Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/03 10:31
 

Б.Рыскулова:“Мамлекеттик кризистик борборлор ачылып, элге психологиялык жардам бериш керек”

Б.Рыскулова:“Мамлекеттик кризистик борборлор ачылып, элге психологиялык жардам бериш керек”

 Акыркы кезде коом, үй-бүлө, балдардын зордук-зомбулукка кабылышы мамлекеттик деңгээлдеги курч көйгөйгө айланууда. Өнүккөн өлкөлөрдө баланын денесине ата-эне тарабынан кичине эле зыян келтирилсе, алар укугунан ажыратылып, жазаланат. Кыргызстанда деле баланы коргогон мыйзамдар жетиштүү. Бирок ал документтер кагаз жүзүндө гана калып келет. Биз ушул жана башка балдар жана үй-бүлөгө байланышкан көйгөйлөр тууралуу «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскуловага кайрылдык.
-Бүбүсара эже, акыркы мезгилде балдардын укугу бузулган көйгөйлөрдүн көп катталып жатышынын себеби эмнеде? Социалдык абалбы же дагы башка жагдайлар барбы?
- Айрыкча 15-февралда борборубуздун Арча-Бешик конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын денелери табылышы бардыгыбыздын төбө чачыбызды тик тургузбадыбы. Бул кылмышка шектүү катары №44 мектептин англис тили мугалими, ошол наристелердин апасы Амира Ибраимова кармалып, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Албетте, бул окуя сөз менен айтып бере алгыс оор трагедия. Ошол өз балдарынын жанын кыйган аял эки жолу ооруканага жаткан экен. Андыктан дарыгерлер жана жакындары тарабынан жакшы каралышы керек болчу. Аны караган дарыгерлер да, туугандары да кайдыгер мамиле жасап коюшкан. Адам заматта эле акылынан ажырап, кылмышкерге айланып кетпейт. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө көзүнө ар кандай нерселер көрүнгөнү жөнүндө айтып жатпайбы. Демек, материалдык кыйынчылыктан улам психологиялык жабыркоого туш болгон мугалим айла жок элдик табыптарга жана ар кандай көзү ачыктарга кайрылууга мажбур болгон. Мындай психикалык жактан жабыркагандар арабызда аз эмес. Алар оорусу кармаган учурда дарыланып, кадимкидей иштеп жүрүшөт.
Турмуштагы ар кандай кыйынчылыктарды көтөрө албаган адамдар өз эмоциясын кармай албай, аны күчү жеткендерден, көпчүлүк учурда өз балдарын урушуп, уруп-сабоо менен чыгарышат. Ар бир адам жеке турмушунда өз башынан өткөргөн окуялардан тышкары коомдо болуп жаткан ар бир көрүнүштү акыл-эси, жүрөгү аркылуу өткөрөт. Бирок аны баары эле көтөрө албайт. Мындай абал психологияда “эмоционалдык интеллект” деп аталат. Кээде бизге телефон чалышып, “жардам бергиле, мен өлтүрөм же мени өлтүрөт”,-дегендер да аз эмес. Мына ушул адамдын өз эмоциясын кармай албагандыгынын жыйынтыгында өкүнүчтүү окуялар менен коштолуп жатат.
- Ушул кайгылуу окуядан соң мектеп мугалимдери, бардык мамлекеттик кызматкерлер психологиялык текшерүүдөн өтүшү керек деген сунуш киргизилип жатат. Бул ыкма канчалык деңгээлде натыйжалуу?
- Мугалим же башка балдар жана көпчүлүк менен иштешкен кызматкерлер психологиялык жактан текшерүүдөн өткөнү туура эле. Анткен менен мындай ыкма маселени толук чечип коёт деп ишенбешибиз керек. Жогоруда айтылгандай, көйгөйдүн бардыгы адамдын социалдык абалына барып такалгандыктан, эң оболу материалдык муктаждык чечилиш керек. Ошол эле А. Ибраимова мектепте өзүн жакшынакай эле алып жүргөн турбайбы. Психикалык мекемелерге каттоого алынган адамдарга диагноз коюлгандан кийин менин жеке көз карашымда, ал илдети качан кайталанат, кандай болот же оорунун белгилери байкалса дароо текшерилиш керек. Балким, А. Ибраимованы деле өз учурунда текшерип турушканда ал өзүнүн эки баласынын өмүрүн кыйган кайгылуу окуя болбойт беле.
-Акыркы кезде коомубузда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн көп болуунун кесепетинен ортодогу балдарга эле кыйын болууда...
- Эң оболу бизде ата-бабаларыбыздан бери келаткан жакшы салттар бузулуп, үй-бүлө курууга жеңил ойлуулук менен карагандар көбөйүп жатышы өкүнүчтүү. Себеби жаштар арасында же чоңдордо деле никеге турбай, “жөн эле” күнүмдүк кызыкчылыгын көздөп жашап жаткандар көбөйүүдө. Андайлар өздөрүн “жарандык никедебиз” деп коюшат. Бул үй-бүлө институтунун бузулуп бараткандыгынын белгиси. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун себеби катары бир эле нерсени көрсөтүүгө болбойт. Биринчиси, үй-бүлөдө аялдын, эркектин ролу жана балдардын улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы милдеттердин чаташып кеткендигинен болуп жатат. Эркек “сен аялсың, ушундай болушуң керек”,-деп баскан-турганына чектөө киргизсе, аялы деле андан ашып түшүп, “сен эркексиңби, багышың керек”,- деген талап коюуда. Ооба, аялдын милдети – үй-бүлө очогу болуу, эркектики – материалдык жактан камсыз кылуу дечи. Бирок коомубузда андай шарт болбой, көпчүлүк аялдар үй-бүлө түйшүгүн көтөрүп, чет өлкөлөрдө мигрант болуп, айрымдары башка жолго түшүп, эркектер деле жолунан адашып, натыйжада ортодогу үй-бүлөнүн куту кетип жатпайбы...
Акыркы 20-25 жылдын аралыгында коомубузда ата-эненин, балдардын түшүнүгү таптакыр башка нукка бурулуп кетти. Демек, ата менен баланын ортосундагы байланыш үзүлгөндөн кийин алардын жүрүш-турушу да өзгөрүлөт. Бул көрүнүштү бир жактуу күнөөлөгөн туура эмес. Ага чиеленген жиптин түйүнүн чечмелегендей кылдат жана ар тараптуу мамиле жасоо талап кылынат. Үй-бүлө институтуна көңүл бурулбай калды. Андыктан мамлекеттик деңгээлде балдардан тартып, үй-бүлөгө, ар бир депрессияга кабылган адамга жардам берген мамлекеттик кризистик борборлор түзүлүп, анда кесипкөй психологдор иштеш керек. Жөн эле балдардын курсагын тойгузуп, кийиндирип, көңүл бурбай, туугундарга таштап кетүүдөн тышкары ата-энелик мээрим, тарбия да зарыл экендигин түшүндүрүү керек. Баңгилик менен аракечтик да коомубузду бузуп, үй-бүлөлөрдү бүлүндүрүп жатат. Жыйырма жыл мурда ата-энесинин кароосунан ажырап, социалдык жакырчылыкта чоңойгон балдар бүгүн эр жетип, айрымдары терс жолго түшүп жатышат же ошол учурдагы балдарга кайдыгер мамиле жасагандыктын “жемишин” көрүп жатабыз.
Коомдо адилеттик жоголуп, мыйзамдардын жакшы иштебей калышы да элдин ишеничин кетирүүдө. Маселен, бирөө болбогон майда-чүйдө күнөөсү үчүн камалып кетсе, башкалар киши өлтүрсө да, эркиндикке коё берилип жатышы башкалардын нааразычылыгын жаратууда. Ошондой окуялардан соң адамдын аң-сезиминде ушундай кыла берсе боло берет экен деген түшүнүк пайда болот. Колу менен кылганды ким болсо да мойну менен тартыш керек. Балдарга сексуалдык да тарбия болуусу абзел, каада-салтка жатпайт деп же уялып айтпагандыгыбыз жаштарды кайра тескери жолго салып коюшу мүмкүн.
Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу