Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
28/04 18:49
 

Кудайкул Узаков: “Жол адамдын өмүрү”

Кудайкул Узаков: “Жол адамдын өмүрү”

Өз кабарчыбыз №4 Ысык-Көл областтык өндүрүштүк-линиялык автомобиль жолдор башкармалыгынын башчысы Кудайкул Узаков менен аңгемелешкен. 

- Кудайкул Узакович, элибизде «жол адамдын өмүрү» деген асыл сөз бар. Анын сыңарындай областтын аймагындагы биздин бүгүнкү жолдорубуздун абалы кандай?

- Жолдорубуздун бүгүнкү абалына кызыкканыңыз мени кубантат. Тейлөөбүздө 2962 чакырым ар кайсыл категориядагы жолдорубуз бар. Анын ичинен эл аралык мааанидеги 974, мамлекеттик маанидеги 778, ал эми жергиликтүү маанидеги 1210 чакырым жолдорубуз менен эл каттап жатат. Ырас, жолдорубуз «жоор аттын жонундай» болуп, айласыз абалда калды деп айтуудан алысмын. Бирок, Ысык-Көлдөгү жолдордун акыркысы 1985-жылы, ал эми Тоң районундагы Ак-Сай-Бүркүт-Төрт-Күл жолу 1996-жылы салынып, андан бери капиталдык ремонттун жүзүн көрбөй, утурумдук оңдоп-жазгоо жумуштары менен гана чектелип келатканыбызды айтсак, анда жолдорубузду небак эле жаңыртып салууга мезгил жеткендиги белгилүү. Башка областтарда болсо сырткы инвестициялардын эсебинен жолдор салынууда.

- Ысык-Көл аймагын туризмдин Мекени дей турган болсок, анда бардык иш дал ушул кан жолдорубузду оңдоп, туристтерди арбыныраак тартуудан башталышы керек эле ?

- Аныңызга толук макулмун. Акыркы жылдары Түп-Кеген жолу курулуп жатат. Быйылкы жылга дагы ал жолдун курулушун улантууга мамлекеттин каржы булактарынан 35 миллион сом акча каражаты каралат деген жылуу кабар бар. Эгерде аны быйыл күзгө чейин Сары-Тологойго чейин салып бүтүп алсак, анда Түптөн Сары-Тологойго чейинки бардык айылдарыбыздын калкы жаңы жол үстүндө жүрүп калышат. Менимче кезек биздин «көлдү айланма жолубузду» куруп алууга дагы жетип калды окшойт. Анын алгачкы 3,3 чакырымы былтыр Кумтөр Опрейтинг Компанисинин 1,9 миллион долларлык каражаты аркалуу Тоңдогу Бөкөмбаев айылынан Тоң совхозуна чейин курулду. Быйыл дагы бул иш улантылат деген ишеничтер бар. Эгерде Кумтөрдөн убада кылынган 3,6 миллион долларлык акча каражаты келип түшө турган болсо, анда Кызыл-Суу айылынын ичиндеги 5 чакырым жол тротуарлары менен толук салынып бүтөт. Мындан тышкары бизге бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жол куруу жумуштарын өз ыраатында уланта бермекчибиз. Барскоондун ичине өз күчүбүз менен 2 чакырым, Тоңдогу Ак-Терек – Дөң-Талаада 3 чакырым жана Түп-Токтоянда 4 чакырым жол салынат. Баш-аягы болуп жылдын акырына чейин 14 чакырым асфальт жолу төшөлөт деген эсебибиз бар. 

- Демек, жол куруу жумуштарын өзүңүздөр эле колго ала алат турбайсыздарбы?

- Ооба. Бизде жетиштүү тажрыйба, тиешелүү түрдөгү техникалык каражаттарыбыз, өз ишин жандай сүйгөн кесипкөй адамдарыбыз бар. Техникалык базабыз өлкөнүн жол-транспорт министрлиги тарабынан жылыга жаңыртылып жатат. Башкасын айтпаганда дагы былтыр кубаттуу 5 автогрейдер, 3 жүк жүктөгүч транспорт ала алдык. Азыр ар бир жол-эксплуатациялоо пункттарыбызда бирден автогрейдер, бирден автопогрузчиктер бар. Жалпы жонунан акыркы жылдары 62 чоң-кичине техникаларды, 12 самосвалды транспорттук паркыбызды кыйла жаңырттык. Андан сырткары Барскоондо япон грантынын эсебинен салынган жаңы асфальт-бетон заводубуз, «Дили» жоопкерчилиги чектелген ишканасы, Ак-Суу «жол курулуш сервис» асфальт-бетон чыгаруучу заводубуз бар. Азыр утурумдук жумуштарыбызды жүзөгө ашыруу менен алекпиз.

- Утурумдук жумуштар демекчи, учурда жолдорун аң-чөнөктөрүн оңдоо жумуштары жүрүп жаткандыгын көрө калуудабыз.

- Туура. Ушул эле Ысык-Көлдүн күнгөй-тескейинин жолдорун учурда утурумдук оңдоого алып жатабыз. Ал иштерди 1-майга чейин бүткөрүүгө убада кылганбыз. Аныбыз толук түрдө аткарылат. Бул күндөргө чейин 6158 чарчы метр жол оңдолуп, 713 тонна асфальт сарпталды. Ага кеткен каражат 5,1 миллион сомду түздү. Мындан тышкары Бөкөмбаев -Көл-Төр – Дөң-Талаанын 2 чакырым жолуна, Ак-Суу районундагы Тепке-Жылдыз-Каракол совхозун туташтырган 5 чакырым жолуна, Жети-Өгүз районундагы Сүттүү-Булак – Боз-Бешик-Мундуз автожолунун 5,7 чакырым жол бөлүгүнө кум-шагыл аралашмасы төшөлүп бүттү.

- Деги эле областтагы көпүрөлөрдүн абалы кандай болгудай?

- Бул көпүрө бардыгыбыздын көйгөйүбүз. Жети-Өгүз курортунан жогору көздөй кеткен 5 жыгач көпүрөнүн үчөөсүн салып бүттүк. Экөөн болсо оңдоого алып жатабыз. Ал эми Чоң-Кызыл-Суунун токой чарбасындагы бузулган көпүрө толук түрдө оңдолду. Конкино-Телти-Жети-Өгүз суусундагы бузулган көпүрө салынды. Бул жерден былтыркы жылы капиталдык оңдоонун эсебинен Каракол-Раздольное-Сыр завод жолунун 14-чакырымындагы Жыргалаң суусуна узундугу 18,1 метр келген 19,6 миллион сомдук көпүрө салынгандыгын дагы кошумчалай кетким келип турат.

- Менимче мекемедеги абал өтө эле жаман эмес көрүнөт?

- Ооба, андай деп айтуу ашыктык кылат. Бизге бөлүнгөн каражаттардын көлөмү ар жылы арбып баратат. Быйылкы эле жылга 198 миллион сомдук акча каражаты бөлүндү. Бул биздин кышкы иштерибизден тартып, жыл акырына чейинки чыгымдоочу каражаттарыбыз. Эгерде тышкы инвесторлордон башка каражаттар түшүп калса, ал деле ашыктык кылбайт. Жалпы жонунан жыл акырына чейин 14 чакырым жолду асфальттап, 30 чакырым жолду одуракайлатып, 16 чакырым жолго кум-шагыл төгүп, бузулган көпүрөлөрүбүздү оңдоп үлгүрөбүз деген аракеттин үстүндөбүз. Асфальт жолдорубуздун 10 чакырымын өз күчүбүз менен салсак, 4 чакырымын подряддык ишканалар салышат.

- Сиздердин айрыкча кыш айларында түйшүгүңүздөр түмөн болучу эле?

- Ал иш айтпаса дагы белгилүү. Бизде чоң-чоң ашууларыбыз бар. Мисалы, Барскоон - Ак-Шыйрак жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашууларын кар күрткүлөрү уруп салып, айлабызды алты кетирет. Бирок, быйыл кышта эки күндөн ашык ашууларыбыз жабылган жок. Мүмкүн болушунча өз убагында тазалап, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө жетишип жаттык.

- Жалпы жонунан мекемеде канча адам эмгектенет?

- Бардыгы болуп үстүбүздөкү жылдын 1-январына карата 352 адам каттоодо турган. Алардын 286сы жумушчу-айдоочулар болушса, 66 адам ар түрдүү адистер менен кызматкерлер. Мындан тышкары сезондук жумуштарга убактылуу алынгандар болот.

- Кыскача үй-бүлөңүз тууралуу дагы айта кетсеңиз?

-4 балам бар. Үчөө жогорку окуу жайларын окуп бүтүрүшкөн.Уланым менин кесибимди аркалап, Бишкекте жол-долбоорлоо институтунда иштеп жүрөт. Маратым Астанадан архитектор-конструктор адистигин алып келди. Маратым мектепте. Кызым болсо окуу жайын аяктап, турмушта. 

Маектешкен Кубан Мамбетов, “Кабар”

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу