Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/06 16:43
 

Доктор Б.Орозбаев: “Польшада илимге мамлекет тарабынан аябай жакшы көңүл бурулат”

Доктор Б.Орозбаев: “Польшада  илимге мамлекет тарабынан аябай жакшы көңүл бурулат”

Бакыт Орозбаев 2000-жылы Польшанын Познань шаарындагы Адам Мицкевич университетине 1 жылдык тажрыйба алмашуу программасы менен барган. Азыркы кезде аталган окуу жайда физика илимдеринин доктору катары илимий кызматкер болуп эмгектенет. Ал 15 жылдан бери Польшада жашап, иштейт. Варшава шаарына барган кабарчыбыз Асанбек Каракозуев аны менен жолугуп, ал жактан биздин жарандар кандай барып окуса болоорун сурады. Польшалык кыргыз Бакыт Орозбаевдин чет элде окуу үчүн кандай шарттар менен кандай жолдордон өтүү керектиги тууралуу кеңештерин сунуштайбыз.

-Бакыт мырза, илимий ишкер катары бул жакта иштеп жатыпсыз, илимге Польшада кандай көңүл бурушат?

-Эми салыштырып айтканда, бул жерде илимге мамлекет тарабынан аябай жакшы көңүл бурулат. Булардын Билим берүү министрлигинин алдындагы чоң долбоорлор бар. Ага ар бир университеттин ар бир тармагындагы илимий ишкерлер өздөрүнүн илимий долбоорлорун жазып, конкурстун негизинде атайын гранттарды алып иштешет. Мен өзүм тууралуу айтсам, мен, так илимдер – физика тармагында: “Ядердик магниттик резонанс” багытында илимий кызматкер болуп иштейм. Эми эң негизгиси бул жерде техникасы күчтүү да. Чоң спектрометрлер бар, бирөөсү эле 2 млн долларлык аппаратуралар. Бул жагынан алганда бүт техникалык шарттары түзүлгөн.

-Студенттерине кандай көңүл бурушат?

-Алар боюнча айта турган болсок, башынан эле окуучулар мектепти бүтүп атканда, ким кайсыл тармакка барат чечилет. Биздегидей болуп, Жогорку билим алабыз деп эле өздөрүнө ылайык келген университеттердин факультет, адистиктерине тапшыра беребиз го. А буларда башынан багытталган. Биздики менен салыштырып көргөндө, башка тармактарды айта албайм, өзүм Улуттук университетти физика боюнча магистратураны бүткөмүн. Мен инженер, лаборант катары иштеп калгам. Анан ал жакта эң негизги жетишпеген нерсебиз, физика факультетинде техниканын, аппаратуранын жоктугу болчу. Ал эми теориялык жактан билим күчтүү, союздун убагынан калган уютку бар да.

-Анан айтсаңыз, Кыргызстандан бул жакка келип окуп жаткандар барбы? Эгер болсо, кайсыл этаптардан өтүп, кандай багыттарда окушат?

-Менин маалыматым боюнча бул жакта Кыргызстандан келип окуп жаткандардын саны 40тай чамалуу. Алар ар кайсыл тармактарда билим алып жатышат. Келген студенттердин негизги бөлүгү түрдүү долбоорлор менен келишет. Мисалы: Европа биримдигинин Эразмус Мундус деген чоң долбоору бар, көпчүлүгү ошону менен келишет. Мен иштеп жаткан Адам Мицкевич атындагы университетинде ошол Эразмус Мундус долбоорунун TOSCA деген атайын Орто Азияга багытталган долбоору боюнча биздин Кыргызстандан 2 өнөктөш окуу жай бар. Алар Улуттук университет менен Нарын университети. Ошолордон да көп келишет. Анан дагы бир бөлүгү бар, алар: өздөрү келип, өздөрү төлөп окугандар. Мындан сырткары, Польшанын “Жаш илимпоздор” деген долбоору бар, ал аркылуу да бир жылдык окууга келишет. Анан Польша менен Американын “Фулбрайт Кирг ленд” деген долбоорунан да Кыргызстандан жылына 2 киши келип турат.

-Эми ушул долбоорлор аркылуу Польшага окууга келүү үчүн кандай жолдордон өтүш керек. Мисалы, азыр окуу жылы аяктап, абитуриенттер кайсыл жакка баралы, кайсыл окуу жайга тапшыралы деп турушат да, алар кимге кайрылса болот?

- Биринчи кезекте англис тилин билиш керек. Жогоруда айтып кеткен Эразмус долбоору боюнча Кыргызстандагы 2 өнөктөш университеттер жардамга келе алат. Негизи ал долбоор 3 группага бөлүнгөн, кайсыл группадан кандай талапкерлер алынаарын карашат. Ал деген 1-группадагысы: өнөктөш болгон университеттердин студенттери, 2-группада Кыргызстандын бардык Жогорку окуу жайынын студенттери да аракет кылса болот.
Ал эми талаптары болсо, аталган долбоордо 3 бөлүк бар. Ага мисалы буларда Бакалавриат деп коет, биздеги 1-курстан 4-курска чейинки студенттер, анан кийин магистратурадагылардын 1-курсундагылар, анан аспирантурадагылар кирет. Эми булар англис тилин билиш керек деп талап коюшат. Ошондой эле өздөрүнүн окуу жайындагы координартордон мүнөздөмө болуш керек. Ал маалыматтардын баары консорциумга кирген университеттердин жергиликтүү координаторлорунда бар. Ошолордон сурап, маалымат алып, келишсе болот.
Мындан сырткары, долбоордон сырткары келем дегендер болсо, алар өздөрү төлөп келишке туура келет. Анда контракт төлөйт. Мен иштеп жаткан университетте бир жылына факультетине жараша 1 миң 800 евродон, 3 миң еврого чейин төлөнөт. Булардын университеттеринин сайттарына талаптары, толук маалыматтары киргизилген. Ошол жерден көрүп каалаган киши келип окууга мүмкүнчүлүгү бар. Анан эң негизги талап – бул, тилди билиш керек.

Польшанын “Жаш илимпоздор” деген долбоорунун негизинде келүүгө мүмкүнчүлүк алса болот. Ошондой эле Фулбрайттын “Кирг ленд” долбоору тууралуу маалыматтарды алышса болот. Же болбосо, Алматыдагы Польшанын генералдык консулдугунан да алса болот. Азыр “Эрасмус” долбоору жабылып, “Эрасмус +” деп, баарын бир долбоорго чогултуп жатышат. Албетте, Орто Азияга анын ичинде Кыргызстанга да багытталган долбоорлору болот сөзсүз түрдө. Бул маалыматтарды Эрасмустун интернеттеги баракчасынан карап тапса болот.

-Сиз бул жакта 15 жылдан бери окуп, иштеп атыпсыз, эми Кыргызстанга барып, кайсыл бир тармакты тартып, өлкөгө пайда келтирейин деп жатасызбы?

- Кыргызстанга барып, физфакта иштей турган болсом, ал жакта андай техника жетишпегендиктен, артка болгон кадамдай болуп калат. Ал эми мамлекетке салым кошуу боюнча пландар бар. Ал пландар Кыргызстанга барганда кандай ишке ашат, ал белгисиз. Мен кааларым, биздин мамлекетте сырттан окуп, иштеп барган жаштарга мүмкүнчүлүк бериш керек. Сырттан эле окуп келгендер эмес, өзүбүздүн ичибизде деле абдан билимдүү адистер көп. Эң негизгиси мамлекет жаштарга арналган программа түзүп, аларды жумушка тартыш керек.
Бул жерден Польшанын парламентинде “Польша-Кыргызстан парламенттик тобун” түзүп, ошол топ аркылуу ар кандай иштерди уюштуруп, аткарууга аракет кылып жатабыз. Мына, Кыргызстан Орто Азияда биринчилерден болуп, парламенттик башкарууга өттүк. Ошол парламентаризмди өнүктүрүү биздеги жергиликтүү бийликтерди реформалоо тармагына Польшанын тажрыйбасынын негизинде биздин шартка, менталитетке ылайыктуу тармактарын алганга аракет кылып, көптөгөн жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Азырынча сырттан болгон салымым ушул деп эсептейм.

-Акыркы суроо болсун, жаштарга эмне кеңеш бересиз? Алар эмне кылышсын?

-Жаштарга кеңеш, эң негизгиси – дүйнөгө ачык болуш керек. Ар ким өзү окуган окуусун жакшылап окуш керек. Анан алар издениш керек. Бирок антейин десең бизде шарт кыйын, стипендия аз, андан улам айрымдары өзүн-өзү багыш үчүн иштеш да керек болуп калып жатат. Анан жаштар сыртты – чет мамлекеттерди көрүш керек. Үмүттү үзбөй, “биз, мына, алдыга баратабыз!”,-деп аракет кылуу жакшы нерсе. Билимди өнүктүрүп, алдыга басыш керек!

-Рахмат маегиңизге!

“Кабар” МА, Асанбек Каракозуев, Варшава

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу