Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/12 17:12
 

ИАЦ "Кабар": К. Муратбеков: «2013-жылы Нарын облусунда чоң бурулуш болот»

ИАЦ "Кабар": К. Муратбеков: «2013-жылы Нарын облусунда чоң бурулуш болот»

Акыркы эки жылдан бери Нарын дубанында аз болсо да оозго алаарлык иштер аткарылып жатат. Мамлекет оор мезгилди башынан кечирип жатканда жогорку жакты карап отура бербестен, иштин көзүн билген жетекчи болсо өзгөрүүлөр чындыгында алыс эмес экендигине ынансак болчудай. Себеби, эки жыл аралыгында облус аймагында жасалган иштер, теңиртоолуктарга дем, күч берип, элдин ынтымагы менен биримдиги жакшы натыйжа беээрин КРнын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көрсөтө алды десек жаңылыш болбостур. Нарын шаарынын борбордук жолун биринчилерден болуп жасаткан, биринчилерден айылдарды көрктөндүрүү-жашылдандырууга демилге көтөрүп, бак тиккен жана башка губернаторлордун ичинен биринчилерден болуп өз блогун ачкан Канатбек Муратбеков 2013-жылда Нарын дубанында чоң бурулуш боло турганын «Кабар» маалымат агенттигинин облустагы өз кабарчысына берген маегинде кеп кылган.
- Канатбек Камбарбекович, 2012-жыл облус үчүн кандай жыл болду, кандай ийгиликтерге жетишип, эмнелерди аткара албай калдык?
- 2012-жыл облус үчүн жакшы жыл болуп, жакшы иштерди аткардык. Айдап-себүү убагында аткрылып, убагында түшүм жыйнап алдык, бирок тилекке каршы кургакчылык болгондугуна байланыштуу түшүмдү 3 центнерге аз алып калдык. Ал эми картошкадан 81 миң тонна түшүм алып, дыйкандардын эмгеги акталууда. Учурда картошка 15-20 сомдон сатылууда. Негизинен облуста 42 миң гектар жер айдалган. Ошондой эле азыр да мал кол карай элек. Облуста кыш узак жана катаал болгондуктан, кесек тоют да 1 миң 300 тонна көп жыйналып, быйыл 335 миң тонна кесек тоют даярдалды. Менин иштегениме эки жыл болуп калды, тилекке каршы ойлогонумду ишке ашыра албай жатам. Максатым ири ишкана ачып, жумушчу орундарды түзсөмбү дедим эле.
- Демек, бул жылдын жаз айларындагыдай кар оор түшүп калса, ал кырдаалдан чыгат турбайбызбы?
- Ооба, жазында кар жаап салгандыктан кыйынчылык болбодубу. Бирок бизде чөп баасы кымбат болгону менен таппай калган жокпуз, кенен сатылып жатты. Ошондуктан бул жылы 1 миң 300 тонна кесек тоют көп даярдалды. Андай кырдаал болсо чыгабыз буюрса.
- Негизинен облустагы чоң жетишкендиктердин бири чакан ГЭСтердин пайдубалынын түптөлүшү болсо керек?
- Жакшы жыл болду дегеним да бул маанилүү окуяга байланыштуу. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын каскадына чакан ГЭСтерди куруу боюнча Россиянын «РусГидро» ишканасынын өкүлдөрү менен келип өзү пайдубалын түптөп кетти. Буюрса 2013-жылдын жазы менен 4 чакан ГЭСтин курулушу башталат. Курулуш башталса 2 миңдей жумуш орундары түзүлөт. Негизинен облуска 24 чакан ГЭС курганга мүмкүнчүлүк бар. Алгач төртөө башталса, келечекте калганы да салынат деген ишеничтебиз. Президент Нарын облусун приоритеттүү облус кылам деген сөзүнө туруп атат. Буюрса 2013-жылда Нарын облусу үчүн чоң бурулуш болот, алдыга өсө турган жыл болот.
- Президент Алмазбек Атамбаев 2013-2017-жылдар үчүн стратегия долбоорун жарыялады. Бул долбоор Нарында да талкууланды. Облус шартына ылайык кандай сунуштарды бердиңиз?
- Нарын облусунун климаттык шарты татаал болгондуктан, инвесторлорду тартып чоң долбоорлорду аткара албай келебиз. Аларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе эле Чүй менен түштүк аймакты тандап жатышат. Ошондуктан биз буга чейин эле өкмөткө сунуш кылганбыз, «инвесторлор үчүн облуста жеңилдетилген шарттар болсун» деп. Мына ушул эле сунушту президенттин 2013-2017-жылдардагы стратегиялык планына да бердик, «облуска келе турган инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулсун» деп. Учурда облус аймагындагы тоо кендерин иштетүү боюнча 2013-жылдан баштап инвесторлор менен иш алып барууга даярданып жатабыз. Ал эми бул тармактагы инвесторлорго үч талап коюп жатабыз. Биринчиден, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынышы керек, экинчиден экологиялык нормалар сакталсын жана мамлекеттин кызыкчылыгы да эске алынып, канча бир пайызы мамлекетке берилсин деген. Азыр облус 87% дотацияда турабыз. Мындан чыгыш үчүн алтын, темир, көмүр кендерин иштетиш керек.
- Быйыл Түркия мамлекетинин Бурса облусуна барып келдиңиз эле. Ал жактагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду? Алар келип биздин шарттар менен таанышып кетиштиби?
- Түркиядан инвесторлор келип кетишти. Алар бизди Европага Германия жана Белгияга чакырып жатышат, «ал жактагы ири ишканаларды көрсөңөр, кайсынысы Нарынга ылайыктуу, ошону ачсаңар биз жабдыктарын коюп беребиз» деп. Мындан сырткары «айыл чарба адистерин, фермерлерди окутуп беребиз» дешүүдө. Негизинен азырынча суроо ачык бойдон турат. Бирок быйыл түрктөрдүн колдоосу менен шаарга 28 млн. сомго спорт зал ачылды. Эми кыздар лицейин куруп беребиз деп жатышат. Ал эми Россиянын Оренбург облусундагы сапарыбызда студенттерди окутуп берүү боюнча сүйлөшүүлөр ишке ашып, учурда ал жакта 8 студент бюджеттик негизде билим алып жатат. Алар да «Бажы Биримдигине кирсеңер айыл чарба техникасын беребиз» дешкен. Эгер Бажы Биримдигине кирип калсак бул сүйлөшүүлөр жанданат. Ошондой эле январь айынын соңунда ар бир райондон жана айылдардан 15ке чукул фермерлер Кытай мамлекетине барганы турабыз. Чакыруу алдык. Ал жактан биздин фермерлер күнөсканаларды ачуу боюнча окуудан өтүшөт, айыл чарбасы менен таанышабыз жана Кызыл-Суунун Улуу-Чат ооданындагы СЭЗдин алдында ачылган ишканалардын иши менен жеринде тажрыйба алмашуу болот.
- Сиздин демилгеңиз менен өткөрүлүп жаткан «Мыкты айыл өкмөтү» кароо-сынагынын талаптарында жазылган жумушчу орундары түзүлүп, канча адам жумуш менен камсыз болду?
- Бул сынактын арты менен көп иштер аткарылып жатат. Быйыл биз мектептер арасында да «Мыкты мектеп» сынагын жарыяладык. Биз мындай программа менен «Биз, теңиртоолуктар, өкмөткө жардам беребиз» деген демилгени көтөрүп жатабыз. Качанкыга чейин өкмөттөн каражат күтүп, жардам күтүп отура беребиз? Азыр мурдагыдай заман жок. Ар бирибиз өз оокатыбызга тың болушубуз керек. Жалпы эл да бул демилгени колдоп жатат. Ошол биздин мамлекетке кошкон чоң үлүшүбүз. Биздин мындай демилгебиз колдоого алынып, республиканын аймагына жайылтуу боюнча өкмөттүн программасы да бар.
Ал эми конкурстагы негизги талап - иш орундарын түзүү, колдон келишинче чакан ишканаларды ачуу болчу. Мисалы, быйыл баш байгеге коюлган машинаны эмнеге Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө бердик? Ал жерде сүттү кайра иштеткен ишкана бар, күнөскана ачылган, нан чыгарган цех ачылды, жапон ыктыярчылары кол өнөрчүлөрдүн ишканасын ачып иштеп жатышат.
Ал эми биринчи орунду алган Жумгалдын Байзак айылында тегирмен, сүт иштеткен ишкана, малдын асылдуулугун арттырган ишканалар ачылды. Мындай ишканалар жана башкалар ар бир райондо ачылып жатат, ар бир райондо техникалык кызматтар уюшулган. Статистика боюнча 11 миң адам жумушсуз болсо, азыр жумушсуздардын санын 1500 гө азайттык. ГЭСтер курула баштаса 2 миң жумуш орду түзүлөт. Азыр тескерисинче шаардан жаштар келе башташты. Жер иштетип, мал чарбачылыгына кызыккан жаштар көп болууда.
- «Кумтөр» компаниясы облуска келтирген зыяны үчүн тапкан пайданын 1% облуска берсин деген талапты коюп жатасыз. Эгер сунушуңуз колдоо тапса бизге канча каражат түшөт?
- Учурда «Кумтөр» боюнча чоң маселе каралып жатат. Мен да мамлекеттик комиссияда мүчөмүн. Бул жерде көлдүктөр таарынбай эле коюшсун. Кенден чыккан калдыктар, зыяндуу заттар Нарын суусу аркылуу Нарын району менен шаарынын жашоочуларына таасирин тийгизип жатканын Германияда жана Москвада чыгып келген анализдер далилдеп турат. Мен өзүм да көрүп келдим. Эгер бизге компания жылына 10 млн. доллар (1%) бере турган болсо, көп кабаттуу үйлөрдү салат элек, ири-ири ишканаларды ачат элек. Биз 2011-жылы өткөргөн бизнес-форумдун да максаты ушул эле. Теңиртоолук бизнесмендерге, «Акун» фирмасына, «Аю» ишканасына, «Дордой» ассоциациясына жана Бишкектеги чоң-чоң үйлөрдү куруп жаткан курулуш ишканаларынын ээлерине «чоң ишкана ачып бергиле» деп кайрылдык, тилекке каршы колдоо тапкан жокпуз. Бирок социалдык жардам берип жатышат. Бизнес форумда 32 долбоор сунушталып, 19у колдоого алынса, анын ичинен 14ү ишке ашты.
- Республикадагы губернаторлордун ичинен биринчилерден болуп Нарындагы «Naryn.kg» сайтына өз блогуңузду ачтыңыз, пайдасы бар бекен?
- Блог ачканым мен үчүн жакшы болду. Ал аркылуу көп нерселерди билип жатам. Мисалы, жакында эле Нарын районунун Чет-Нура айылынан бирөө жол маселеси боюнча жазган экен. Дароо барып жеринде көрүп, жолун Ийри-Суу айылына чейин жасаттык. Ошондой эле шаардан бир бала «бизге борбордук аянтты кечкисин жаап берип туруңуз, ролик, велосипед тебе албай жатабыз» деп жазган, бул да аткарылды.
Негизинен блогго жазылган көп сунушарды аткарып жатамын. Ал эми дагы бирөө мени сындап жазыптыр, «өзүн рекламалап жатат, иш деле жүргөн жок, кандай болсо ошондой» дегендей. Бирок мен бул сынга кошулбаймын. Кудайга шүгүр, иштер болуп жатат, жылыштар бар. Элдин жашоо турмушу жакшырып жатат. Мен чет өлкөлөрдө иштеп келдим, мамлекети бай болгону менен элдери кедей турган мамлекеттерди билем. Ага салыштырмалуу биздин эл абдан эле бай. Жок деген нарындыктын 5 кою бар.
- 2012-жыл жеке Сиз үчүн кандай жыл болду?
- 2011-жылы жаңы жумушка келгени кыйналгамын. Бир жылда жакшы эле тажрыйба топтодум. Ал эми 2012-жыл өзүм үчүн жакшы да, жемиштүү да жыл болду. Жемиштүү дегеним, аз болсо да мен элдин ишеничин актай алдым. Элдин ишеничи болгондуктан азыр да иштеп жатам. Сиздер билгендей, мен «Республика» партиясы аркылуу келгенмин. Алар азыр оппозицияда, мен да кетишим керек эле оппозицияга, бирок президенттин жана элдин ишеничи менен азыркы жумуш ордумда калдым. Президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөндө ал мага: «Экөөбүздө бир эле партия болуш керек, ал кыргыз эли жана Кыргызстан. Биз Кыргызстан үчүн кызматыбызды кылабыз», - деди.
- Жаңы кирип келе жаткан 2013-жылга карата тилектериңиз?
- Жаңы 2013-жыл менен кыргызстандыктарды, анын ичинде теңиртоолуктарды куттуктаймын. Биздин президент айткандай, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, кечиримдүүлүк, тынчтык жана бакубат жашоо болсун. 2013-жыл алдыга жыла турган жыл болсун. Кыргыз эли ынтымакты, биримдикти колго алсак, жакынкы арада Кыргызстан оңолот деп ишенем.

Маектешкен Чынара Токтогулова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу