Интервью

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/10 14:28
 

Жеңишбек Жоробеков: “Милициянын негизги милдети – кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу”

Жеңишбек Жоробеков: “Милициянын негизги милдети – кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу”

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жоробеков Жеңишбек Мамаюнусовичти кепке тартып, үстүбүздөгү жылдын 9 айында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу, болтурбоо багытында башкармалык тарабынан кандай иштер аткарылып жаткандыгы боюнча бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Жеңишбек Мамаюнусович, сиз жетектеген Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан 9 айдын аралыгында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу багытында кандай алгылыктуу иштер аткарылды?

- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, милиция кызматкерлеринин негизги иштеринин бири бул, кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны болтурбоо, алдын алуу болуп саналат. Ошол үчүн биз кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана коомдук тартипти жөнгө салуу боюнча бир топ комплекстик иш-чараларды карап чыктык. Анын негизгилеринин бири, КР Ички иштер министринин демилгеси менен ар бир облустарда эл менен жолугушуп, көрүшүп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча форумдарды өткөрүү эле.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 6-мартында Жалал-Абад облусунда министрдин катышуусунда, коомчулуктун өкүлдөрү менен бир чоң форум өткөрдүк. Форумдун негизги максаты – коомчулук менен милициянын ортосундагы байланышты бекемдөө. Ал жерде коюлган маселелер – бир гана милиция кызматкерлерин эмес, милиция кызматкерлеринин күндөлүк турмушунда шарттарды түзүп, мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берүү боюнча да жергиликтүү бийликке бир топ маселелер коюлган. Андан сырткары, коомчулукта болуп жаткан ар бир жосундарга, ар бир кылмыштуулукка, тартип бузуучулукка коомчулуктун да жоопкерчилигин карап чыккан.
Ошол форумдун максаттарынын негизинде башкармалыкта иш мерчеми иштелип чыккан. Ал иш мерчемдин аткарылышы боюнча бир топ багыттар бар. Айрыкча айтып кетсек, биринчиден жаш өспүрүмдөр арасында иш алып баруу, коомчулук менен милициянын ортосундагы байланышты бекемдөө, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча МАИ кызматкерлеринин эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Сөзсүз гана милиция кандай гана иш-чара өткөрбөсүн, буга коомчулуктун, элдин катышуусу абзел.
Бүгүнкү күнгө чейин ошол багыттар боюнча жумуштар аткарылып жатат. Мына биз 9 айдын жыйынтыгы менен район-шаарларда форумдун кабыл алган талаптарын аткаруу маселесин коюп жатабыз. Район-шаарларда ким кандай жумуштарды аткарды, көрсөткүчтөрү кандай болду, форумдун койгон талаптары кандай жыйынтык берди? Мына ушул боюнча жергиликтүү бийликке да сунуш бердик. Жергиликтүү бийлик канчалык даражада алдына коюлган коомчулук маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана укук коргоо органдары менен биргеликте кандай жумуштарды аткара алды? – деген сунушту коюп жатабыз.

- Облус аймагындагы кылмыштуулуктун абалы кандай болуп жатат?

- Облус аймагында үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 26га (2019 - 1993) өсүп кеткен. Анын ичинен 1604 кылмыш иши козголуп, 1919 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, отчеттук мезгилде катталган кылмыштардын ичинен 1674 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу 0,1 пайызга төмөндөгөн.

- Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча район-шаарларда быйылкы жылы канча коомдук алдын алуу борборлору ачылып, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө канча жаңы имараттар курулду?

- Милиция кызматкерлеринин алдына аябай катуу чоң талаптар коюлуп жатат. Бирок, ошол талаптарды аткаруу багыты боюнча министрлик да, жергиликтүү бийлик да шарттарды түзүп берүү жагын карап жатат. Себеби, шарттар болбосо, милиция кызматкерлери деле жумуш алып баруусу кыйын. Биринчиден, милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жумуш орундарын сапаттуу камсыз кылып берүү боюнча жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштеп жатабыз.
Азыркы учурда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 86 борбор иштеп жатат. Андан сырткары, 9 айдын ичинде гана 7 аймактык милиция пункттары, 2 кылмыштуулукту алдын алуу борбору, 3 толук камсыз кылынган иштеп жаткан аймактык милициянын бөлүмчөлөрү ачылды. Сузак районундагы Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты, Базар-Коргон районундагы кылмыштуулуктун алдын алуу борбору, Токтогул шаарчасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборлору жана ар бир райондо бир топ пункттар, борборлор жаңыдан ачылды.

- Жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу багытында кандай профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат?

- Негизи коомчулук менен жалпы эле жумуш алып барып жатабыз. Өзгөчө маселе катары, министр баса белгилеп кеткендей, жаштарга көбүрөөк басым жасап келүүдөбүз. Биз иш алып барган категориялардын арасында каттоодо турган, соттолгон, шектүү катары кылмыш иштеринен өткөн жарандар бар. Булар менен түздөн-түз профилактикалык таасирлүү иш-чараларды өткөрөбүз жана көзөмөлдөп текшеребиз. Биздин келечегибиз – жаштар - деп жатабыз. Биздин ишеничибиз, келечегибиз жаштар болгондуктан, алардын мектептеги окуусунан баштап тарбиясына чейин өспүрүмдөргө басым жасалып жатат. Себеби, булардын азыркы мезгилин, жаштыгын, убактысын биз улуу муундар кандай нукка салсак, алар ошол жол менен кетет.

- “Мекеним менин – Кыргызстан” долбоорунун алкагында кандай иштер аткарылды?

- “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоорунун негизинде бир топ эле иштер аткарылды. Айрыкча атап кетсем, биринчиден жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу тарбиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ЖОЖдо жолугушуулар, жаштарды сергек жашоого үндөгөн бир топ спорттук оюндар уюштурулуп, патриоттуулукка үндөө жана улуттар арасында ынтымакты чыңдоо максатында тегерек столдор, коомчулук менен ачык угуулар өттү. Аймактык тескөөчүлөрдүн эл алдындагы отчеттору угулуп, жаштардын интелектуалдык деңгээлин көтөрүү боюнча “Даанышман” клубдары ачылды.
Мындан сырткары, мектепке келбеген окуучуларды каттоого алганда, алардын турмуш шартын, турак-жайын да көзөмөлгө алып жатабыз. Себеби, көпчүлук ата-энелер иштейбиз деп, чет жакка чыгып кетишип, алардын балдары кароосуз калып калууда. Же болбосо, көпчүлүк балдардын ата-энелери абакта отургандары, ажырашып кеткендери бар. Ошол үчүн көпчүлүк балдар туугандарынын үйүндө жашайт. Биз бир гана көзөмөл жүргүзбөстөн, балдарга жардам берүүнү да колго алып жатабыз. Аларга билим алуусуна жакшы шарт түзүп берүү максатында, окуу куралдарын жана кийим-кече сатып берүү боюнча кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп жатат.
Эң ири кайрымдуулук акциялардын төртөөнү атап кетейин. Биринчиси, облустук мамлекеттик администрация менен биргеликте улак кайрымдуулук акциясы өтүп, андан түшкөн акча ата-энеси жок балдарга, реаблитацияда жүргөн мектеп окуучуларга, өспүрүмдөргө кетти. Экинчиси, “Алыш” күрөшү боюнча мелдеш өттү. Кутучалар коюлуп, кайрымдуулук менен коштолду. Үчүнчүсү, биз уюштурган футзал боюнча суперфиналдын мелдеши өттү. Анда топтолгон акча көзү азиздер жана дүлөйлөргө жардам иретинде берилди. Төртүнчүсү, ыйык орозо айында маданият кызматкерлери менен биргеликте “Жарамазан-кайрымдуулук” акциясын өткөрүп, анда колунда бар адамдардын үйүнө концерт иретинде жарамазан айтылып, түшкөн 140 миң сом акча комиссиянын катышуусу менен колунда жокторго, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылып берилди.

- Облус аймагында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу багытында кандай аракеттер жүрүп жатат?

- Биз “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маселе көтөрдүк. Бул облустук коллегиянын чечимине, токтомдоруна кирди, шаар-райондорго тапшырма берилди. Азыркы мезгилде пилоттук долбоор катары Жалал-Абад шаарынан баштайлы деп жатабыз. Жалпысынан 28 видео байкоо камераларга акча каражатты шаардык мэрия менен сүйлөшүп, таап жатабыз. Мына 9 айдын жыйынтыгы менен бул акча каражаттар бөлүнүп берилет. Эң керектүү, эң маанилүү, чоң көчөлөргө видео камералар орнотулат. Жол коопсуздугу, шаар коопсуздугу үчүн орнотула турган видео камераларга 3 млн. сомго жакын акча каражаты сарпталат.

- Жалал-Абад ОИИБнын милиция кызматкерлеринин эл арасындагы кадыр-баркын көтөрүү максатында кандай иштер жүрүп жатат?

- Жалал-Абад ОИИБнын милиция кызматкерлеринин эл арасындагы кадыр-баркын көтөрүү максатында, милиция кызматкерлеринин кылмыштуулуктун алдын алууда, кылмыштардын бетин ачууда, коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сактоодо аткарган иштерин, көрсөткөн эрдиктерин, ошондой эле каармандык жана новаторлук иштерин элге жеткирүү максатында, ОИИБнын басма сөз кызматынын кызматкерлери тарабынан интернет колдонуучулар үчүн социалдык тармактарга өз баракчасы ачылган.

Бул баракчага башкармалыктын күнүмдүк жүргүзгөн иш-чаралары тынымсыз берилип, бүгүнкү күндө интернет баракчанын колдонуучулардын саны 10 миңден ашкан. Андан тышкары, республикалык деңгээлдеги КТР «Ала-Тоо», ЭлТР, 5-канал, аймактык ЖТР, «Д» 7-канал, “Сентябрь” телеберүүлөрүндө, 1-радио, Азаттык, Марал радиолорунда да маалыматтар берилүүдө.

Маектешкен: Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу