Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 10:10
 

Режиссер А.Максүтов: “Бишкектеги филармонияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өзгөчө концертке 350 артист катышат

Режиссер А.Максүтов: “Бишкектеги филармонияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өзгөчө концертке 350 артист катышат

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтовго кабарчыбыз бир нече суроолор менен кайрылган.  

- 8-9-апрелде боло турган концерт жөнүндө кененирээк маалымат берсеңиз?

-Концерт залкар акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналат. Кыргыз улуттук филармониясы ушул ысымды алып жүргөндүгүнө байланыштуу концертти уюштуруудабыз. Анын насыят, санат, терме ырлары менен биз өзүбүзгө көп нерсени толуктай алабыз деген ойдобуз. Концерттин негизги мааниси маданияттын, үндүн, обондун, дастандардын жаралышынан башталып ошону кыргыз элибиз кантип улантып келди жана азыркы күндө кандай абалда экенин этап-этап менен көрсөтөбүз. 

Биринчи бөлүм жомок деп аталат. Анда дастандар, оозеки чыгармалар, экинчи бөлүм Токтогул Сатылгановдун төрөлүшү жана ал жөнүндө болот. Андан кийин филармониянын ачылышы, 1939-жылдагы декада, согуш мезгилиндеги, согуштан кийинки мезгилде филормонияда өткөн иштер, Советтер Союзу учурундагы акындардын, филармониянын өнүгүп турган мезгили. Бул жер таланттардын уясы деп аталгандай канчалаган таланттар эмгектенип келгендиги айтылат. Мунун баары үн-сөзү жок, музыка аркылуу берилет.

-Филормониянын директору К.Осмонов бул концертти «өзгөчө» деп белгиледи. Ошол өзгөчөлүк эмнеде?

-Бул концерттин өзгөчөлүгү филармониянын 350 артистинин башын бириктирип, тарыхты сахнага батырып, 2 саат 50 мүнөттү камтыган жандуу үн менен театрлаштырылган музыкалык концерт. Концертке 5 оркестр, «Ак-Марал» бийчилер тобу, «Эстебес», «Эл шайырлар» топтору катышат. Ар бир доорду чагылдырып берүүдө ошол мезгилдин кийимин табуудагы оңой иш эмес. Азыркы күндө концерттин баркы кетип турган убакта мен тойго шашып жаттым эле деп, келе калып эптеп эле ырдап коюп кетип калып, элдер концерт көргөндөй болбой, өзүбүздү өзүбүз туңгуюкка салып жатканыбызда кризистен чыгуу үчүн жаңылануу керек болуп жатканына ушундай концерт өткөрөлү дедик. Бул аябагандай оор, чыгымы көп концерт. Бул өзүн актабай турган концерт. Биз муну эл үчүн, маданият үчүн жасабасак биз эч качан көтөрүлбөйбүз. 

-Концерттин идеясы кимге таандык?

-Филормониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин уулу экөөбүз чогуу отуруп, сценарийин түздүк жана анын үстүндө чогуу иштедик.

-Концерт өзүңүздөрдүн гана аракетиңиздер менен коюлганы турабы же демөөрчүлөр барбы?

-Демөөрчүлөр жок, өзүбүздүн гана аракетибиз менен уюштурулуп жатат. Бир гана мисал Ак-Маралдын бир номерге кийип чыккан кийими 40 кишиге 10 миң доллардай болуп кетет. Филормонияда мындай акча жок, мамлекет мындай каражатты бөлүп бербейт. Биз өз күчүбүз менен таап, концерт коюп, андан түшкөн акчага кийим тиктирип ушул концертти уюштурдук.

-Техникалык жактан же артисттик чеберчилик жактан кыйынчылыктар жаралган жокпу?

-Ар бир иште кыйынчылык болот. Кыйынчылык болбой койгон жок. Кыргызстандагы маданий мекемелеринин арасында бардык жагынан эң алдыда филармония турат. Ошентсе да азыр заманбап ар кандай аппараттар жетишпей калууда. Жеке студиялардан аппараттарды сурасак алардын акысына чоң сумма сурашууда, андай каражатты төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жок.

- Келечекте кандай пландар бар?

-Т.Сатылгановдун «Миң Кыялындай» бизде дагы кыялдар абдан көп. Ошо кыялдарыбызды келечекте ишке ашырабыз деген жакшы тилектерибиз бар.
-Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.

Ширин Рахматова, “Кабар”МА

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу