Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/03 12:16
 

А. Танаева: “Ата-энелердин балдарына мээрими жоголгондуктан, зордук-зомбулук жаралууда”

А. Танаева: “Ата-энелердин балдарына мээрими  жоголгондуктан, зордук-зомбулук жаралууда”

 Акыркы мезгилде коомубузда орун алып жаткан чоңдордун жаш балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүп, уруп-сабап, ал тургай өзүнүн канынан жаралган наристесинин өмүрүн кыюу же зордуктоонун себеби эмне? Эмне үчүн коомубуз ушунчалык моралдык жактан деградацияга кабылды? Биз ушул суроолордун жообун издеп, “PARADISЕ SUN” психологиялык борборунун директору Айзада Танаевага кайрылдык.
- Айзада айым, коомубузда зордук-зомбулуктар эмне себептен көбөйүүдө?
- Чындап эле акыркы учурда ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле уламдан-улам татаалданып бара жатат. Кандай гана мезгил болбосун бала ата-эненин көңүл буруусуна жана камкордугуна дайыма муктаж болот. Тилекке каршы ар кандай себептерден улам айрым ата-энелер балдарынын жашоосуна кызыкпай калды. Мындай көрүнүштүн эң негизги себеби алар көпчүлүк убактысын жумушта өткөрүшүнө жана жакын туугандарына таштап коюп, Россия, Казакстан же башка өлкөлөрдө иштеп жатышкандыгында. Көңүл бурган учурда деле ортодо диалог болбой, “Уктадыңбы, турдуңбу?” деген эле ушул сыяктуу стандарттуу суроолор менен гана чектелишет. Себеби ата-энелер жумуштан чарчап, кеч келишет. Андан кийин деле балдарына көңүл бурууга чамасы келбей, өздөрүнүн көйгөйлөрү менен алек болушат. Мындай убакта балдарына көңүл бурмак тургай “Мен эс алышым керек, башка бөлмөгө бар” сыяктуу сөздөр менен жыйынтыкталат.
- Ушундай мамилеге кабылган балдар кандай абалга туш болушат?
- Балага чоңдор менен өздөрүнүн ата-энелеринин кайдыгер же орой мамиле жасоосунун кесепети жаман жолго салат. Эң оболу орой мамиле жасалган же көңүл бурулбай калганда балдар жалгыздыктан капаланышат. Андан соң бул өксүгүн толтуруу үчүн бүгүнкү күндө кеңири жайылган социалдык тармактарга муктаждык пайда болот. Башка да терс чөйрөлөргө аралаша баштайт. Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле үзүлгөн учурда башка муктаждыктар пайда болот. Алгач жүрүш-турушу бузулуп, убактысын интернеттеги социалдык тармактарда ар кандай пайдасыз азгырыктарга жумшайт. Бул жаңыдан калыптанып келаткан өспүрүмдөрдүн аң-сезимин жабыркатат. Ошондуктан сабакты да жакшы окубай, мектептен көп жеме угуп калат. Ушул компьютердик оюндар, социалдык тармактар анын убактысынын көбүн алуудан тышкары, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн да жоготуп, түнт кылып коёт жана көздүн көрүүсүнүн начарлоосуна алып келет. Демек, жакындарынан сезимдерин жашырып, башка адамдар менен мамиле түзүп, аларды ата-энесинин ордуна коё баштайт. Албетте, бул мезгилде балада психологиялык басым жүрөт. Ата-энесинин сөзүн укпагандыгы, мугалимдин эскертүүлөрү сыяктуу себеп менен ата-эне баланы жазалай баштайт.
- Бирок жазалоо менен баланы тарбиялоого болобу же катуу мамиле кайра терс жолго түшүрөбү?
- Ата-эненин өз баласына кайдыгер мамиле жасагандан же көңүл бурбагандан тышкары урушуп тарбиялаймын дегени ого бетер анын психикасын жабыркатып, үмүтүн үзүп коёт. Жыйынтыгында ата-эне менен баланын ортосунда карама-каршылык пайда болот. Бала үйдөн кача баштайт. Жеңил-желпи компанияларга аралашат. Социалдык тармактарга көп отуруунун кесепетинен өспүрүмдөр бачабаздардын курмандыгы болууда. Себеби өзгөчө кыздарга жагымдуу сөздөрдү айтып жолугушууга чакырышат. Көргүсү келээрин баса белгилешет. Балдардын чоң кишилер менен мамиле курууда тажрыйбасы жок болгондуктан, алар бат ишенет. Ушундай жол менен балдарга “тузак” салгандардын көбү максаттарын ишке ашырышат да, социалдык тармактан аккаунтун өчүрүп, жок болушат.
- Мындай зомбулукка кабылган балдар кимге кайрылуусу керек?
- Биринчиден балдар психологдоруна кайрылуу зарыл. Анткени, балдар физиологиялык жактан гана жабыр тартпастан, психикалык да травмага дуушар болушат. Мындай адамдардын күндөн-күнгө өсүп бара жаткандыгы коомго өтө коркунучтуу. Бала катуу жабыркайт, ал эми ата-эне болуп өткөн окуяны башка адамдарга билгизүүдөн коркушуп, жашырууга аракеттенишет. Бала үй шартында дарыланып, кээ бир учурда гана психологго кайрылышат. Педофилдер темир тор артында аз эле отурат да, кайрадан психикалык жактын нормалдуу эмес деген жыйынтыктар менен эркиндике коё берилүүдө. Демек, ушул нерселердин жыйынтыгында коомдо педофилиянын көп орун алуусуна алып келүүдө.
Азыр химиялык жактан биттөө демилгесине көз карашыңыз кандай?
- Химиялык жол менен педофилдерди жазалоо каралган. Бирок, андай болгон убакта деле бул адамдар өздөрүнүн кумарын канаатандырыш үчүн башка кылмыштардын ыкмаларын колдонууга сөзсүз барышат. Буга чейин да балдардын чоң адамдар менен мамиле түзүүдө абайлоосу жөнүндө ММКларга маалымдаганбыз. Өспүрүм кандай гана адам менен жолукпасын, ата-энеси сөзсүз кабардар болуусу абзел. Мындай жолдор кайрадан эле ата-эненин балага болгон агрессиясы, сезимдерин бөлүшпөгөндүк, түшүнбөстүктүн таасиринен келип чыгат. Ушул таасирлердин жыйынтыгында балада калп айтуу, жашыруу сыяктуу терс сапаттардын келип чыгышына өбөлгө түзөт. Ата-энелердин балдарына көп убактысын бөлүп, мээримин төгүүсүн өтүнөт элем. Мисалы, балдары менен чогуу сейилге, кино-театрга жана башка эс алуучу жайларга баруулары аларды сөзсүз жакындатат.
- Ата-эне менен баланын ортосундагы жеке мамилелери кандай болуш керек?
- Керек болсо ата-эне баласына достой мамиле кылып, сыйлоосу абзел. Эгерде ата-энеде ушундай сапаттар болсо, балада да жакшы сапаттардын күтүлүүсүнө жана ойгонуусуна алып келет. Ошол эле мезгилде физиологиялык жактан өзгөрүү болгон учурда сөзсүз үйдө бул боюнча талкуу, түшүндүрүү болуусу абзел. Ачык сүйлөшүүнүн натыйжасында балада бул жагдайлар боюнча башка адамдарга суроосу жаралбайт. Ортодо эч нерсе жашыруун сыр же тоскоолдук болбош керек. Ушул эле маалыматты балдар башка адамдардан таптакыр туура эмес же бурмаланган түрдө алуусу да толук мүмкүн.

Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу