Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/10 16:31
 

Академик Жамин Акималиев: “Сапаттуу үрөн жакшы түшүмдүн башаты”

Академик Жамин Акималиев: “Сапаттуу үрөн  жакшы түшүмдүн  башаты”

Бүгүн өкмөттүн кезектеги жумушчу жыйынында премьер-министр Т.Сариев үрөн чарбачылыгын өнүктүрүүдө Айыл жана мелиорация министрлиги жетиштүү иш алып барбай жаткандыгын айткан болчу. Буга байланыштуу Кыргыз илим изилдөө Дыйканчылык институтунун Башкы директору, академик Жамин Акималиевге бир катар суроо узаттык.

-Жамин Акималиевич, премьер-министр Айыл чарба министрлиги үрөн чарбачылыгы боюнча жетиштүү иш алпарбай жаткандыгын белгилеп өттү. Сиздин пикириңиз кандай?
- Өкмөт башчыбыз талылуу маселени көтөрүп жатат. Эми айта кетпесем болбос, кезегинде үрөн чарбачылыгы Кыргызстандын сыймыгы болчу. 80-жылдарда болгону 37 мамлекеттик үрөн чарбачылыгы бар эле. Ушул чарбалар буудайдын, арпанын үрөнү менен Кыргызстан гана эмес бүтүндөй Орто Азияны камсыз кылып турчу. Азербайжанды жүгөрүнүн үрөнү менен камсыздасак, беденин үрөнү менен Германияны (ГДР) камсыз кылып, ал жактан тоют иштеткен заманбап техникаларды алар элек. Орусия, Украина кант кызылчасынын үрөнүн бизден алчу. Азыркылар ишенбей жатса керек, бул болгон окуя, күндөлүк жасап жүргөн ишибиз болчу.
- Ал учур кайрылбай калды го, бүгүнкү абалыбызга токтоло кетсеңиз?
- Мен ал учурду жөн эле эриккенимден эске алып жаткан жерим жок. Биздин үрөн чарбачылыгыбыздын потенциалын айтып жатам. Бүгүнкү күнгө келсек 200дөн ашык жеке менчик үрөн чарбачылыгы бар. Мынчалык көбөйүп кетишинин себеби, үрөн чарбаларына мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер каралган. Ошого карап баары эле үрөн чарбасы болуп кеткенби дейсиң. Бирок, алар Кыргызстанды сапаттуу үрөн менен камсыз кылып жибердиби? Албетте жок. Аргасы кеткен дыйкан үрөндү базардан алат же былтыркы алган үрөнүн кайра себет. Ошентип, мээнети кайтпай калат. Эске алып коюучу нерсе үрөн мыкты болмоюн дыйкан мыкты түшүм алалбайт. Ошон үчүн премьер-министр көңүл бургула деп жатат да.
- Андай сапаттуу үрөндөр сиздердин дыйканчылык институтунда жокпу?
- Бар эмей. Атургай өткөрө албай жатабыз. Бизде мамлекеттик 7 үрөн чарбасы бар. Жыл сайын 2 миң тонна элита, супер элита сортторун өндүрөбүз. Биздеги үрөндөрдүн жабышкактуулугу (клейковинасы) 30 пайызды, өнүмдүүлүгү 97 пайызды түзөт. Жанагы нан кылганга Кыргызстандын буудайы жарабайт, Казакстандыкы жарайт деген сөз суу кечпейт. Бирок, биздин үрөндүн баасы кымбат. Ошон үчүн көпчүлүк дыйкандар ала беришпейт. Арзанына качырышат. Бул жерде үрөн боюнча мамлекеттик саясат, колдоо болмоюн иш алдыга жылбайт.
- Кандай колдоо керек?
- Үрөн чарбачылыгын алдыга жылдыруу үчүн каражат керек. Төрт жылга жакындап баратат, биздин Дыйканчылык институт “Кыргызстанда үрөн чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча” атайын программа жазып, Айыл жана мелиорация министрлигине сунуш кылган. Ага толук 2 ай убактыбыз кеткен. Бирок, жыйынтык чыккан жок. Түрткүнчөк болуп отуруп, акыры каржы маселеси чечилбей кала берген. Учурунда ошол программаны ишке ашырсак 70 млн сомдой каражат кетмек. Мамлекетибиздин үрөн чарбачылыгы бутуна туруп калмак. (Чындап келсе Кыргызстанды үрөн менен толук камсыз кылуу үчүн 30-40 эле мамлекеттик үрөн чарбасы жетишмек). Азыр ал программаны ашыруу үчүн 150-200 млн сомдой каражат керек. Эгерде каражат таап жүзөгө ашырса азыр да кеч эмес. Экинчи жагынан биздин райондоштурулган, эбак сыноодон өткөн үрөндөрдү кеңири жайылтуу үчүн мамлекет үрөндүн жарым акчасын өз мойнуна алып, калганын дыйкан өзү төлөсө сапаттуу үрөн менен камсыз болмок. Бул дагы ойлоно турган маселе.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу