Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/08 16:39
 

Ч. Жуматаев: “Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу фермерлердин ишин бир топ жакшыртат”

12-августта Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулушу тууралуу Келишим күчүнө кирди. Ошентип Кыргызстан Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын катарында Биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуп калды. Ал эми бул документти кабыл алууга чейин республикабыздын бир нече министрликтери менен ведомстволору кыска мөөнөттө тендер, бажы көзөмөлү, бажы көзөмөл бекеттерин тиешелүү жабдыктар менен камсыздоо, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды талапка ылайык келтирүү үчүн түйшүктүү жумуштарды аткарышты. Бул багытта Жол картасын түзүүдө республикабыздын айыл жана суу чарба министрлиги да көптөгөн милдеттерди аткарды. Айрыкча фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл жүргүзүү милдеттери ушул министрликке жүктөлгөн. Биз аталган жумуштар кандай даярдалып, ишке ашырылгандыгы тууралуу аталган министрликтин Ветеринардык дары каражаттарын сертификациялоо борборунун директору Жуматаев Чолпонбек Булановичке кайрылдык.

- Чолпонбек Буланович, республикабыздагы эпизоотиялык абалды жакшыртуу үчүн бир катар ветеринардык иш чараларды өткөрүү зарыл экендиги белгилүү. Ага вакциналар, ветеринардык жана дары каражаттары талап кылынат. Бул иш чараларды жүргүзүүдө өлкөбүздүн ЕАЭБге кирүүсү кандай таасир тийгизет?


- Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүккө өтүшү эпизоотиялык абалды жакшыртууга бир топ жакшы шарт түзмөкчү. Анткени Биримдиктин алкагында ветеринардык дары каражаттарын текшерүүчү лабораторияларды модернизациялоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо каралган.
Ошондой эле фермерлердин да иши бир топ илгерилейт. Анткени баардык ветеринардык каражаттар менен жабдыктар Бажы биримдигинин чек араларында дыкат текшерилгенден кийин гана өткөрүлөт. Андыктан аймагыбызга ар кандай контрафактылык ветеринардык каражаттар менен дарылардын ташылышына бөгөт коюлат. Мындай каттуу көзөмөл республикабыздагы эпизоотиялык кырдаалдын жакшырышына шарт түзөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, биз мындан ары ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү катары уюмдун катаал эрежелерине баш ийип, аткарууга милдеттүүбүз. Ансыз төрт түлүк малыбызды ар кандай ылаңдардан коргой албайбыз жана эт, сүт жана башка продукцияларыбызды сата албайбыз.


- Фермерлер менен ишкерлерди бажы пошлинасы кандай болору тууралуу суроо кызыктырары белгилүү. Аларга бул жагдайда кандай жеңилдиктер каралган? Себеби бажы төлөмү товар менен жабдыктын баасына жараша аныкталат эмеспи.


- Бажы союзунун 2012-жылы 16-июлда Евразия Кеңешинин экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилип, кабыл алынган бирдиктүү Бирдиктүү бажы баа саясатына ылайык эпизоотиялык абалды жакшыртуу үчүн ветеринардык дары каражаттарынын баасын турукташтыруу үчүн өткөөл мезгилде Кыргызстанда 2020-жылга чейин сырттан ташылып келген ветеринардык вакциналардан, витаминдик минералдык каражаттардан, лизинден жана метионин сыяктуу төрт товарлардын түрлөрүнөн эч кандай бажы төлөмү алынбайт.


- Кыргызстанда кандай дарылар жана каражаттар колдонулары сиздердин Борбордун ишине байланыштуу. Борбордун лабораторияларынын абалы кандай жана Жол картасынын алкагында кандай техникалык өзгөрүүлөр күтүлөт?

-Ооба, биздин лабораторияга модернизация керек жана ал Жол картасынын иш чараларынын планында каралган. Бул багытта бизге ветеринардык дары каражаттарынын сапатын текшерүүчү лабораторияны жаңылоого 283500 АКШ доллары бөлүнгөн. Учурда россиялык “Крокус” компаниясынан лабораториялык жабдыктарды алып келүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул иш үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүүгө тийиш. Мындан тышкары Жол картасынын планына ылайык, Кыргызстанга ветеринардык дары каражаттары менен жемдерге аралашма заттарды көзөмөлдөөчү маалыматтар базасын жабдууга 70 миң доллар бөлүнгөн.


- Мыйзам базаларын жана нормативдик укуктук актыларды биздин мыйзамдарга ылайык келтирүүдө сиздердин Борбор үчүн кандай өзгөрүүлөр болду?


- Ушул жылдын 16-23-февраль күндөрү республикабыздын аймагында Россельхознадзор жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин тиешелүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда ветеринардык дары каражаттарына, жемдерге жана жемге кошулмаларга тиешелүү нормативдик-укуктук документтерди ЕАЭБдин талабына ылайык иштеп чыгуу сунушталган. Буга байланыштуу айыл жана суу чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн адистер бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышкан.

- Биздин фермерлерге кандай каалоо-тилегиңиз бар. Себеби аларга өз продукциясын сатууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп жатпайбы.


- Биринчиден, сертификациясы бар дары жана ветеринардык каражаттарды гана өз эрежеси менен колдонууну сунуш кылам.
Экинчиден, төрт түлүк малдын саламаттыгы үчүн өтө зарыл болгон ар кандай жугуштуу илдеттерге каршы баардык жазгы-күзгү дарылоо иш чараларын өз учурунда жүргүзүп, чарбасында жаныбарларга дегельминтизация жасатуу керек. Жайлоого чыккан учурда мал жайыла турган жерге дезинфекция жасалууга тийиш.


Ветеринардык каражаттардын сапатынан шек санаган фермерлер аны тиешелүү адистерге текшертип алуусу керек.


Маектешкен Эмилбек Момунов.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу