Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/01 18:06
 

М. Асанакунов: “2013-жыл Ысык-Көл областы үчүн жаңылануунун жылы болот”

М. Асанакунов: “2013-жыл Ысык-Көл областы үчүн жаңылануунун жылы болот”

“Кабар” агенттиги Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы толук укуктуу өкүлү Мирбек Асанакуновго бир нече суроо менен кайрылды.


- Мирбек Аскерович, тагдыр буйругу Сизди Ысык-Көлгө бир катар жылдар бою баш жетекчи кылды. Айтсаңыз, бул жылдар ичинде эмнеге үлгүрүп, эмнеге үлгүрө алган жоксуз?

-Учурдан пайдаланып жалпы эле кыргыз элиме бул жылда токчулук, ынтымак, бейпилчилик, тынчтык болсо экен деп тилейм. Сиз айткандай мага тагдыр Ысык-Көлгө баш жетекчи болууга эки жолу мүмкүнчүлүк берди. Биринчисинде, 2010-жылдагы революциядан кийин келип, 9 ай чамалуу иштеп калдым. Андан соң Бишкеке которулуп, ал жерде 6 ай иштеп, андан соң Ысык-Көлгө экинчи ирет келип иштегениме 1,5 жылдан ашуун убакыт болду.
Албетте, алдыга көптөгөн максаттарды койгом. Баары эле аткарылып кетти деген ойдон алысмын. Себеби ага ар кандай менин ишкердигиме байланышпаган дагы иштер болду. Айталы, айыл чарбасында чоң секирик жасайбыз деп, алдыга чек койгон элек. Бул оюбуз такыр эле теңирден тескери болду. 2011-жылы ар гектар эгин аянтынан 18 центнерден эгин алсак, 2012-жылы 13,5 центнерден түшүм алып, республика боюнча эң арткы орунда калдык. Кургакчылыктан улам бышып жетилбей калган 1000 гектарга чейинки эгин аянттары чөп катары чабылды. Картошканын түшүмдүүлүгү кескин кыскарды. 2011-жылы область боюнча 160 миң тонна картошка, коңшу мамлекеттердин чек арасы жабык тургандыгынан улам, колдо калып, пайдаланылбай калды. Натыйжада дыйкан-фермерлерибиз былтыр 1000 гектардан ашуун айдоо аянтын жасалма түрдө чөп өстүрүүгө которуп жиберишти.
Эл аралык ЮСАИД уюму менен биргеликте Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында былтыр 500 гектаржерге жеткидей суу чыгардык. Буга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу менен Америкалык ЮСАИД уюму биргелешип 4 миллион сомдук салым коштук. Бул иш буюрса быйылкы жылы дагы колго алынчудай.
Ошол эле учурда областтын аймагындагы көптөгөн суу сактагычтар тазаланып, пайдаланууга берилүүдө. Ошондой болсо дагы сугат суубуз арбын туруп, тиешелүү деңгээлде сугат суусу менен дыйкандарыбызды камсыз кыла албай келе жатабыз. Эски сугат системаларыбызды түп-тамырынан бери талкалап, анын бардыгын жаңыртмайынча,бул көйгөй кала бере турган.

- Ыйык Ысык-Көлүбүздү Кыргызстандын «визиттик карточкасы» катары тутунган инсандарыбыз четтен чыгат. Бирок, биз ошол көпчүлүк көксөгөн деңгээлге жете алдыкпы? Эгерде жетсек эмнебиз менен?

- Ыйык-Көлүбүздө туристтер менен эс алуучуларды кабыл алууга бардык шартыбыз бар. Төрт, беш жылдыздуу эс алуу жайларыбыз пайда болууда. Алардын тейлөө сапаты жылдан-жылга жакшы жагына өзгөрүп жатат. Башкасын айтпаганда дагы былтыр 243 эс алуу жайы туристтерге өз кулачын кеңири жайды. Буга кошумча жеке менчик сектору дагы үзүрлүү иштеп берди. Натыйжада көлүбүзгө мурунку жылга салыштырмалуу эс алуучулар 3 эсе арбын келди. 
Албетте, буга өлкөдө орноп бараткан стабилдүүлүк түз таасирин тийгизди. Биз дагы мүмкүн болушунча алыс, жакынкы мамлекеттерге чейин чапкылап, сүйлөшүүлөрдү, макулдашууларды жүргүзүп турдук. Алматадагы, Новосибирскидеги эл аралык туристтик жарманкелерге катышып, эс алуучуларды тартууга аракет жасадык.
Буга кошумча жайкы-кышкы туризмдин түрлөрүн жайылтууга да басым жасап жатабыз. Азыр бизде тоо-лыжа спорту бутуна туруп калды десек болот. Бир эле Караколдогу лыжа базасына былтыр 2,5 миңден ашык чет элдик туристтер келип кетишти. Алардын көпчүлүгү Казакстан менен Россиядан келишкен меймандар. Мындай тоо-лыжа базасын Ак-Суу районундагы Кереге-Таш жана Боз-Учук аймагында куруу пландалууда. Ал тармак чындыгында каражатты абдан арбын талап кылуучу тармак экен. Ага кореялык ишкерлер жакындан кол сунушууда. Архитектуралык-пландоо жумуштары, инвестициялык долбоорлор бүтүп, жер чектелип берилген.
Биз тараптан талап кылынуучу инфраструктуралык шартты гана жеткиликтүү деңгээлге чыгара албай калабызбы деп коркобуз. Бул суу, жол, электр энергиясы, байланыш каражаттары менен камсыз кылуу деген сыяктуу маселелер. Дагы бир жагымдуу жагдай, жергиликтүү элге ыңгайлуу болуш үчүн Караколдогу тоо-лыжа базасынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, алардын кирүү баасын төмөндөтө алдык. Азыр жергиликтүү эл үчүн баа 950 сомдон 650 сомго чейин төмөндөтүлдү. Эми эс алууга келген жарандар 2-күндөн 4-күнгө чейин арзандатылган баада эс алып кете алышат.

- Кезегинде «Ысык-Көлдө Менделеевдин таблицасындагы баардык баалуу кен байлыктар бар» деп айтылды эле. Эмнегедир ошол кен байлыктарыбызды иштетүүгө чарк-чамабыз жетишпей келаткандай. Анын негизги себебин эмнеден көрөсүз?

- Туура айтасыз. Жеке эле Ысык-Көл областы эмес, бүтүндөй Кыргызстан биз үчүн баалуу кен байлыктардын мекени десем болот. Мисалы Сары-Жаз өрөөнүндөкалай, вольфрам, тантал жана башка көптөгөн тоо-кендин иштетилбеген миллиондогон тоннасы жатат. 
Эски союз учурунда Сары-Жазда көптөгөн өндүрүш жайлары курулуп, кен казуу жумуштарына аракеттер жасалып калган. Бирок, союздун урашы менен алардын көпчүлүгү талкаланып, таланып-тонолуп кеткен. Ошондой болсо дагы былтыркы жылдан баштап мында кытайлык эки компания иштей баштады. Алардын биринчиси «Сары-Жаз майнинг» компаниси жана экинчиси «Централ Азия Тин» компаниси.
Мында өткөн эки жылдан бери калай, вольфрам өндүрүү боюнча жумуштар башталып калган. Бирок, алар ар кандай себептерден улам азырынча токтоп турат. Азыр мамлекеттик заказ кабыл алынып, алар эксперименталдык завод курууга белсенип турушат. Ушул эле Сары-Жаз суусуна 4-5 чакан ГЭСтерди куруу боюнча да Кытай ишкерлери менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ал эми Жыргалаң шахтасы болсо илең-салаң иштеп жатат. Ал жер 2010-жылдагы жалпы элдик революцияга чейин эле Кытай ишкерлерине сатылып кеткен. Күнү бүгүн да андан жарытымдуу көмүрчыкпай жатат. Ошол эле учурда анын жанында «Дорго көмүр» көмүр разрези бар. Ал жерде көмүрдүн ири запасы катталган. Тилекке каршы бул кен эски ыкмадагы кол күчү менен казылып жатат. Аны тиешелүү технологиялык жабдуулар менен толук түрдө камсыз кылсак, жыл ичинде 150 миң тонна таш көмүр казылмак. Бул областтын көмүргө болгон муктаждыгын толугу менен канааттандырмак. Азыр бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып жатат.
Күрмөнтүдөгү цемент заводунун чындап эле багын ачпасак, болбой калды. Себеби бул завод 1956-жылы курулуп, орто жердеги менчиктештирүүнүн натыйжасында, заводдун көптөгөн технологиялык жабдуулары таланып-тонолуп кеткен. Бул заводду азыр иштетип жаткан ишкерлерге былтыр премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келип көрүп, эл менен жолугушуу өткөрүп, ишкерлерге 3 айлык мөөнөт берген. Бирок, завод бул аралык ичинде толук кандуу иштей албады. Анын ички, тышкы карызы эле учурда 21 миллион сомго чыкты. Анын үстүнө заводго учурда Карагандадагы асбест-цемент заводу ээлик кылат. Инвесторлорго заводдун 83% ациясы тиешелүү. Калганы жергиликтүү ишкерлерге таандык.
Өз кезинде мындан чыккан баалуу цемент сырьесу Токтогул ГЭСин курууда кеңири пайдаланылган. Азыр бул заводду жаңылоо боюнча Аравандагы, Кызыл-Кыядагы цемент заводдоруна кайрылып, алардын өндүрүшүн үйрөнүп жатабыз.
Мындан сырткары заводго жан киргизүү боюнча “Кумтөр” алтын кенине дагы кайрылып жатабыз. Себеби, биздин продукциянын негизги пайдалануучуларынын бири болуп ушул компания эсептелет. Айрыкча акиташ сырьесу боюнча. Ал эми «Тоголок» алтын кенинде 70 тонна алтындын запасы бар экендиги аныкталган. Аны иштетүүгө учурда кыргыз өкмөтү дагы кызыкдар болууда.

-Өндүрүшбүздү өсүшкө сүрөөчү тармакты биз өнөр-жай тармагы деп билебиз. Бирок, ал тармак да өрөөндө жыл санап өмөчөктөөнүн үстүндө болуп жатат. Деги эле өнөр-жайыбыз өр тартуучу мезгил келүүчүдөйбү?

- Бул моюнга алуучу чындык. Кезегинде Балыкчы менен Каракол шаарлары өнөр-жайынын областтагы локомотиви эле. Азыр бул багытта тыңдуурак эч нерсебиз калган жок. Өндүрүш тармагы эптеп эле жашоодо. Алардын басымдуу бөлүгү туура эмес менчиктештирилип кетип, ыксыз таланып-тонолгон. Бир караган адамга азыр алардын сырткы макеттери гана калды. Аларды кармап турууга мүмкүнчүлүк да жок. 
Аларга жаңы технологиялык жабдууларды алып келип гана кайра иштетпесек, абал биз күткөндөгүдөй эмес. Областтагы бирин-экин гана акционердик коомдун заводдору иштебесе, калгандары талкаланып жок болуу чегине жетип калыптыр. Бул ишканалардын жер аянттарынан баштап, имараттарына, өндүрүштүк жабдууларына чейин ит-бекер каражаттарга эле сатылып кеткен.

- Кайра иштетүүчү тармактын келечектеги тагдыры кандай болчудай?

- Азыр эгинди гана унга тартканыбыз болбосо, абал бул тармакта абдан аянычтуу. Бир аз этти, сүттү кайра иштетебиз. Эт иштетүү боюнча Караколдо гана «Төштүк» деген кайра иштетүүчү цехибиз бар. Ал деле жарытып жибербейт. Балыкчыдагы эт комбинаты толук кандуу иштей албай келатат. Завод толук талкаланып кетиптир. Бирок, олтуруп калбай инвесторлорду издеп жатабыз. Кореядан эки ишкер Балыкчы эт комбинатын жаңыртып куруп берүү боюнча өз макулдугун беришүүдө. 
Буюрса бул жерде дагы жаңы завод курулуп калчудай. Мындан тышкары “Кумтөр” алтын кен комбинатына дагы кайрылып жатабыз. Азырынча жооп боло элек. Сүт азыгы Кызыл-Суудагы «Ак-Жалга» жана Түптүн Жылуу-Булак айылындагы сүттү кайра иштетүү заводунда иштетилүүдө. Бирок, бул эки завод областта өндүрүлгөн сүттү толук түрдө кабыл ала албайт.
Кореялык ишкерлер Ак-Суу айылында картошканы кайра иштетүүчү завод куруп жатышат. Буюрса, бул завод эки ай аралыгында пайдаланууга берилет. Анын иштеп кетиши менен жеке эле Ак-Суу районунун эмес, ага жамаатташ жайгашкан райондордон дагы картошка сатылып алынат деген ой бар. Завод өзүнө бир жылга жетээрлик картошканы сатып алып койгон.

- Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун каражаттарын мындан ары пайда алып келүүчү орто, кичи жана ири кубаттуулуктагы ишканаларды ишке берүүгө жумшоо жагдайы каралчудайбы?

- Чыны менен эле “Кумтөр” алтын чыгаруучу комбинаттын тапкан пайдасынын 1% областка ар жылы миллиондогон сом киреше берип турат. Тилекке каршы быйылкы жылга чейин бул каражаттардын дээрлик көпчүлүгү социалдык обьектилерди курууга, кээ бирлеринин капиталдык ремонтун жасоого каралып келген. Ушул күндөрү бул каражаттын 2013-жылга карата бөлүнүшүн карап жатабыз. 
Өнүктүрүү фондусунун байкоочулар кеңеши пайда алып келүүчү тармакка анын 40% бөлүп берет. Бул боюнча шаардык мэриялар, райондук мамлекеттик администрациялары өз сунуштарын берип жатышат. Бирок, ошол эле учурда бул каражат, жобонун коюлган талабына ылайык, «мамлекеттик муниципалдык ишканаларга гана бөлүнүп берилет» деп көрсөтүлүп калыптыр.
2012-жылы “Кумтөрдөн” түшүүчү каражат 500 миллион сомго чейин чыгат деген божомолдоолор берилсе, анда иш жүзүндө анын 48 %ы гана келди. Азайуу “Кумтөрдөгү” ремонттук жумуштарга, ар кандай жол тосууларга, иш таштоолорго байланыштуу болду. Натыйжада 2011-жылдан бери курулуштары башталып калган социалдык объектилердин курулуштары жарым-жартылай гана бүткөрүлдү. Буга чейин жумуштары башталган 12 объектинин 4 гана пайдаланууга берилген. Ошондуктан биз быйылкы жылы бул курулуштарды толук бүткөрүүгө жана пайдаланууга берүүгө көңүл бурганы турабыз.
- Акыркы жылдары тоо-токой байлыктарына, Ысык-Көлдөгү балык запастарына, кайберендер дүйнөсүнө ашкере сук артуучулар арбыды. Андан жаратылышыбыз болуп көрбөгөндөй жабыр тартууда.

- Айрыкча акыркы эки жылдан бери туруктуу рейддерди өткөрүп, браконьерлерди административдик жазаларга тартып келгенибиз менен майнап аз. Башкасын албаганда дагы, 1 кубометр ишке жарамдуу карагайды мыйзамсыз кыйган браконьерге 700 сом айып салынат экен. Ал эми бир тоо текеге 7000 сом айып салынат. Мындай айыпты браконьерлер быш этпей туруп төлөп, эртеси эле кылган иштерин уланта беришет. Ысык-Көлдөгү балык запасын коргоо иретинде 5 жылдык мараторий дагы жарыялап көрдүк. Эч нерсе өзгөрбөдү. 
Браконьерлерге айыптык чектөөлөрдү 10 эсе жогорулатып берүү жаатында атайын мыйзам иштеп берүүсүн өтүнүп, Жогорку Кеңешке дагы кайрылдык. Мыйзам аркалуу гана жаратылыш байлыктарын эч болбоду дегенде азыркы турушунда сактап калбасак, келечек муундарга чоң карыз болуп калуучудайбыз.

-Сөз акырында областтагы коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү жагдайына баа бере кетсеңиз? Болбосо, азыр коррупция областтык администрациянын өзүндө бар деген сөздөрайтылууда?

- Эл болгон жерде ар кандай кылмыш иштерине барган кызматкерлер дагы болот экен. Өткөн бир жыл ичинде менин өзүмдүн орун басарым, Түп районунун акими, Ысык-Көл районунун прокурору, Түп районунун соту жана башка айрым жетекчи кызматкерлер жүрөк үшүн алган бир катар коррупциялык иштерге барышыптыр. Албетте, мен алардын эч бирин канатыма калкалагым келбейт. Өз кылган күнөөлөрүн өз баштары менен көтөрүүлөрү тийиш. 
Анын үстүнө алардын ар-бири мыйзам алдында жооп беришүүдө. Мыйзам мен үчүн дагы, карапайым областтын ар бир жараны үчүн дагы бирдей деп айта алам. Эң негизгиси өткөн жылда болуп өткөн дурус-буруш жактарыбызды терең таразалап, алардын ар биринен тиешелүү жыйынтык чыгарып, 2013-жылды область үчүн бурулуш жылы кылалы деген терең үмүттө турабыз.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

К. Мамбетов,  
МАБ “Кабар”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу