Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/03 18:57
 

Ж. Калилов: «Кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн балдар өмүр боюу бул илдет менен оорушпайт”

Ж. Калилов: «Кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн балдар өмүр боюу бул илдет менен оорушпайт”

Учурда кызамык оорусу күч алып, бул илдетке жаш балдар көбүрөөк кабылууда. Ага карата саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 16-марттан тартып эмдөө жүргүзүлүп жатат. Биз бул өнөктүк кандай өтүп жаткандыгын билүү максатында республикалык эмдөө борборунун директору Жолдош Сапарович Калиловго кайрылдык.
- Кызамык оорусунун белгилери жана жугуу жолдору кандай?
- Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1-2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.
Кызамык- болуп ооруган адамдын денесине бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыккан темгил пайда болот. Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Эгер адамдын иммунитети начар болсо, ооруу бат жугат. Таралуу процессине келсек, аба аркылуу өтө бат жугат.
Кызамыктын Кыргызстанда 2014-жылдын 12-майында биринчи толкуну башталган. Ошол учурда Казакстандан 22 жаштагы аял эки баласы менен бул илдетти жугузуп алып, андан соң үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ата-энесинин үйүнө - Токмоко келип, алардын байланышы бар адамдардын ортосунда кызамык жайылып кеткен. Ошондон көп өтпөй алар менен байланышта болгон адамдарга эмдөө жүргүзүп, май, июнь айларында басаңдаган. 2014- жылдын май айынан декабрь айына чейин 689 адам ооруга шектелип катталса, 318 адам лабороториялык изилдөөлөр менен оорусу такталган. Биз ооруп жаткан адамдардын канын лабороторияга, Москвадагы Илим Изилдөө Институтуна жибергенибизде “генатив” деген жыйынтык чыгарып беришти. Бул вирустун бир түрү болуп эсептелет. Ал Казакстан жана Россия кеңири тараган вирустар. Андыктан бул илдет бизге ички жана сырткы миграциянын күч алышынын натыйжасында тарап кетти.
- Ал эми эмдөө кандай жүрүп жатат. Айрым адамдар баш тартышууда. Аларга кандай чара көрүлөт?
-Биз ММКлар аркылуу жана мектептер менен ЖОЖдорго барып, кызамыкка каршы эмдөө тууралуу атайын лекцияларды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аларды милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө мажбурлай албасак да, түшүндүрүу иштерин жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Демек, туура маалымат берүү маселеси негизги орунда турат. Бирок диний көз караштагы адамдардын арасында эмдөөдөн баш тартуу учурлары кездешүүдө. Жылына 3600-4000ге жакын биздин жарандар ажыга барышат. Мээнин сезгенишине, сасык тумоо жана кептөөргө каршы эмделбесе аларды Сауд Аравия мамлекетине киргизбейт. Алар аталган өлкөгө бараарда баары эмдөөдөн өтүшөт. Эмдөө каражаты жогорку технологиянын негизинде даярдалып, химиялык жол менен микробдорду алсыздандырат. Ал практикада далилденген.
Эгер Кыргызстанда 148 миң ымыркай төрөлүп, каттого алынса, алардын 96%ы эмделгендер. Калган 4%дан 2%га чейинкилеринин ата-энелери балдарын эмдетүүдөн баш тартышкан. 2% - 500 миңге жакын ымыркайлар болуп саналат. Убагында ушундай көз караш менен эмделбей калгандар азыр ооруп калышып, кеч болсо да эмдөөдөн өтүп жатышат.
- Канча адам кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө маалымыт базасы түзүлдүбү?
-Маалымат базасы түзүлгөн. 1-январдан 25-мартка чейин республикада 13833 адам ооруга шектүү деп катталган. 13833 адамдын 84%ы Чүй облусунан. Аны менен катар Бишкек шаары менен Чүй облусунда 291 986 адам бүгүнкү күнгө чейин эмдөөдөн өтүштү. Мектептерде окуу башталгандан тартып, окуучуларга да эмдөө башталат. Алардын ичинен кызамыкка кабылгандардын 60%ы 20 жаштан жогоркулар болуп саналат. Демек, оору чоң адамдардын арасында да күч алуусунун себеби - убагында эмделбей калгандар. Республика боюнча 1 жаштан 20 жашка чейин эмдөө жүргүзүлүп, майдын аягына чейин бүтүп калат.
- Кош бойлуу аялдарга кызамык коркунучтуу эмеспи? Аларга кандай жардам берсе болот?
- Кызамык жеңил өткөн менен, кош бойлуу аялдарда катталса, наристе тубаса жүрөк кемтиги, дүлөй, көздүн көрүүсүнүн начарлоосу сыяктуу ооруулар менен жабыркашы мүмкүн. Андыктан кош бойлуу аялдарга милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлүп жатат. 2002-жылы кызамыкка каршы төрөт мезгилиндеги 191 мин аялды эмдөөдөн өткөргөнбүз.
- Кызамык мене кызылча оорусунун кандай айырмасы бар?
- Экөө тең жугуштуу оору болуп эсептелет. Бул илдеттердин алдын алуу үчүн эмдөө каражатында эки ооруга тең каршы каражаттар бар. Мисалы, жарымы кызылча оорусуна каршы болсо, жарымы кызамык оорусуна карата. Эгер бала 1 жана 6 жашында эки жолу эмдөөдөн өтсө, өмүр бою ал оорубайт.
Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу