Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/04 12:12
 

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов: “Биздин аткарган ишибизди эл билип турушу парз”

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов: “Биздин аткарган ишибизди эл билип турушу парз”

 Ош облусундагы өз кабарчыбыз шаардык депутаттардын иштери тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп Улан Примовго бир нече суроолор менен кайрылган.  

-Улан Бердибаевич, буга чейин жыйындарда сиз бир топ жаңы демилгелер менен чыктыңыз. Аларга токтоло кетсеңиз.

-Мен жаңы шайланганда биринчи ишибизди ынтымакчылыктан баштайлы, бөлүнүп-жарылбай элибиз үчүн эсте калаарлык, жемиштүү иштейли деген ойду айттым эле. Биз бүгүнкү күндө, жасай турган иштерибизди, ортого салып, ар бир фракцияда талкуулап, коомдук уюмдардын, шаардыктардын пикирлерин, талаптарын эске алып чечимдерди кабыл алып жатабыз.

Мындан сырткары, шаардык кеңештин бардык иштери коомчулуктун көзөмөлүндө болсун, кандай иштерди аткарып жатканын эл билип турсун деген ниетте шаардык кеңештин расмий сайтын ачуунун үстүндө иш жүрүүдө. Шаардык кеңеште азыр бир нече туруктуу депутаттык комиссиялар иш алып барат. Чынын айтканда, коомчулукка толук маалымат жетпей келет. Андан сырткары, сайтта 45 депутаттын өз баракчалары болуп он-лайн режиминде, кат түрүндө кандай суроолору болсо кайрылууга, жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул да болсо эл менен депутаттардын ортосунда жакындан байланыш түзүүнүн бир жолу болуп калмакчы.

-Шаардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, инфраструктураны жакшыртуу, экономикалык абалын жогорулатуу багытында кандай иштер болмокчу?

-Албетте шаарыбыздын инфраструктурасын, социалдык шарттарды жакшыртуу, казынаны байытуу, бир эле муктаж болгон үй-бүлөлөргө эле эмес, жалпы шаардыктардын турмуш шартынын илгерилешине өбөлгө түзүп, иш менен камсыз кылууга аракеттер бүгүн өтө маанилүү.

Үч миң жылдык тарыхы бар, ордолуу Ош шаарыбыздын жүзүн ачып, шаарыбыз мурункудай мейман дос, туристтердин агымы токтобогон шаар болсо деген ой тилектерибиз бар. Биз дагы калаа башчысы менен биргеликте бул тармакта бир топ иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Өзүбүздүн депутаттык мөөнөтүбүз аяктаганга чейин шаарыбызга олуттуу жакшы өзгөртүүлөрдү киргизебиз деген жакшы ниеттерибиз бар.

Ошол эле социалдык жактан муктаж болгон адамдар боюнча айтайын. Өзүңүздөр байкагандай жер маселеси, үй маселеси өтө курч, өтө оор абалда турат. Шаардан жер берейли десек, бүгүнкү күндө шаарда жер жок. Союз мезгилиндегидей пландуу экономика жок. Бардык каражат мамлекеттин колунда эмес. Демек илгеркидей эле шаар үйлөрдү куруп, кызматкерлерге бекер бергендей шартта эмеспиз. Биз маселеге жаңыча көз караш менен карашыбыз керек. Шаар бийлиги, шаардык кеңеш бул маселеде инвесторлорду тартып, аларга керектүү шарт түзүп берип, финансылык уюмдардын катышуусунда узак мөөнөттүү насыялоо жолу менен үйлөрдү куруу менен жардам бере алат жана бул багытта максаттар бар, иштер жүрүп жатат.

Айтмамат Кадырбаев бир топ расмий адамдар менен алдын ала макулдашууларды жүргүзүп, ипотекалык кредиттөө үчүн 250 миллион сомдой каражат алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөнүн кабарлап жатат. Бул нерсе турмушка ашса мен ойлойм, бир топ маселелер чечилип калат.

-Жумуш орундарын түзүү, жаңы ишканаларды ачуу, токтоп турган ишканаларды кайра жандантуу боюнча да ойлор бардыр?

- Албетте бул ойлорду шаардык кеңеш ар дайым көтөрүп келе жатат. Жакында гана 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн шаардык коллегияда Кыргыз Республикасынын 1-прьемер-министри Тайырбек Сарпашев өзү катышып, бир топ тапшырмаларды коюп, багыттарды белгилеп өттү. Шаардык кеңеш дагы өз кезегинде өзүбүзгө тиешелүү иштерди жүргүзөбүз. Тиешелүү чечимдерди чыгарып, токтомдорду кабыл алабыз. Учурда биздин ишкерлер дагы жакшы сунуштар менен кайрылып жатышат. Мисалы, бир ишкер келип бир нерсени куруп, же бир жерден жер алып ишкана ачайын десе, шаар бийлиги, шаар жетекчилери кош колдоп жардам берип, демилгени ишке ашырганга түрткү берсе деп чакырып кетээр элем.

Себеби, июнь коогалаңынан кийин, өлкөбүздөгү башка саясий олку-солкулуктардан кийин, инвесторлорго биз дагы жасалма тосколдуктарды жаратсак анан ким иштеп, ишкана ачууну каалайт.

-2014-жылга шаардын бюджетин бекиттиңиздер. Быйыл бюджетти бекитүүдө кандай өзгөчөлүктөр болду?

-Шаардык бюджетти көп жолу талкуулап, тыкыр анализдеп, коомдук угуу өткөзүп, шаардыктардын талаптарын угуп, анан кабыл алдык. Эми чындыгында былтыркы жылга салыштырмалуу өзгөчөлүктөр бар. Негизи өзгөчөлүк - былтыр биздин бюджет 1 миллиард 287 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы 787 миллион сом менен бекитилди. Ушул цифралардан дагы саясат издеп, бюджет кыскарып кетти, азайып кетти деп шаарыбыздын тургундарына туура эмес маалыматтарды таркаткан учурлар да болду. Жок андай эмес. Мен белгилеп коёюн, 2013-жылдын август айында Өкмөттүн токтому менен категориялдык гранттар мындайча айтканда мугалимдердин айлык акылары мындан ары жергиликтүү бюджет аркылуу эмес республикалык бюджеттен түздөн-түз каржылана турган токтом чыккан.

Республиканын бардык аймактарында ушундай тартип киргизилди. Бул чечим биздин шаарыбыздын турмушуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал каражат дагы республикалык бюджеттен берилип, мугалимдерге төлөнөт. Айрым маалымат булактары айткандай азайбай эле, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы шаар казынасы 50 миллион сомдун тегерегинде көбөйгөн.
Бул жылы казына акчасын биз элдин социалдык маселелерин чечүүгө көбүрөөк багыттадык. Мындан сырткары көптүн бүйүрүн кызытып, негизги көйгөйүбүз болуп жаткан көпүрө маселеси турат. Көпүрөнү бүтүрүүгө каржы булагы каралган эмес. Жолдорду оңдоого, көпүрөнү мүмкүн болушунча тезирээк бир тараптуу кылууга шаардык жол башкармалыгына каржысын көбөйтүп, бекиттик.

-Шаарда социалдык имараттар маселеси курч боюнча калууда. Айрыкча бала бакчалар маселеси...

-Бүгүнкү күндө шаарыбыз социалдык имараттарга аябагандай муктаж. Өзүңүздөр билесиздер, окуучулар бир орунда үчтөн олтурган мектептерибиз, бир бала жата турган жерде 2 бөбөк жатып жаткан бала бакчаларыбыз абдан көп. Биз коррупция дейбиз да, кээде ага өзүбүз түртүп, жол ачып берип коюп жатабыз. Себеби мектептин директору болобу же бала бакчанын башчыларынбы мажбурлап, баламы аласың деп зордойбуз. Алар эмне кылышсын. Балдарды алып жатышат. Бирок ошол эле учурда жаңы мектептерди, бала бакчаларды салууну ойлонбой келгенбиз.

Кейиштүүсү карапайым, чөнтөгү жука жарандарыбыздын балдары бала бакчаларга жайгаша албай, бара албай калып жатат. Жеке менчик бала бакчалар бар, бирок алардын наркын көпчүлүк шаардын тургундары көтөрө албайт. Ошол үчүн мен ойлойм, шаардык кеңештин шаардын бийлиги менен биргеликте социалдык обьектилерди көбөйтүп, бала бакчаларды мектептерди курсак деген тилегибиз бар.

Эң негизгиси карапайым калк жөнөкөй жарандарыбыздын балдары да жайгашууга мүмкүнчүлүк болушу керек.

Андан сырткары мектеп мугалимдеринин коммуналдык төлөмдөрүнө жардам катары 300 сомдон төлөп берүү жагы чечилди.

Ооруканалардагы, поликлиникалардагы медицина тармагында иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлер эң аз айлык акы менен иштеп жүрүшөт. Аларга аз да болсо жардам болсун, шаар бийлигинин көңүл борборунда экенин сезсин деген жакшы ой менен коммуналдык төлөмдөрүнө жардам берүү чечими кабыл алынды. Бул долбоорго 7 миллион сомдон ашуун акча каралды.

Шаардык ооруканабыздын, шаардык төрөт үйүнүн чечилбеген көп маселелери бар. Медициналык заманбап дарт аныктоочу, дарылоочу аппараттар жетишсиз. Элибиздин саламаттыгы баарынан баалуу экенин эске алып, мындай көйгөйлөрдү да ар кандай жолдор менен чечүүгө аракет кылалы деп жатабыз.

Ошондой эле таза суу менен камсыздоо боюнча шаардык суу башкармалыгы иш жүргүзүп келет. Бирок көйгөй көп. Өзгөчө Жапалак айыл башкармалыгында суу маселеси курч бойдон турууда. 

Булардын баары бир күндө болуп кетпейт. Шаарыбыздын тургундары да карап турбай, шаардын тазалыгына, инфраструктуранын жакшырышына, өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп, жакындан жардам берет деген үмүттөрүбүз бар.

Асанбек Каракозуев, “Кабар” МА

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу