Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/10 15:39
 

Директор И. Арзиев: “Миграцияда жүргөндөр көбүнчө кургак учук менен ооруп, бизге келип дарыланышат”

Директор  И. Арзиев: “Миграцияда жүргөндөр көбүнчө кургак учук менен ооруп, бизге келип дарыланышат”

Жалал-Абад облустук Р.Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы борборунун директору Арзиев Исамамат Арзиевич кабарчыбыздын бир нече суроолоруна жооп берди.

- Исамамат Арзиевич, кургак учукка чалдыккандардын саны көбөйүп жатабы, же мурдагыдай эле калыбында турабы?
- Биз кургак учук оорусун жашырбайбыз, болгонун болгондой айтабыз. Былтыркы жылы бул оорудан 9 айда 40 адам каза болсо, быйыл ушул эле мезгилде 30 адам каза болду. Бул дарттан өлгөн адамдардын саны да мурдагы жылдарга караганда азайды. Оорулардын саны азайганы менен кургак учук оорусу бирдей калыпта тургандыгын байкоого болот.
Көбүнчө миграцияда жүргөн адамдар кургак учук менен ооруп, бизге келип дарыланып жатышат. Кургак учук менен ооруган адамдардан башка соо адамдарга жугат. Адам өзүнөн-өзү кургак учук менен оорубайт. Кош бойлуу аял кургак учук менен ооруп калса, төрөгөн баласы таптаза төрөлөт. Ал балдар төрөлгөндө төрөт үйүндө кургак учукка каршы эмделет. Анан бала эне менен контакта болбош керек. Таза кармаса, бала жакшы дени сак болуп чоңоёт.
- Учурда ооруканада канча адам дарыланып жатат?
- Азыркы учурда кургак учук менен ооругандардын саны кыскаргандыктан, койканын саны да азайды. Бул жерде жаткан ар бир ооруган адамга күнүнө тамагына 99 сом, дарысына 75 сомдон берилип жатат. Бир күндө ооруканада жаткандарга 4 маал тамак беребиз. 2012-жылы август айында милдеттүү камсыздандыруу фондуна өтүп, ошондон бери да бир топ жеңилдеп калдык. Бүгүнкү күндө дары-дармектен проблема жок.
- Ооруп калган адамдарды дарылоо канча убакытты талап кылат?
- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен жаңы дарылоо ыкмасы түзүлгөн. Ошонун негизинде жаңыдан кургак учукту жуктуруп алган адам болсо, аны 2 ай кармап, дарылайбыз. Андан кийин, ал үйүнө барып, 4 ай биз жазып берген дарыларды үзгүлтүксүз ичишет. Бардыгы болуп, кургак учукту жуктуруп алган адамдар 6 ай тынымсыз дарыланышат. Союз маалында 6 ай боюу ооруканада жатып, толугу менен дарыланып чыгышчу. Азыркы учурда мезгил талабына жараша ооруган адам 2 ай гана ооруканада жатат. Кургак учукту жуктуруп алган адамдардын 85 пайызы толугу менен айыгып кетишет.
- Кургак учукту бээнин сүтү менен дарыласа да болобу?
- Бээнин сүтүнүн ичинде кургак учукту дарылай турган дарылык касиети жок. Бирок, бээнин сүтү адамдын иммунитетин көтөрөт. Адамдын иммунитети көтөрүлсө, кургак учук менен ооруган адам ооруга каршы тура алат. Кургак учук менен деле мурда кыргыздар ооруп келген. Алар бээнин сүтүн ичип, күчтүү тамак жеп, ооруну жеңип келишкен. Адамдын организминде имунитет бошой баштаса, кургак учукка каршы турууга туруксуз болуп, ал адам ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар.
- Ооругандардын ичинен аялдар көп ооруйбу, же эркектерби?
- Облуста кургак учук менен аялдар көбүрөөк оорушат. Бул турмуш шартка байланыштуу болсо керек.
- Ооруканада канча дарыгер, канча медайым эмгектенет?
- Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы борборунда 27 дарыгер, 120 орто билимдүү медайым иштейт. Биздин борбордо 7 бөлүм болсо, анын ичинен 5 бөлүм өпкө боюнча, бирөө Базар-Коргон районунда жайгашкан. Эки балдар бөлүмү, 1 бөйрөк бөлүмү иштейт. Балдар бөлүмүнүн бир бөлүмүндө ооруканада жаткан ата-эненин балдарын карайбыз. Апасы, же атасы ооруканада жатса, алардын балдарын карап, дарылап беребиз. Себеби, ал балдар ата-энеси менен контакт болду да. Ооруп калбасын деп, балдарын да дарылап коёбуз.
- Рентген аппараты бузулуп калды деп жатасыз, аны оңдосо болот бекен?
- Германия мамлекети тарабынан 1999-жылы чыккан 12 млн сомдук рентген аппараты 2002-жылы гумжардам катары берилип, ооруканага коюлган болчу. Быйыл ошол аппарат бузулуп калды. Оңдой турган адистер жана анын тетиктери Кыргызстанда жок экен. Ал аппарат ошентип иштебей калды. Жаңысын коюп бергиле деп, министерствого кайрылдык. Учурда флюрография аппараты иштеп жатат. Ал жерде ооруган адамдардын өпкөсүн тартып туруп, компьютер менен чыгарып жатабыз.
- Оорукананын бөлүмдөрүн оңдоп-түзөтүү багытында кандай иштер аткарылып жатат?
- Оорукана деген таза болуш керек. Кирип келген киши ыраазы болгондой шарт түзүлүүсү кажет. Бардык бөлүмдөрдү капиталдык ремонттон өткөрүп, бүтүрүп койдук.
Биздин оорукана 1949-жылы курулган. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине долбоор жазып, оорукананын арыктарын оңдоп, канализация системасын жаңылоого 1 млн 600 миң сом утуп алдык. Ошондой эле, арыктарга лоток жаткырдык. Ар бир бөлүмдүн мончосун өзүнчө куруп, оорулуулар үчүн жакшы шарттарды түзгөнгө аракет жасадык. Быйылкы жылы урология бөлүмүнүн жылытуу системасын жаңылап чыктык. Быйылкы жылы жалпы 4 долбоорду ишке ашырууга 5 млн.сомго жакын акча каражаты сарпталды.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу