Интервью

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
23/10 11:52
 

Түркиядагы студент И. Убаров: «Операция болгон мекендештерибизге бекер жардам бергендигим – атуулдук милдетим деп эсептеймин»

Түркиядагы студент И. Убаров: «Операция болгон мекендештерибизге бекер жардам бергендигим – атуулдук милдетим деп эсептеймин»

Быйыл жай айларында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтери тарабынан түзүлгөн келишимге ылайык, жүзгө жакын кыргызстандык жарандар Түркиянын медициналык мекемелеринде бекер операция болушту. Алар Кыргызстанда врачтар айыктырууга мүмкүн болбогон, оор илдеттер менен жабыркагандар эле. Бирок операция жасоо жана башка медициналык кызматтар Түркия тараптан бекер көрсөтүлгөнү менен жол кире, котормочунун кызматы сыяктуу чыгымдарды ар бир оорулуу өздөрү көтөрүштү. Мына ушундай кызматтардын бири болгон котормочулукту бул жакта окуган кыргызстандык студенттер моюнга алышкан. Биз алардын бири, Анкара университетинин студенти Ибрагим Убаров менен маектештик.

- Ибрагим, алгач өзүң, Түркияга кандайча окууга келип калганың тууралуу айтып берсең.

- Мен Кочкор районунун борборунда туулуп - өскөнмүн, улутум дунган. Бала бакчага, мектепке кыргыз балдар менен чогуу барып, кыргыз тилин гана эмес, кыргыз элинин каада - салтын, маданиятын да жакшы билем деп айта алам. Досторумдун да көпчүлүгү кыргыз балдар. Кийин Токмоктогу кыргыз - түрк лицейинен билим алып, аны аяктаган соң Анкара университетине тапшырдым.

- Анда өзүң окуп жаткан Анкара университети, адистигиң тууралуу да билсек.

- Анкара университетинде 50 миңге жакын студент бар. Көпчүлүгү жергиликтүүлөр болгон менен дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн да мага окшоп келгендер миңдеп саналат. Себеби, бул окуу жайда билим берүүнүн сапаты жогору. Бир эле Түркиядагы эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку билим берүү мекемеси болуп саналат. Теологиядан тартып, техникалык, гуманитардык жана башка факультеттер бар. Мен так илимдер факультетинин статистика бөлүмүнүн IV курсундамын. Эмне үчүн бул адистикти тандап алгандыгым да кызыктуу. Себеби, ар кайсы жагдайдын эсебине, санына кызыга берем. Тилекке каршы Кыргызстанда мындай адистерди даярдаган окуу жай жок экен. Ошондуктан, Анкара университетине тапшырууга туура келген. Балким, 6 миллион калкы бар Кыргызстанда статистиканын анчалык деле мааниси жоктур. Анткен менен Мамлекеттик статистика комитети бар. Демек, келечеги бар кесип деп ойлоймун. Ал эми 78 млн. калкы бар Түркияда статистика өзүнчө илим катары калыптанган. Себеби, элдин санынан тартып, өнөржай, айыл чарбасын пландаштыруу алгач статистикалык маалыматтардан башталат.

- Ибрагим, быйыл жайында Түркияга операция жасатуу жана башка медициналык жардам алуу үчүн келген кыргызстандыктарга бекер котормочулук кызматын көрсөткөндүгүң тууралуу угуп калдым эле. Ошол тууралуу өзүң айтып берсең.

- Алгач эки мамлекеттин президенттеринин макулдашуусунун натыйжасында жыл сайын жардамга өтө мутаж, Кыргызстанда дарылоого мүмкүн болбогон жүз адамдын Түркиянын алдыңкы медициналык мекемелеринде бекер дарылануусу тууралуу кабарды укканда абдан сүйүндүм. Анткени, бул жактын медицинасы аябай өнүккөн. Акысы да ошого жараша. Бирок, мекендештерибиз бекер дарыланганы менен келип - кеткендигин, котормочунун жана башка зарыл кызматтардын акысын өздөрү төлөш керек болчу. Ал эми өздөрү ооруп, жаны көзүнө көрүнүп турган адамдар каржылык жактан кыйын абалда экендиги айтпаса да белгилүү эмеспи. Мындан сырткары ар бирин жок дегенде бир адам коштоп келери белгилүү. Ошондуктан, мен Анкаранын клиникаларына келген мекендештерибизге котормочулук кызматын бекер көрсөтүүнү Кыргызстандын жараны катары атуулдук милдетим деп чечтим.

- Канча адамга бекер котормочулук кызматын көрсөттүң?

- Анкаранын ооруканаларына 35 адам келди. Калгандары Стамбул жана башка шаарларга барышты. Мен ошол Анкарага келген жердештерибизге чогуу окуган башка да кыргызстандык студенттер менен кошо алар кеткенге чейин аэропортто самолеттон түшкөндөн тартып, врачтар менен сүйлөшкөнү, документтерин которуу сыяктуу бардык котормочулук кызматын көрсөттүм. Албетте, мага бул жакта чогуу окуган башка да жердеш студенттер жардам беришти. Ошол учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен тыгыз кызматташып, алар аркылуу байланышып, котормочуга муктаждарды өзүбүз издеп таап турдук.

- Балким, кыйынчылыктар да болгондур. Анткени, медициналык сөздөр, терминдерди которуу оңой эмес да.

- Туура айтасыз. Алгач бир жума медициналык сөздөр менен терминдерди окуп, даярданууга туура келди. Себеби, кокус бир эле сөздөн же терминден ката кетирсең, анын кесепети оор болуп калышы мүмкүн. Мисалы, дарыны түркчө илач деп коюшат, ал эми илачнама балзамдоо дегенди түшүндүрөт. Андыктан, уңгу сөзгө туура эмес бир мүчө уланып калса эле таптакыр башка түшүнүк жаралып калат. Анын үстүнө Бишкектен айрым оорулардын диагнозу менен медициналык китепчесин бул жактагы медиктер англисче түшүнөт деп англис тилинде жазып беришиптир. Тилекке каршы Түркияда деле англисче билбеген, өз тилинде гана маалыматты талап кылган врачтар бар. Ошондуктан, мындай кагаздарды толук түркчөгө которууга туура келди. Дагы бир белгилей турган жагдай, бул жакка негизинен жүрөк илдети, боорун алмаштыруу, өпкөсү жабыркаган, кулак имплантын жасатуу үчүн келгендер болушту. Органын алмаштыруучулардын донору эгер ата - энеси, жубайы же бир тууганы болсо да аны тиешелүү юридикалык органдардан нотариус аркылуу тастыктаган документ талап кылынат. Кээ бирөөлөр ошол документтерди «мен атасы же бир тууганы болсом, органымды бергенимди кимден сурашым керек?» деп бүтүрбөй келип алышыптыр. Бирок, түркиялык врачтар андай ыктыярдуу донор болгондордун оозеки макулдугу менен эле операция жасай беришпейт. Андыктан, айрым мекендештерибизге ушул жагдайды алгач түшүндүрүп, андан соң документ жасоо үчүн чуркап убарекерчилик тартууга туура келди.

- Сенин ушул кызматың сыркоолорго моралдык колдоону айтпаганда да, акчалай түрдө кандай жеңилдик болду?

- Котормо иши бардык эле мамлекетте жогору бааланат. Ал эми Түркияда медициналык кызмат көрсөтүү сапаттуу болгондой эле, ага байланышкан котормочунун кызматы да төмөн эместиги белгилүү. Орто эсеп менен күн сайын 100 түрк лирасы же кыргыз сомуна которгондо 3000 сомдон ашык болмок. Бирок, мен бул тууралуу ойлонгонум да жок. Менимче адам өмүрүн сактап калуудан, ага салым кошкондон ашкан соопчулук иш болбосо керек. Кыскасы, азбы, көппү жердештеримдин сакайып кетишине салым кошкондугум үчүн өзүмө өзүм ыраазымын. Сыягы, ата-энем мени ушул максатта окутуп, тарбияласа керек. Эгер келерки жылы да жердештерибиз дарыланууга келишсе, аларга бекер кызмат кылууга даярмын. Мындай вазийпаны бир гана мамлекетке жүктөп койбостон, ар бир жаран колунан келген салымын кошкондо гана элибиз менен мамлекетибиз өнүгүп - өсө тургандыгын Түркияда окуп жүрүп сезүүдөмүн.

Эмилбек Момунов, Түркия, Анкара

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу