Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
23/03 10:12
 

Академик А.Бакиров: «Өлкөбүз пайдалуу кендерге бай, бирок пайдалана албай жатабыз»

Академик А.Бакиров: «Өлкөбүз пайдалуу кендерге бай, бирок пайдалана албай жатабыз»

 Кабарчыбыз геология илимдеринин доктору, академик Апас Бакиров менен өлкөбүздөгү геология тармагынын ал-абалы, пайдалуу кен байлыктар тууралуу маектешкен.
- Учурда геология тармагындагы жагдай кандай?
- Эгемендик алганыбыздан бери эле геология тармагына жакшы көңүл бурулбай келе жатат. Каражаттын тартыштыгынан геологиялык экспедициялар уюштурулбай калды. 20 жылдан бери жаңы ачылган кен жок десем жаңылбайм. Геология иши жалаң эле кен издөө эмес. Ар бир аймактагы тоо тектеринин пайда болуу шарты, жашы, жайланышы изилденет. Тоо тектери миңдеген аралыкка чейин жылышып кетиши мүмкүн. Ушундан улам үстүңкү катмары алдында калып калышы күтүлөт. Мындан улам зор өзгөрүүлөр жаралат. Ошонун баарын изилдеп чыгыш керек. Ар бир он жылда геологиялык карта түзүлүп турушу талап кылынат, себеби илим өсүп, өнүгүп олтурат. Тоо тектеринде өзгөрүүлөр болот. Азыр деле гоелогиялык карталар түзүлүп жатат, бирок СССР мезгилиндегидей эмес. Анткени, мурда ар бир жердин аянтына геологиялык изилдөө жүргүзүлчү. Мисалы, биздин Геологиялык институтта мурда 25ке жакын экспедициялык отряддар болор эле. Өлкөбүздүн бардык аймактарына экспедициялар уюштурулуп, кен табылган жерлер белгиленип чалгындоого берилчү. Эми булардын бири да аткарылбай калды. Азыр СССР мезгилинде эле табылган кендерди жеке менчик компанияларга иштетүүгө берип жүрүшөт. Япониядан, Россиядан, Кытайдан жана башка чет өлкөлөрдөн келип, кен издегендер бар. Биздин окмуштуулар чет элдик окумуштууларга кошулуп, кен изилдей калып жүрөт. Бирок, мурдагыдай чоң масштабда иш жүрбөй жатат.
- Геология институту кайсы жылдары ачылган?
- Илимдер Академиясынын алдындагы Геология институту 1943-жылы январда ачылган. Кендерди изилдөөдө бул институттун ролу зор болгон. Ушундан улам республикабызда 5 металлургия комбинаты ишке кирген. Сымап, сурма, алтын комбинаттары шайма-шай иштеп турган. Сүлүктү, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Жыргалаң көмүр кендери, уран кендери геологиялык изилдөөлөрдөн улам ачылган. Вольфрамдын, коргошундун кендери бар эле. Алардын баары азыр жабылып калды. Көмүр кендерибиздин көптүгүнөн Кыргызстанды «Орто Азиянын кочегары» деп коюшчу. Кол куушуруп олтуруп калган жокпуз, иштеп жатабыз. Кыргызстанда пайдалуу кендер көп. Азыр алтынга эле көңүл буруп жатабыз. Чет элдиктерге алтынды казып алып кетиш оңой. Темирдин кендери деле бар. Аларды казып алып кетиш кыйын. Миллиондогон тонна менен алып кетиш үчүн темир жол болушу керек. Ысык-Көлдүн сыртындагы Сары-Жазда калайдын кени бар. Калайды пайдалана турган өндүрүшүбүз болбогондуктан, ал иштетилбей турат.
- «Нефть, газыбыз жок» деп эле кейип калабыз?
-Чынында эле бизде нефть, газ аз. Бирок жер алдында көптөгөн минералдык суулар бар. Графит кени бар. Сапаты эң мыкты. Карандаш жасоого, уран электр станцияларына, автомобиль өндүрүшүндө колдонулат. Бирок аны пайдалана турган өндүрүшүбүз болбогондуктан иштетилбей турат. Волластонит деген кенибиз бар. Аны цементке кошсо бекем болот. Шиферди жука, жеңил, бекем кылып жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок муну да пайдаланбай жатабыз. Фарфор таш бар. Андан чыныларды жасоого болот. Фарфор менен волластонитти кошуп сапаттуу идиштерди жасоого болот. Бул да иштетилбей турат. Бизде жездин, кобальттын, урандын кендери бар. Тянь-Шань тоолору Камчатка сыяктуу термалдуу энергияга ээ. Ушундан улам СССР мезгилинде Кыргызстанда эки жерге – Бишкекте, Чолпон-Атада жылуулук электр станциясын куруу планы болгон. Ал курулуп калганда 3 жылда кеткен чыгым акталмак. Жер алдынан ысык суу чыгып, үйлөрдү жылытууга жана башка нерселерге колдонулмак. Ысык сууну парга айлантып, электр энергиясын иштеп чыгууга да болмок. Бул да ишке ашпай турат.
- Кыргызстандын аймагы байыркы замандарда кандай болуптур?
-Байыркы замандарда биздин аймакты океан басып турган. Материктер куушурулуп, сыгылып, жыйырылып келип, азыркы тоо тектерин пайда кылган. Ушундан улам бизде ар түрдүү пайдалуу кендер көп.
- Сиз бизде даяр жер семирткич бар дедиңиз эле?
- Ырас, бизде жер семирткич меселеси курч бойдон турат. Учурда 320 миң тонна жер семирткич керек экен, 30 миң тоннасы араң келиптир. Бир жагынан кымбат. Кымбатына карабай аны чет өлкөдөн ташып келип жүрүшөт. Ал эми өзүбүздүн колубузда турган жер семирткичке маани бербей жүрөбүз. Ал- глауконит деген минерал. Палеоген мезгилинде Фергана өрөөнүндө деңиз болгон. Глауконит деңиздин түбүндө чөгүп пайда болгон. Анын айыл чарбасына абдан керек экенин биз изилдеп чыктык. Картөшкө, кызылча жана башкаларды эккенде аны пайдаланса, мыкты түшүм алууга болот. Картөшкөнүн ар бир тоннасына 200 миң сом пайда келтирээрин тактадык. Кызылчанын канттуулугу 50 пайызга көтөрүлөт. Малдын жемине, чөбүнө кошуп берсе, бат эттенип, ылдам семирет. Ылаңдан алыс болот. Уйдун сүттүүлүгү 10 пайызга көбөйөт. Майлуулугу артат. Койлор да ылаңдабай, бат семирет.
- Глауконитти кантип алса болот?
- Глауконит Ала-Бука районунун аймагында жердин үстүндө эле жатат. Аны талкалап, майдалап эле пайдалана берсе болот.
- Башка жактарда да барбы?
- Азырынча ошол жерден гана таптык. Башка аймактардан да табылышы мүмкүн. Изилдеш үчүн каражат керек. Өкмөткө билдирдик. Каражат бөлүнүп калса, изилдөө жүргүзөбүз.

Дайырбек Мейманов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу