Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/04 10:39
 

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Д.Касеинов: “Маданият - келечек муундун жалпы тили”

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Д.Касеинов: “Маданият - келечек муундун жалпы тили”

2013-жыл ТҮРКСОЙ үчүн юбилейлик болду. Түрк дүйнөсүнүн рухий мурастары – дүйнөлүк цивилизациянын бир бөлүгү. Байыртан бери эле түрк мамлекеттери тарыхый жактан бири-бирине жакын болушуп, достугу жана маданиятынын жалпылыгы бириктирип, искусство, адабият, адамдардын тагдырындагы тыгыз кызматташтык сакталып калган. Болуп өткөн көргөзмөлөр менен жолугушуулар, конкурстар менен концерттер, семинарлар менен конференциялар бул аралыкта көп иштер жасалгандыгын көрсөттү. Уюмдун ийгиликтери, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу Башкы катчы Д.К.Касеинов менен интервью уюштурулган.

- Дүйшөн Курабаевич, 5 жылдан бери Сиз ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгын аркалап келатасыз, бул мезгилдеги аткарган иштериңизге канааттанасызбы же кыжаалат кылган көйгөйлөр да барбы?

-Мен өз ишмердүүлүгүмдү көйгөй катары көргүм келбейт. Ырахат алуу – бул туура аныктама болуп саналат. Мени биз түрк дүйнөсүнүн элдерин жана маданиятын жакшы билбегендигибиз таң калтырды. Менин өзүм үчүн ТҮРКСОЙ – баалуу жана туруктуу кайталангыс түрк маданиятын ачуу болуп саналат.

Албетте, ТҮРКСОЙду көйгөйлөр менен кыйынчылыктар кыйгап өткөн жок. Бардык кабыл алынган чечимдер тез арада ишке ашып кетти деп айтуу катачылык болуп саналат. Көп долбоорлорду кечирээк мөөнөткө жылдырууга туура келди. Себеби реалдуу турмуш – бул экономикадагы өзгөрүүлөр, саясий жандануу жана башкалар. Канткен менен менин көз карашымда, бул жагдайлар ТҮРКСОЙго анын аймагында жана чет жагында ийгиликтүү иш жүргүзүүгө тоскоол болгон жок. 

Менин муунум советтик доордун салты менен тарбияланышкан. Салттар жакшы, бирок ой жүгүртүүбүз өзгөргөн акыркы чейрек кылымда маалымат биринин артынан бири толкун сыяктуу алмашып, пикир алышуубуз бир нече эсе жогорулады! ТҮРКСОЙго келип, мен дипломаттар, жаш адабиятчылар жана белгилүү жазуучулар, таланттуу жана өсүп келаткан музыканттар, саясат жолуна жаңы түшкөндөр жана саясий Олимптин ишмерлери менен жолуктум.

Дал ушундай баалуу тажрыйба Эл аралык түрксой маданиятынын учурдагы милдеттерин кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк жаратты: «ТҮРКСОЙ ТҮРКСОЙго эмес», бардык өлкөлөр менен элдердин түзүүчүлүк биримдиги. Белгилүү классиктин «Маданият дүйнөнү сактап калат!» деген сөзүнө маанилүү тактоо киргизип койгум келет. Биз мисалы, жаз башталган улуу күн – Ноорузду майрамдоонун шарапаты менен дүйнө жүзүнө элдерибиздин адабиятын жана музыкасын, ырларын жана бийлерин, классикасын жана фольклорун кеңири көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бул ТҮРКСОЙдун көп тараптуу ишмердүүлүгүнүн башкы багыты болуп саналат.

-Биринчи кезекте кандай иш жүргүзүү керек деп ойлойсуз?

-Биз адамдар түрк элдеринин тарыхы жана маданияты тууралуу аз билген, түрк дүйнөсүнүн атактуу ишмерлерин тааныбаган чөйрөдө ишти күчөтүүбүз керек. Азыр бул багыттагы ишибиздин байкаларлык натыйжасы болууда. Алар эмнеси менен маанилүү? Адамдар бири-бири тууралуу жакындан билишип, искусство, маданият, тарых, салттарына кызыкчылыгы ого бетер жогорулайт. Ушундай жол менен адамдардын бири-бирине сый мамилеси, жакындыгы жаралат.

2012-жыл ТҮРКСОЙ өлкөлөрүндө Ахундов жылы деп жарыяланып, анын атактуу пьесалары Карагандадагы Сейфуллин атындагы драма театрында коюлду. Түркияда, Аданада да премьера болуп, пресса аркылуу маалымат алган көптөгөн көрүүчүлөр келишти. Азербайжан адабиятынын классигинин чыгармасы түрк жана казак тилдерине которулду.

-Түрк элдеринин маданиятынын атактуу ишмерлеринин жылын жарыялоо менен ТҮРКСОЙ алардын чыгармачыл салымын элдин кеңири чөйрөсүнө таанытууда. Бул багытта 2014-жылы кандай иштер пландаштырылган?

- Өткөн жыл түрксой маданиятынын мейкиндигинде казак кесипкөйлүк музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, композитор, педагог, коомдук ишмер Мукан Тулебаевдин 100 жылдыгы белгиленди. Биз ал тууралуу көп өлкөлөрдүн жашоочулары маалымат алуусуна аракет кылдык. Ар кандай жолугушуулар, көркөм экспозициялар жана фотокөргөзмөлөр, концерттер, опералык премьералар, макалалар жарык көрдү… ТҮРКСОЙ тигил же бул маданият ишмерине арналган жыл ар кайсы өлкөлөрдө эсте калышы үчүн кеңири маасалык маалымат берүүгө аракет кылат.

2013-жылы октябрда ТҮРКСОЙдун Туруктуу министрлер кеңешинин 31-жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, 2014-жыл Токтогул Сатылганов жана Махтумкули Фраги жылы деп жарыяланды. XVIII кылымдагы акын жана ойчул Махтумкулинин мурастары түркмөн элинин маданиятынын негизи болуп саналат. Ал эми кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы - кыргыз поэзиясынын жаркын жылдыздарынын бири. Бул белгилүү адамдардын турмушу – өз элине кызмат кылуунун мисалы.

-Сизди музыкант катары албетте, музыка искусствосундагы байланыштар менен мамилелер кызыктырса керек?

- Бул жерде чындап эле ойлоно турган жагдай бар. Биз филармониялык жана опералык жамааттардын репертуарын изилдеп чыктык, көрсө, азыркы түрк композиторлорунун музыкасы анда болгону үч пайыздан аз орунду ээлейт экен. Ошол эле учурда татар композиторлорунун музыкасын Кыргызстанда, ал эми түрктөрдүкүн – Якутияда аткаруу зарылдыгы көп айтылууда. Бирок абал өзгөргөн жок, анын себеби – кызыксыз музыка же ноталык материалдын, кызыкчылыктын жоктугу. Биздин ири оркестрлер азырынча түрк мамлекеттеринин дирижерлору менен солисттерин чакырыша элек. Таланттуу жаш дирижер Алан Бөрүбаевди белгилүү европалык жамааттар тез-тез чакырып турушат, бирок аны азербайжандык же түркиялык сахнадан көрбөйсүң. Ушундай эле абал тууралуу улуу баритон, башкырлык артист, «Грэмми» сыйлыгынын ээси Ильдар Абдразаков жөнүндө айтса болот. Бул багытта ТҮРКСОЙдун Жаштар камералык оркестри – ийгиликтүү долбоор, анда ар кайсы элдер менен мектептердин жаш таланттарын биргелешип иштешүү үчүн бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алар бири-бирин угууга үйрөнүп, ар кандай музыкалык салттарды өздөштүрүшөт, бул – алардын келечекте кызматташуусуна эң сонун мүмкүнчүлүк. Оркестр Германия, АКШ, Түркияда алты ирет концерт берип, түрк дүйнөсүнүн композиторлорунун чыгармасынан түзүлгөн эки дискти жаздырды. 

Өзүбүздүн юбилейлик жылыбызда биз ар кайсы өлкөлөрдө заманбап түрк музыкаларын толук таанытуу максатында бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Камералык музыканын авторлорунун катышуусунда (!) – Астанада, Карагандада, Алматыда, Бишкекте концерттери болду. Д.Шостакович атындагы Санкт-Петербургдагы академиялык филармониянын Чоң залында «Түрк композиторлорунун шедеврлери» аттуу концерт шаңдуу өтүп, XX-XXI жүз жылдыктардагы түрк авторлорунун күүлөрү В.Андреев атындагы Мамлекеттик академиялык Орус оркестринин аткаруусунда алгачкы ирет жаңырды.

- Сиздин көз карашыңызда ТҮРКСОЙдун иши биринчи кезекте кайсы багытта күчөтүлүүгө тийиш?

- Түрк классиктеринин, азыркы акындардын жана прозаиктердин жаңы котормолору өтө керек. Бүгүнкү турмушту, анын интеллектуалдык жана рухий мазмунун билбей туруп мамлекетти жана анын элдерин элестетүүгө мүмкүн эмес. Мурда таланттуу котормочулар көбүнчө азыркы маданияттын аймагын кеңейтүүгө жардам бергендиктен, котормочулар корпусун тарбиялоо боюнча пландуу иш жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, азыр бул жагдайды ойлогондор аз, ошол эле учурда көркөм котормо тармагындагы адистер өтө керек. Бул биздин кемчилик жагыбыз, ал ишенимдүү жана ойлогондой болуш керек. Биздин жооп – ТҮРКСОЙ өлкөлөрүнүн котормочуларынын конференциясы жана адабий журналдардын башкы редакторлорунун жыл сайын өтүүчү конгресси.

- Маданий кызматташтык темасы чексиз мейкиндик. Бул багытта ТҮРКСОЙдун мындан аркы кадамдары кандай болмокчу?

- Жыйырма жыл – эл аралык уюм үчүн салыштырмалуу кыска мезгил. Бул аралыкта биз негизинен ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүн кеңейтүүгө, жаңы катышуучуларды кошууга аракет кылдык. Бүгүн ТҮРКСОЙ – дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн искусство жана маданият чөйрөсүндөгү интеграциялык жалгыз жана ийгиликтүү ишке ашырылган модел. Айтмакчы, акыркы мезгилде «түрк тилдүү» же «түркчө сүйлөгөн» эмес, жөн гана түрк өлкөлөрү, тагыраак «ТҮРКСОЙ өлкөлөрү» деп көп айтыла башташы жагымдуу жагдай. Бул түзөтүүнү турмуш чындыгы киргизди. Түрк элдеринин маданий кызматташтыгынын тарыхында ТҮРКСОЙ өзгөчө, чыныгы маанилүү орунду ээлейт деп ишенем.

«Маданиятты сактап калу жана өнүктүрүү сыяктуу мындай иште идеологиялык, экономикалык, коомдук өнүгүүнүн өтө чоң зарылчылыгы бар».

(Маек ТҮРКСОЙдун маалымат кызматы тарабынан даярдалды),

Кыргызчага которгон Эмилбек Момунов, Кабар МАБ.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу