Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/10 17:48
 

Ж.Жекшеев: “Бул шайлоо бизге чоң сабак болду”

Мурдагы шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмачылыгы асман менен жердей болду. Себеби, алгачкы жолу бийлик өзүнүн адилеттүлүгүн, калыстыгын далилдей алды. Бул биринчиден. Ал эми экинчиден биздин элибиз саясый маданияттулугунун өсүп бара жатканын көрсөтө алды. Бул тууралуу коомдук ишмер, саясатчы Жыпар Жекшеев “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда кененирээк токтолду.
- Себеби, кандай гана убадаларды бербесин, айрым партиялардын лидерлери элдин батасын алып, бүт аймакты кыдырып чыгышты. Бардыгына бирдей укук берилди. Шайлоо жалпысынан тынч өттү. Өлкөбүздөгү шайлоо башка цивилдүү мамлекеттерге мүнөздүү боло турган жагдайда өттү. Бул дагы болсо биздин саясий аң сезимибиздин, маданиятыбыздын өсүп келе жатканынан кабар берип турат.

-Таза шайлоонун өтүшүнө биометриканын канчалык пайдасы тийди?

- Биз бул жолку шайлоонун жүрүшүндө эң акыркы технологияларды пайдаландык. Тагыраагы биометрика аркылуу өз добушубузду аныктай алдык. Бизди башка мамлекеттер дагы кызыкдар болуп шайлоонун жүрүшүн байкап турушту. Анда эч кандай булганыч технологияларды колдонууга мүмкүн эмес экендигине өзүбүз күбө болдук, өзүбүз сездик. Аны бир гана кыргыз эли эмес 600дөн ашык чет өлкөдөн келген уюмдардын эл өкүлдөрү дагы өздөрүнүн берип жаткан маалыматтарында, берген бааларында айтып жатышты. Бул жолку парламенттик шайлоо биометриканын жардамы менен таза, ачык-айкын өттү.

- Утулуп калган партиялардын аракети кандай болмокчу?

- Ал эми, утулуп калган партиянын лидерлери кек сактап, ультимативдерин коюп, бийликке каршы азуусун көтөргөн жери жок. Кандай болгон күндө дагы жаман ишке барып, элге каршы кол көтөрбөшүн билдиришти. Бул саясый партиялардын, жалпы эле кыргыз элинин оңолуп бара жаткандыгынын белгиси болуп эсептелинет.

- Сиздин баамыңызда парламентте кайсы партиялар коалиция түзүшү мүмкүн?

- Ата-Мекен өзү мурдагы коалициянын курамында жүргөн партия болуп туруп, шайлоо башталаар алдында оппозицияга өтүп кетти. Чындыгында өздөрүн оппозиция экендигин айтышты. Албетте, бул партиянын өз эрки. Бирок, азыр партиялар тез эле өз пикирин өзгөртүп жибериши мүмкүн эмес болуш керек. Менимче Ата-Мекен оппозицияда калат деп ойлоп жатам. Ал эми, “Бир бол”, “Өнүгүү прогресс”, “Кыргызстан” “Республика-Ата журт” партияларынын ачык, даана оппозициялык маанайын байкаган жокмун. Булар өз каалосу боюнча коалицияга кирүүгө аракет жасайт.

- Бул жолку шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөндү? Кандай бурулуштар болду?

- Биз тарыхый чоң бурулуш жасадык. Эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында басып өткөн жолубуздун бардыгын анализдеп, баамдап көрө турган болсок, кескин кадамдар жасала элек болчу. Буга чейинки өткөн шайлоолордун таза өткөндүгүн байкаган эмеспиз. Шайлоо болгон сайын чыр чатак, ызы-чуу чыкпай койчу эмес. Бул жолку шайлоодо партиянын лидерлери берген интервьюларда дагы, шайлоо бүткөндөн кийинки утулуп калган партиянын лидерлеринин дагы шайлоонун таза өткөндүгүн баамдап билдирип жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Анда нааразы болгондор шайлоону кайра өткөрөбүз деп айтууга негиз жок. Митинг, пикетти уюштуруунун кереги жок экендигин айтып турат. Бул бийликтин чоң утушу деп эсептейбиз. Бийлик өзүн көрсөтө алды. Ал эми кыргыз эли ушул бийиктикти жоготпой, ар кандай саясий топтун, саясатчылардын тебелендисине айланбай ар бир жаран өз акыл эси менен тандаганды үйрөнүшү керек. Ар ким өз келечегин, абийирин сатпай 5 жылда бир келген шайлоодо ушул шайлоодо өткөндөй тандоону үйрөнсө, биздин келечегибиз айкын ачык болот. Бактылуу балдарыбыз жашай турган заман келет. Бул шайлоо бизге чоң сабак болду.

Маектешкен Минара Ибраева “Кабар”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу