Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/04 18:17
 

Э.Эрматов: “Тилдин өнүгүшү үчүн ар бир адамдын жогорку аң-сезими, мекенчилдик касиети болуш керек”

Э.Эрматов: “Тилдин өнүгүшү үчүн ар бир адамдын жогорку аң-сезими, мекенчилдик касиети болуш керек”

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

-Эгемберди агай, учурда тил маселеси коом менен мамлекеттин турмушунда олуттуу орунду ээлөөдө. Бул багытта комиссиянын аткарган иштери тууралуу айтып берсеңиз.

- А. Атамбаевдин атайын Жарлыгынын негизинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу тобу түзүлүп, иш программалар иштелип чыкты. Ал жумушчу топ 4-5 ай тынымсыз иштеп, азыр мамлекеттик тилди 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик тил программасы иштелип чыкты. Бул программа 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн негизинде түзүлдү. Ал документ менин оюмча акыркы жылдардагы өтө маанилүү программалардын бири болуп калат. Бул жерде эң негизги максат – Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бардык жагынан карап, ага комплекстүү мамиле жасалган. Мисалы, бала бакчадан тартып, мектеп, жогорку окуу жайларга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кандай мамиле жасалары камтылып кетти. Кыскача айтканда, ар бир жараныбыз үчүн мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүнүн муктаждыгын жарата турган программа болуп саналат. Анын бир-экөөсүн айтып кете турган болсом, абитуренттер кайсы гана окуу жайга тапшырбасын, мамлекеттик тилден жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Ошондой эле жогорку окуу жайды аяктаган студенттер мамлекеттик тилден экзамен тапшырышат. Мындан тышкары дагы бир жаңылык, кыргызтест системасын киргизип жатабыз. Мындай ыкма Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө да бар. Биз ошол эл аралык тажрыйбага таянып, кыргызтест системасын киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Бул эмне деген түзүм? Анда Кыргызстандын ар бир жараны эч кандай ортомчусуз (мугалим) эле өзүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тесттин жардамы менен өз алдынча аныктай алат. Ушул сынактан өткөн адамдар гана мамлекеттик кызматка кабыл алынат. Ал үч деңгээлде болот. Биринчи деңгээли А1 деңгээли, бул жөнөкөй түрү, экинчи деңгээли В1 деңгээли – орто жана эң акыркы, С – жогорку деңгээл деп саналып, ага мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, жаза алгандар гана татыктуу болушат. Бул деңгээлге татыктуулар мамлекеттик жогорку саясий кызматтарда иштей алышат. 

-Бирок тилди билүүгө убакыт жана каражат керек эмеспи...

-Туура айтасың, биз мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүдөбүз. Ошондуктан аталган деңгээлдер этап-этабы менен ишке ашырылмакчы. Биринчи орунга каржы маселесин койдук. Ушул улуттук программанын көрсөткүчтөрү так, таасын жазылды. Башкача айтканда, кайсы жылы кайсы ишкана кандай жумушту аткарары жана канча каржы бөлүнөрү так аныкталды. Ошол көрсөткүчтөргө карата ушул программа кандай ишке ашып жаткандыгын ким болбосун так аныктай алат.

-Эгемберди агай, иш кагаздары дале толук бойдон кыргыз тилинде жүргүзүлбөй жаткандыгы ачуу чындык. 

- Мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча да бир топ иштер жасалууда. Мисалы, ишкана, мекемелер үчүн атайын ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө көмөк берүү максатында китептер чыгарылып, бекер таратылууда. Биздеги азыр көйгөйлүү маселелердин бири терминология болуп саналат. Бир канча термин комиссиясы иштеп жаткан экен. Ушул комиссиялардын баардыгын бириктирип, Улуттук илимдер академиясынын алдындагы терминология комитетине өткөрүп бердим. Алар эми терминдердин иштөө, калыптануу принцибин илимий негизде аныктап чыгышы керек. Бир чети бул аябай чоң жоопкерчиликтүү жумуш болгондуктан, дилетанттык менен эле жасап коюуга болбойт. 

- Борбор калаабыздагы көрнөктөр туура эмес же кыргызча жазылбай, жазылса да грамматикалык жактан сабатсыз болуп жатат.

-Көрнөк-жарнактар эң оболу биздин коомубуздун, ошол аймактын жүзү болуп саналат. Андыктан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга көрнөк-жарнактарга көзөмөл жүргүзүүгө мыйзамдын негизинде укук берилген. Мурда борборубуздагы ар кандай ишканалар көрнөк-жарнактарын илүү үчүн биздин комиссиянын уруксатын алып келген экен. Мен бул маселени дагы атайын мыйзамдын негизинде Бишкек мэриясына караштуу көрнөк-жарнак департаментине өткөрүп бердим. 

-Чет мамлекеттерде көрнөк-жарнактар биринчи мамлекеттик тилде, андан кийин гана башка тилдерде жазылары белгилүү. Ал эми бизде мындай талаптар сакталбайт.  

-Туура, азыр көпчүлүк көрнөк-жарнактар мамлекеттик тил мыйзамын одоно түрдө бузгандыгы үчүн алынып жатат. Жогоруда айткандай, бул маселе өзүнчө эле чаташып, мафиялык жагдай түзүлүп калган экен. Ошон үчүн мэрия, укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүп, тартипке салуу аракетин көрүп жатабыз. 

-Тилекке каршы айрым министрлик, ведомство жана башка мекемелердин маалымат кызматтары өздөрү тараткан билдирүүнү алгач башка тилде берип, андан соң гана маалыматтын кызыкчылыгы тараганда кыргызча которушат. 

-Тигил же бул мекемелердин жетекчилеринен тартып, маалымат кызматкерлерине чейин Кыргызстандын жараны катары эң оболу өз тилин алдыңкы орунга коюшу керек. Айрым чиновниктерибиздин дале болсо эне тилине өгөй мамиле жасап, башка тилге басым жасап жатышын кайдыгерлик деп баалаймын. Бул маселени мамлекеттик ишканалардын алдына коюп, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылып жатабыз. Алар кандай документке болбосун мамлекеттик тилде жазылганда гана кол коюшат. Кечээ биз “Манас” аэропортуна барып, ал жерде мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы менен таанышып келдик. Кыргызстандын аба дарбазасында жана ар кайсы багыттарга учкан каттамдарда кыргыз тили, музыкасы жаңырып, баатырларыбыздын сүрөттөрү илинип турсун деп жетекчиликке тапшырма бердик.

- Теле, радиодон болобу же басма сөз беттериненби кыргызча таза сүйлөбөй, сүйлөө маданиятын бузуп жаткандар болууда. Бул көрүнүштү кантип оңдоого болот?

-Адам баласынын деңгээлин аныктоочу жагдай эң оболу сүйлөө маданияты болуп саналат. Ошондуктан таза сүйлөө ар кимдин ички билим деңгээлин, сөз байлыгын, маданияттуулугун жана инсандык касиетин чагылдыруучу күзгү. Тилекке каршы айрым жыйындарда кээ бир атуулдарыбыз өз оюн толук айта албаймын деп ойлойбу же өз тилинде сүйлөй албайбы, мамлекеттик тилди жээрип жатышы өкүнүчтүү жагдай. Тилдин өнүгүшү үчүн ар бир адамдын жогорку аң-сезими, мекенчилдик касиети болуш керек.  Мамлекеттик тилди өнүктүрүш үчүн орус тилин эч качан жокко чыгарбаш керек. Анткени биз 70 жылдан ашык орусча окуп дүйнөлүк илим, билимге жетиштик. “Тил билсең, дил билесиң” демекчи, биз башка элдердин маданиятынан тартып, илим, билимине чейин алардын тили аркылуу маалымат алабыз. Демек, орус тилине, орусча сүйлөгөндөргө аяр мамиле жасоо зарыл. Ошол эле учурда кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы жана мыкты тилдердин бири экендигин эске ала жүрүшүбүз зарыл. 

Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар” МАБ.


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу