Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/10 10:34
 

Элчи А.Осмоналиев: “Ирандыктар Орто Азия мамлекеттерине караганда Кыргызстанда бардыгы жакшы, дешет”

Элчи А.Осмоналиев: “Ирандыктар Орто Азия мамлекеттерине караганда Кыргызстанда бардыгы жакшы, дешет”

Иран Ислам Республикасынын “Фарс” маалымат агенттигинин чакыруусу менен “Кабар” агенттигинин кабарчысы 7-12-октябрь күндөрү Тегеранда болгон учурда Ирандагы Кыргызстандын элчиси Асанбек Осмоналиев менен Иран мамлекетинин өзгөчөлүгү, кыргыз-иран кызматташтыгын кантип өнүктүрүү керектиги тууралуу маектешкен.

- Байыркы замандарда биздин ата-бабаларыбыз Иранга келишчү бекен?

- Хорасан провинциясы илгертен Ирандын Орто Азияга эшиги болуп эсептелген. Биздин ата бабаларыбыз да Иранга Хорасан аркылуу келчү экен. Демек, биздин Иран менен байыртан мамилебиз болгон. Жакында Президентибиз Алмаз Атамбаев келип, Иран бийлиги менен бир нече документтерге кол коюп кетти. Иран бизге караганда чоң эл, 80 млн калкы бар. Аймагы Кыргызстанга караганда 6,5 эсеге чоң. Ирандын экономикалык мүмкүнчүлүгү күчтүү.

- Кайсы багытта кызматташууга болот?

- Чоң технологияларды айтпаганда да, биз Кытайдан алып жүргөн курулуш материалдары, пластмассалар, краскалар, лактар, темирлер, кафелдер Иранда көп. Кытайдыкына караганда сапаты да мыкты. Кыргызстанда көбүнчө Союздан калган техникалар менен иштеп жүрүшөт. Ирандан инженердик жарак-жабдыктарды алсак болот. Элчилик Ирандан алмашуу жолу менен темир жол аркылуу чийки нефть алуу маселесин да көтөрүп жатат. Ирандыктар биздин этти, балды, жаңгакты сапаттуу дешип жакшы көрүшөт. Персия килемдери дүйнөлүк бренд. Бизде жер-жемиштер иштетилбей эле калып калууда. Бул жерде кайра иштетүү технологиясы жакшы өнүккөн. Кичи ГЭСтерди курууда да Ирандын тажрыйбасы мол. Түз авиакаттамды ачып алсак, көлүбүзгө, тоолорубузга турист катары да бизге келишмек. Азыр деле 30дан ашуун альпинисттери мезгил-мезгили менен Хан-Теңирге барып жүрүшөт. Мына ушул маселелер жаатында Иран менен макулдашууга болот. Саясый, диний жагынан деле биз менен келише албай турган эч нерсе жок. Иранда шииттер басымдуулук кылгандыктан, Араб мамлекеттерине окшоп “биз мечит салат элек” дей беришпейт.

- Евразия биримдигине кирип жатабыз. Бул учурда соода-сатыгыбыз кандай болот?

- Кыргызстандын соода, экономикалык алкагынан алып караганда Евразия биримдигине киргенибизде Иран менен байланыштуу бекемдөө бизге чоң пайда алып келет. Иран 170 млн калкы бар мейкиндикке чыгат. Айталы, Евразия биримдигине мүчө болгон Армения Иран менен соода-сатык болобу, бардык жагынан жакшы байланыш түзүп алган. Евразия биримдигине кирген мамлекеттердин документтеринде соода, экономикалык маселелер боюнча ар бир мамлекетин кызыкчылыгында муктаждыктарды киргизип, соода-сатыкты көтөрүүгө болот. Ноябрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Бул боюнча биздин Финансы министрлиги менен макулдаштык.

- Иран менен түз авиакаттамдын жоктугу көп кедергисин тийгизип жатса керек?

- Бишкектен Мешхедке түз авиакаттам болуп турган учурда, Алматы-Тегеран авиакаттамы жок болчу. 2008-жылы авиакырсыктан улам биздики жабылгандан пайдаланып казактар жумасына эки авиакаттам ачып алды. Мешхеддиктер азыр да авиакаттамды кайра ачууну суранып жатышат. Президентибиз Иранга келгенде авиакаттам ачуу тууралуу эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Эми биздин Транспорт жана коммуникация министрлиги бекем туруп бул ишти тезирээк алдыга жылдыруусу керек.

- Виза жагы кандай болот?

- Оор салмактагы жүктөрдү ташыган автотранспортторубузга, Иранга каттаган, бизнес жасаган жарандарыбызга, студенттерге, расмий делегацияларга виза жагынан жеңилдик берүүгө шарт бар. Хорасан, Мешхед, Мазандаран провинцияларында ишкерлердин балыкчылык, кайра иштетүү, чакан ишканаларды түзүү жаатында биз менен кызматташабыз, деген жакшы пикирлери бар. Ирандын чоң миллиарддер ишкерлери Кыргызстанга келе бербейт. Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү ага жол бербейт. Бизнес, логистика маселелери чечиле турган болсо орто ишкерлер Кыргызстанга келип иш жүргүзүп, экономикабызга бир топ салым кошмок.

- Иран диний мамлекет, бул жагынан кандай?

- Иран диний мамлекет болгону менен өлкөсүн өнүктүрүү жаатында өздөрүнүн программасы бар. Билим, илимге чоң көңүл бурушат. Кум, Бурган, Тегеран шаарларындагы окуу жайларында Кыргызстандын жаштары окуп жатышат. Мешхед менен Бушер шаарларынын тургундарынын көз караштары башкача. Мешхедке Орто Азия элдеринин таасири күчтүүрөк. Анда бир топ түрк тилдүү калктар жашайт. Азербайжандар, күрттөр, түркмөндөр, түрктөр бар. Бирок, мамлекеттин күчтүүлүгү – тилин, идеологиясын бекем кармашат. Жаштарыбыз англис тили сыяктуу эле фарсы тилин үйрөнүп алуусу зарыл. Ооган, тажик элдеринин тилдери фарсы тилине өтө жакын.

- Кыргыздарды билишет бекен?

- Кыргыз элин бардык жагынан иран элине тааныштыруу керек. Бул жерде “Кыргызстанданмын” десең, “Күртстанбы?” дешет. Кыргызстанды биле беришпейт.

-Ирандыктарга турмушка чыккандар барбы?

- Иран улутуна турмушка чыккан кыргыз кыздарыбыз бирин-экин, көбүнчө орус улутундагы кыздарыбыз ирандыктарга күйөөгө тийип кетишүүдө.

- Иранда туруктуу жашап бизнес кылган кыргыздар барбы?

- Бар. Кыргызстандын Иран менен товар жүгүртүүсү 70 млн доллардын тегерегинде. Албетте бул өтө аз сумма. Мурда Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз авиакаттам учурунда товар жүгүртүү бир топ жогору экен. Анын үстүнө Кыргызстандагы төңкөрүштөр, митингдер да буга таасир этти. Кечээ күнү эле бир дүкөнгө кирип ээси менен сүйлөшүп калсам, “азыр кандайсыңар, тынчсыңарбы” деп сурады. Көрсө ошол учурда Кыргызстанда жүрүптүр. Бардык жагынан шарт түзүп берсек, ирандыктар Кыргызстанга, кыргызстандыктар Иранга байма-бай каттап калышмак. Бизде коңшу өлкөлөрүбүзгө караганда эркин жүрүп, эркин ишкерлик кыла алышат. Ирандыктар Орто Азия мамлекеттерине караганда Кыргызстанда бардыгы жакшы, дешет.

Дайырбек Мейманов, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу