жарандар келип иштешет. Миграция кызматынын эмгек бөлүмү тарабынан сунушталгандан кийин нефть боюнча, жолдорду куруу сыяктуу адистерден турган жумушчу топ түзүлүп келет. Алар келет, долбоор аяктап, утурумдук жумушу бүткөндө кайра кетишет. Ошол эле топ менен башка мамлекетке барып иштешет.

-Жумушка уруксат алган чет өлкөлүк жарандардын укугу кандай?

- Кыргызстанда бардык адам укуктары корголгон. Ал эми, жумушка уруксат алган чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда эмгектенгенге укуктуу. Биздеги жарандардын укуктары кандай корголсо, ал укуктар чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү. Уруксаты жок Кыргызстанда эмгектенүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынган.

- 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай жарандарынын саны 2013-жылга салыштырмалуу 2674 адамга кыскарыптыр...

-Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөгө келген Кытай жарандарынын саны өтө көп эмес. Алар 5-орунда турат. Биринчи орунда Казакстан турат, тактап айтсак, чек арадан өткөндөрдүн саны 3 миллиондон ашык. Алар көбүнчө көлгө эс алганы келишет жана Дордой базарына соода-сатык менен алек болуп кетишет. Кытайлардан айырмачылыгы аларда виза жок. Экинчи орунда Россия турат, ал жактан 456 миң адам чек арадан өткөн. Үчүнчү орунда Өзбекстан 252миң адам болсо,Тажикстандан 132 миң адам чек арадан өткөн. Ал эми Кытай бешинчи орунду ээлейт. Бир жылда 37 миң 403 жолу кытайдын жарандары Кыргызстанды көздөй чек арадан өтүшкөн. Ал эми, сыртка чыкккандардын саны 40 миң 77 жаран болгон.
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайлардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 2674 адамга кыскарган. Демек, 2014-жылы биздин өлкөгө келген Кытай жарандарынын саны азайган.

- Ошол эле учурда кытай бизнесмендеринин келиши да азайыптыр...

-Акыркы убакта Кытай жергесинен келген эмгек мигранттарынын, бизнесмендердин саны кыскарып жатат. Бул Бажы биримдигине кошулганыбыздын бирден бир себеби болушу мүмкүн. Азыр ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин Кытай тарап Казакстан менен Россия мамлекеттер арасында түздөн түз чекарадан темир жол аркылуу кирүүгө уруксат алышты. Мурда көбүнчө Кыргызстан аркылуу соода-сатык жүргүзүшчү. Анда соода жүргүзүү оңой жана жеңил болчу. Себеби, Кыргызстан эл аралык соода уюмунун мүчөсү болуп саналат. Анда КМШ мамлекеттеринин ичинде жөнөкөй түрдө сода-сатык тууралуу түзүлгөн келишим бар. Келишимде биз аркылуу товар ташыган ыңгайлуу деп табылган.
Кыргызстандагы Кытайдан келген эмгек миграттарынын санынын азайышы Экономикалык жагдай менен түздөн түз байланыштуу. Азыр Улуу Жибек жолу деген аталыштагы долбоор менен чыгып жатышат.

Эгерде Кытайдан инвестиция келбей калса жолдор оңдолбойт, өнүгүү болбойт. Ал эми жолдор курулбаса, заводдор иштебесе өнүгүү болбойт. Азыркы тапта Кыргызстанга Россиядан жана Кытайдан гана инвесторлор келип жатат. Кытай тараптан келген инвестициялардын пайызы абдан төмөн. Эгерде дүйнөлүк баа менен карап көрсөк башка өлкөлөрдөн мындай баа менен келген инвестиция жок. Эгерде биз ошону колдонуп, туура пайдалана билсек сөзсүз түрдө өнүгүү болот. Эгерде колдоно албай калсак ал тараптан өнүгүү дагы, жардам дагы болбойт.

- Кытай жарандары мыйзамды сыйлап, сактай билишеби анан?

- Ар бир жаран виза алып башка өлкөгө келип жатканда текшерүүдөн өтөт. Ал Кыргызстанга кандай таасир бере алат деп,тышкы иштер министрлиги тарабынан, коопсуздук жагынан бардыгы каралат. Андан соң виза берилет. Жөндөн жөн эле виза ала алышпайт. Кытай жарандары мыйзамды сактаганга абдан так болушат. Бул албетте жакшы көрүнүш. Анткени, Кытай мамлекетинде мыйзамдарды сактабаса атайын чара көрүшөт. Демек, алар тартиптүү адамдар. Алардан кооптонуунун кажети жок. Эгерде тартипсиз болсо, чочуласак болот эле. Тартип менен жүргөн адамдарды өзүбүз жаман көндүрбөшүбүз керек.
Чет өлкөлүк жарандардын жүрүм турумун Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алат. Өз кезегинде ал жарандарга чара көргөнгө укуктуу.
2015-жылдын жети айдын маалыматы менен 2215 адам миграция мыйзамын бузуп тартипке чакырылган. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөт күч биртоп аз. 2014-жылы 3688 адам мыйзам бузуу фактысы менен катталган. Мыйзам бузгандыгынын негизинде административдик жоопкерчиликке тартылышат. Анын негизинде айып пул төлөшөт. Анын ичинен 651 Кытай жарандарына мыйзам бузуу фактылары катталган.

-Чет элдик жарандарды эмнелер кызыктырат?

-Экономикада маанилүү төрт нерсе бар. Адамдын күчү, каражат, жер жана билим. Биринчиден Кыргызстанда жер бар. Экинчиден бизде иштей турган адамдар бар, жетиштүү. Ошондой эле, экономикалык шарттар жеңил. Башка мамлекеттерде иштей турган адамдар жетишсиз жана жер тартыш. Кайсы жерде туруктуу жашоо-турмуш болсо ошол жерге инвестиция келет. Бул жогоруда айтылгандар чет элдик жарандарды кызыктыруучу негизги факторлор. Албетте мындан тышкары соттордун көз карандысыздыгы болуусу шарт. Анткени чет өлкөлүк жарандар менен кыргыз жарандарынын ортосунда бизнес жүрүп жаткандан кийин талаш-тартыш маселеси болбой койбойт. Ал эми ошол маселени сот акыйкаттуу чечип берсе инвесторлорго ишеним келет.

Минара Ибраева, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу