Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/04 16:16
 

Кинорежиссер Т.Бугучиев: “Бизде улуулардын учугун уланткан салт жок”

Кинорежиссер Т.Бугучиев: “Бизде улуулардын учугун уланткан салт жок”

Кабарчыбыз Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу» кафедрасынын башчысы, кинорежиссер Тынчтык Бугучиев менен учкай маектешкен. 

-Сиздин жакында «Солуган гүлдөр-2» кино тасмаңыздын бет ачары өтөт экен, ошол тасма кандай темага арналган?

-3-курста окуп жаткан учурда «Солуган гүлдөр» кино тасмасын тарткам. Тасманын драматургиясын, сценарийин кооздогонго жакшы эле аракет кылгам, бирок ал убакта студент болчумун, жаш болчумун дегендей кемчиликтер көбүрөөк болуп калган. Кийин мага андагы кемчиликтер көрүнө баштады. Бирок, жаштар тарабынан бул кино жакшы кабыл алынды. Тасманын 2-бөлүмүн тартканга болобу деген жаштар арасында суроо көп болду жана кетирген кемчиликтерди оңдоо максатында «Солуган гүлдөр-2» тасмасын тарттым. Анын идеясы, сценарий өзүмө таандык. Сарпталган каражатты досум А.Калдарбеков экөөбүз өз чөнтөгүбүздөн чыгардык. 

Кинодогу негизги идея - бир адамды бир адам тарбиялай албайт. Адамды коом гана тарбиялайт. Ал коомду жаман адамдардан тазалаш керек деген ойду бердим. Бул кинодо дагы «Солуган гүлдөр» тасмасындагыдай эле адамдар өлөт. Өлгөндө дагы мыкаачылык менен өлтүрүлөт. Коомдо жаман адамдар жок болуш керек деп кинодо дагы айтылат. Өзү коомдук тартипти сактоонун ордуна мыйзамды бузгандарга аралашып, тартип сактабагандыгы үчүн милиционер, коррупционер, көчөнүн кыздары өлтүрүлүп, кийинки жашоосунда сабак болсун деген мааниде чөнтөкчү аман калат. 

Кинонун сюжетинде эне жана баланын ортосундагы сүйүү, сагынуу көбүрөөк берилген. Кино трагедия жанрына кирет. Катышкан актерлордун экөөсү кастинг менен кабыл алынды, калгандарын сценарий боюнча ылайыкталган актерлор чакырылды. Кино жакшы тартылды же начар деп айта албайм. Буга көрүүчүлөр өздөрү баа беришет.

-Буга чейинки кинолоруңузга атактуу режиссерлор тарабынан сын-пикирлер айтылдыбы?

-«Кожожашты» тарткан оператор Нуртай Борбиев актерлор туура тандалган эмес»,- деген оюн айтты. Бул кино эмес, бул жөн гана сен көнүгүш үчүн тартылган тасма деди. Андан башка атактуу режиссерлордон эч ким деле сын-пикир айта элек. Биздин кинолорду белгилүү режиссерлор деле көрбөсө керек деп ойлойм. Бизде бир кемчилик ушул. Россияны карасак анда ар бир режиссердун окуучулары бар. Ошондуктан аларда өнүгүү болууда. Бизде улуу муундагы, орто муундагы жана азыркы муундагы режиссерлордун ортосунда байланыш жок. 

Т.Океевдин окуучусу, Б.Шамшиевдин окуучусу, Г.Базаровдун окуучусу деп уга элекмин. Ар ким өзү менен өзү. Башка жакты карасак бири-бири менен байланышып, өзүнөн кийинкилерди үйрөтүп, жаш муундарды тарбиялап, кинонун өнүгүшүнө, жакшы кинолордун тартылуусуна салым кошушат. Ар бир ишке сын берилип, кемчиликтери, жетишкендиктери айтылса, кийинкисинде ошону кайталабоого, ар кандай мүчүлүштүктөрдү кетирбөөгө жана жаңы идеяларды табууга, көркөмдүк жактарын жакшыртууга чоң салым болмок. Азыркы тапта мен өзүм каалаган кинону тарталбай жатам. Буга менин тажрыйбамдын аздыгы дагы себеп болууда десем жаңылышпайм.

-Азыркы кыргыз киносунун өнүгүшү кандай деңгээлде баратат деп ойлойсуз? 

-Азыркы кинолордун жеңил-желпи болуп жатканы, ошол кинону жеңил-желпи эле режиссерлор, жаштар тартып жатат. Эгер кинодо өнөркана болсо, ошол эле Б.Шамшиев 2-3 режиссерди окутса, дагы башкалары жок дегенде бирден-экиден окутса сапаттуу адистер чыкмак. Ошол режиссерлор сапаттуу, көңүл толоорлук кинолорду тартышмак. Азыр оператор, режиссерлорду окута турган жакшы адистер жетишпейт. Бул баягы эле каражатка барып такалат. Кафедрада окутуучу жок. Өткөндө бир оператор айлык акынын аздыгынан келип иштөөдөн баш тартты. Азыр бизде тажрыйбалуу адистер жок. Тажрыйбалуулар биздин маянга иштебейт. Окутуучулардын жетишсиздигинен улам институтту жаңы бүткөн, жаш адистер студенттерге сабак беришет. Ушул жагын мамлекет сыртка калтырбай карап койсо жакшы эле болмок.

Ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Анда жөн гана куру сөздөр айтылып кала берет. Мындай иш-чаралар 1 же 2 адамдын кызыкчылыгын гана көздөөдө. Алар убада кылган, айткан ойлорунун бири дагы аткарылбайт.

Искусствонун эң маанилүү тармагы кино деп саналат. Артисттер 10 миң долларга эң жакшы концертти уюштурса болот. Ошол эле каражатка жакшы кино тартылбайт. Кино каражатты, эмгекти көп талап кылат. Быйыл бүтүп жаткан 4 студентке диплом коргоо үчүн Маданият министрлигинен акча бөлүп берүүнү суранган элек. Эмгиче ошол маселе чечиле элек. 

«Кыргызстан - кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» деп аталган фестиваль өткөрүлүп жүрөт. Бул Садык Шер Нияз мырзанын идеясы. Бул эң жакшы иш. Кыргыз маданиятында ошондой адамдан дагы экөө, үчөө болсо чыгармачылык тармак өнүкмөк болуш керек деп ойлойм.

-Алдыда койгон кандай максаттарыңыз бар?

-Фестивалга кино тартуу үчүн 1,5-2 жыл убакыт керек. Азыркы учурда окутуучу болуп иштеп, кафедранын иши менен жүрүп, убакыт жетишсиз болууда. Бирок келечекте фестивалга алып чыга турган 1 чыгарма жана тарыхый маанидеги 1 кинотасма жаратсам деген оюм бар. 

Маектешкен Ширин Рахматова, “Кабар”

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу