Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/01 15:42
 

Жеңиш Разаков: "Чек ара аймагындагы жабыр тарткандарга жапа-тырмак жардам берилүүдө"

  Жеңиш Разаков: "Чек ара аймагындагы жабыр тарткандарга жапа-тырмак жардам берилүүдө"

7-январдан бери Сох анклавына алып баруучу жолдун баары жабык. Чек арадагы Баткен районунун Бөжөй, Кадамжай районундагы Кара-Шоро айылдары менен да жол каттамы токтогон. Ал эми Согмент, Таян, Кыштут, Чарбак, Кайыңды айылдарынын тургундары болсо Сох анклавына көз карандысыз Согмент-Айгүл-Таш жолу менен каттоодо. Учурда Сох анклавынын аймагында тамак-аш тартыштыгы байкалып, күйүүчү май, отунга болгон баалар өсүүдө. Чек аралаш айылдардагы кыйын абалды жөнгө салуу үчүн атайын штаб түзүлүп, жергиликтүү бийлик тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Биз бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго бир канча суроо менен кайрылдык.


-Жеңиш Парпиевич айтсаңыз, учурда анклавдын тегерегиндеги абал кандай?


- Азыр баары ойдогудай деп айтууга болбойт. 5-январдагы чек ара жаңжалынан оор жарат алган мекендештерибиз, “барымтага алууга катышкан хушярлык өзбек жарандары жоопко тартылсын, келтирилген материалдык чыгымдардын орду толтурулсун” деген талаптарын коюшууда. Ушундан улам “чек араларды зым тор менен тоскула, жол, суу көйгөйлөрүн чечип бергиле” деген талаптар эл тарабынан күн сайын коюлууда. Элдин бул талабын ийкемдүү жана кыска мөөнөттө чечүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги комиссиялар түнү-күнү иштеп жатат. 17-январь күнү КРнын Өкмөтүнүн 1-вице премьер-министри Жоомарт Оторбаев өзү келип, Чарбак жана Согмент айылдарынын калкы менен жолукту. Жолугушууда аталган айылдарга байланышкан социалдык көйгөйлөр - чек араны тосуу, суу, ФАП жана жол куруу маселелери кыска убакытта чечилери айтылды.

-Бул маселеге Өзбекстан тараптын мамилеси кандай болуп жатат?

-Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиев менен жолугушканыбызда “эки элди элдештирип коелу, чек араны ачкыла” деген сунуш болгон. Биз «бул сунушка каршы эмеспиз, бирок Хушяр айылынын тургундары тарабынан келтирилген чыгымдар ордуна коюлсун, мыйзам бузган жарандар жоопкерчиликке тартылсын, анан»... дегенбиз.

-Чарбак айылынын тургундарына келтирилген материалдык зыянды өзбек тарап төлөп бердиби?

- Ооба, жанжал учурунда талкаланган 12 автомашина үчүн 51900 доллар төлөп беришти. Мындан тышкары хушярлыктар тарабынын талкаланган 2,5 чакырымдык суу түтүкчөлөрү калыбына келтирилди. Калыбына келтирилген менен, коңшулардын мыйзамга сыйбаган кылык-жоругуна капа болгон чарбактыктар “баскынчылык менен барымтага алышкан Хушяр айылынын айыптуулары жоопко тартылсын”, деп жатышат. Мындай окуя буга чейин да 7-8 жолу болгон. Ошондуктан мындан кийин биротоло жаңжалды болтурбоо үчүн зым тор менен чек араны тосуп бергиле деп суранышууда. Элдин өтүнүчү боюнча Сох анклавындагы Өзбекстан менен такталган чек араларды тосуу башталды. Мында эки тараптуу комиссия иштеп жатат.

-Жеңиш Парпиевич, бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт дегендей, чек арадагы мекендештерибиздин кыйынчылыктарына облустун башка айылдарынын тургундары да жардам көрсөтүп жаткандыр?

-Ооба, Баткен облусунун калкы жабыркагандарга ошол күндөн баштап эле жардам бере баштаган. Ал жардам азыр да уланып жатат. Биринчилерден болуп Согмент, Кыштут айылдарынын тургундарына ошого удаа эле район-шаарлардан, жеке адамдардан көп көмөк көрсөтүлдү. Бир эле облус эмес, Кыргыз Өкмөтүнөн,Ош облусунан да жардам болуп жатат. Чек арадагы бул кырдаал Президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө. Мен өзгөчө кырдаалдар министрлигине рахматымды айтаар элем. Алар 300 миң сомго жакын акча каражатынан тышкары, азык оокаттан, кийим кечеден, күйүүчү майдан көмөк көрсөтүштү.

-Чек ара жаңжалынан кийин Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдарындагы абал кандай? Мындай дегенибиз айрым айылдар ошол анклавдардагы жол, суу боюнча көз карандылыгы бар эмес беле?

-Чек ара жаңжалынан кийин Кыштут, Дара, Суу-Башы, Бирлик, Ак-Турпак айылдарына алып баруучу жол 7-январдан бери жабык.  
Сох анклавынын айланасында Баткен районунун 10 айылы бар жана аларды чек ара чатагына байланыштуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, таза суу, жол, мектеп, медициналык камсыздоо жана башка социалдык камсыздоо маселелери курчууда. Бүгүнкү күндө облустун баардык күчү айланма жолду курууга жумшалууда. Буга байланыштуу облустун баардык райондору менен шаарларынын техникасы, башка каражаттары ишке тартылган.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана эл тарабынан бул айылдардын жашоочуларына жардам көрсөтүлүүдө. Жакында эле аларга эл жана мекемелер тарабынан чогултулган 160 миң сомдук азык-түлүк жана күнүмдүк тиричиликке керектүү товарлар жеткирилди. Мындан тышкары аларга медициналык кызматкерлердин бригадасы барып, жардам берүүдө.
Ал эми Чарбак айылында чек ара көйгөйүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат. Комиссиянын иши бүткөн соң көптөгөн маселелер өкмөттүк деңгээлде каралып, аларды чечүү сунуштары айтылат.

Адылбек Акматов, “Кабар”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу