Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/12 13:43
 

Ж. Разаков: «2012-жылы Баткен облусунда көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилди»

Ж. Разаков: «2012-жылы Баткен облусунда көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилди»

Узап бараткан 2012-жыл республикабыздын эң алыскы Баткен облусунун элинин турмушунда кандай болду? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алыш үчүн КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Парпиевич Разаковго бир катар суроолор менен кайрылдык. 
- Жеңиш Парпиевич, узап бара жаткан жыл Баткен облусу үчүн кандай болду?
- Быйылкы жыл элибиздин эсинде көптөгөн көйгөйлөр жана жакшы ийгиликтер менен эсте калды. Көйгөй дегеним, өзүңүз билесиз, жаз мезгилинде облусубуз жаратылыш кырсыктарынан олуттуу жапа чекти. Келтирилген зыян жүз миллиондогон сомду түздү. Канчалаган жарандарыбыз үй-жайынан, мал-мүлкүнөн ажырады, социалдык объектилерге оор зыяндар келтирилди. Баарынан да кокусунан болгон табият кырсыгы адам өлүмүнө алып келиши кабыргабызды кайыштырды, элибиз орду толгус жоготууларга учурады. Ошол эле учурда, элибиз Кудайга шүгүр, мүңкүрөп олтуруп калбастан, ынтымак жана биримдик менен бул кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен калыбына келтирүү иштери уюшкандыкта жүргүзүлдү.
- Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткендигине 20 жылдан ашкан менен Баткен облусунда жол. Электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелери чечилбей келатты эле. Сыягы, быйыл бул көйгөйлөр чечилди окшойт?
- Ооба, облусубузда быйылкы жыл бир топ алгылыктуу иштердин ишке ашышы менен эсте калды десем болот. Жамандыктан көрө жакшы иштердин басымдуу экендигин белгилеп кетейин. Буга чейин чоң көйгөй жаратып келген энергетикалык кризис жоюлду. Анткени өзүңүз билесиз, облусубуздун Лейлек району менен Сүлүктү шаары электр энергиясын пайдаланууда кошуна өлкөлөргө көз каранды болуп келген. Элибиздин көптөн күткөн максаты ишке ашып, узундугу 140 километр болгон «Айгүл-Таш-Самат» электр линиясы президентибиз А. Атамбаевдин катышуусунда пайдаланууга берилди. Ал эми Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү «Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен» жолунун бүткөрүлүшү жалпы облус калкынын чон кубанычы болуп калды. Бүгүнкү күндө Ош шаарынан Баткен шаарына чейинки аралык 2-3 саатка кыскарды. Буга чейин кошуна мамлекеттердин анклавдарынан өтүүдөн чочуркап, канчалаган инвесторлор, туристтер же өзүбүздүн жараныбыз болобу Баткен облусунун борборуна Сох аркылуу өтүүдөн санааркап, Оштон ары кетип калышчу. Азыр эми андай жүрөк ооруткан маселе жок, келүүнү каалаган бардык жарандардын Баткен облусуна кенен келип-кетишине мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат.
- Баткен облусунда мектептердин да көйгөйү толук чечиле элек. Бул багытта да бир катар жакшы иштер жасалды окшойт?
- Облусубузда мектептердин жетишсиздиги боюнча да чоң көйгөйлөр бар экендиги чындык. Келечек муундарга татыктуу билим берүүдө мектеп имараттарынын жетишсиздигин жоюу боюнча өкмөттүн колдоосу менен Кадамжай районунда 4 мектеп, эл аралык уюмдардын колдоосу менен 2 мектеп, Баткен шаарында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 мектеп курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Белгилеп кетүүчү жагдай - республикалык бюджеттен жаңыдан курулган мектептердин бардыгы 2-3 кабаттуу типтүү мектептер. Мунун баары республикалык бюджеттин тартыш болуп тургандыгына карабастан бүткөрүлдү. Бул курулуштар КР Өкмөтүнүн чек ара аймагындагы Баткен облусуна артыкчылыктуу көңүл бурушунан улам бүткөрүлдү. Баткен облусун өнүктүрүүгө президентибиз Алмазбек Атамбаев такай көңүл буруп, өзгөчө мамиле кылгандыгын айтып кетсем болот.
- Спортту өнүктүрүүгө да көңүл бурулуп, жакшы ийгиликтер жаралганын уктук...
- Кыргыз Республикасынын президентинин дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн спорт тармагын өнүктүрүү боюнча токтомдоруна ылайык жаштарды спорт оюндарына тартуу маселесин жандандыруу, алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен сергек жашоонун үлгүсүн калыптандырууга өбөлгө түзүү максатында облусубузда жыл башынан бери жигердүү аракеттер көрүлүп келди.
Биз тараптан спортко мынча көңүл бурушубуздун эң негизги мааниси - спортту өнүктүрүү мамлекетибиздин өнүгүшүнүн башкы багыты, маанилүү маселеси экендигин элге жеткирүү эле. Бул багытта облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар тарабынан спортчуларга мүмкүнчүлүккө жараша моралдык жана материалдык колдоо көргөзүлдү. Баткен облусунун спорттук тарыхында аз убакыттын аралыгында албан ийгиликтер жаралганына баарыбыз күбө болуудабыз. Албетте, мындай өлкө сыймыктанаарлык жетишкендиктерден соң жаштарыбыз келечекке чоң үмүт, зор ишенич менен карап, алга карай арымдуу кадам таштаары бышык. Ошондуктан биздин спортчулардын мындай ийгиликтерине жооп кылып, спортту өнүктүрүүгө жергиликтүү деңгээлде иш жүзүндөгү аракетибиз менен Кыргызстандын спортунун келечегине өзүбүздүн үлкөн салымыбызды кошобуз деген үмүттөмүн. Бул багытта быйыл инвесторлордун жардамы менен облус аймагында жаштардын спорт менен машыгуусуна жергиликтүү бийлик тарабынан тиешелүү шарттарды түзүп берүү боюнча көрүлгөн аракеттер башка аймактарга үлгү болушу керек. Мен буга чейинки өз тажрыйбамдан билгендей эле өлкөбүздө коомдук-саясий абалдын тынчтыгына салым кошуп, аймактагы абалды турукташтырууга көмөк көргөзүүдө спорттук мелдештердин ролу чоң экендиги талашсыз.
- Баткен облусунда чек ара маселеси дайыма көйгөйлүү болуп келген. Бул багытта кандай алгылыктуу иштер жасалды?
- Өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткенден бери чек ара маселеси алдыңкы планда коюлуп келет. Чек аранын такталбагандыгынан улам көптөгөн көйгөйлөр жаралганы чындык. Ошол эле жер-суу талашы, жылма миграция, аткезчилик жүктөрдү ташуу маселелери барып-келип эле чек аранын такталбагандыгына такалат. Премьер-министр Жантөрө Жолдошевич Баткен облусуна жакында келгенде жалаң чек ара аймактарын кыдырып чыкканы бекеринен эмес. Анткени облустун аймагындагы экономикалык, социалдык мүнөздөгү көйгөйлөрдүн 90 пайызы чек ара аймактарына таандык. Чек ара маселеси боюнча маселени кошуна өлкөлөр менен өзүбүздүн деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мүмкүн болушунча эк тараптуу алакаларыбызды арттыруунун аракетин көрдүк.
Мисалы, Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси, кесиптешим Кохир Расулзода мырза менен достук жана кызматташтык жаатында жакындан иштешүү менен эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого салым кошуунун аракетин көрдүк. Жыл ичинде бир нече жолу регионалдык кызматташууну өнүктүрүү максатында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы бир катар талылуу маселелер талкууга алынып келди. Мунун алгачкы акыбети болуп Лейлек районундагы «Кулунду-Максат» эркин жолунун курулушунун кайрадан башталышы ушундай алгылыктуу алакалардын үзүрү экендигин баса белгилеп кетсем болот. Бул жолдун курулушу 50 миңге жакын калк жашаган Лейлек районунун төмөнкү зонасынын борбор менен өз ара катташуусунда чоң мааниге ээ. Буюрса, каржылоо жагы өкмөт тарабынан чечилген Кожо-Бакырган дарыясына салынуучу башка аймактар менен түз каттоого мүмкүнчүлүк берген 23 жана 42 метрлик эки көпүрөнүн курулушу кыска убакытта бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
Мындан сырткары Өзбекстан менен чектеш аймактарда чек араны бекемдөө боюнча инженердик курулуштар жүрө баштады. Анткени чек ара тосмолорунун жоктугунан чыр-чатактар менен келишпестиктер болуп келген. Азыр эми олуттуу көйгөй жараткан жерлерге тосмолорду, байкоо жүргүзүүчү мунараларды коюуну баштадык. Дагы бир жакшы кабар - жалаң өкмөттүн каржылоосу менен чек ара бекеттеринин курулушу жүрүп жатат. Учурда чек арачыларга казарма курулуп бүткөрүлүп, өкмөт башчы ачылыш аземине катышты. Мындан сырткары офицерлер үчүн турак үйлөрдү куруу пландаштырылган. Быйылкы жылга бул боюнча премьер-министрибиз Жантөрө Сатыбалдиев чек ара аймактарын кыдыруудан кийин калган обьектилердин курулушун мындан ары да колдой тургандыгын билдирди. Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын программаны кабыл алдык. Бул программа биринчи болуп Баткен районунун Таш-Тумшук айылында ишке аша баштады.
- Ал эми келечекте кандай иштерди жасоо пландаштырылууда?
- Баткен облусунун келечектеги өнүгүү планын кабыл алдык. Ага ылайык, облусубузда бир топ социалдык курулуштар жүрүп, экономикалык жандануулар күтүлүүдө. Эл аралык донорлордун жардамы менен өзүбүздө өндүрүлгөн Баткен күрүчүн, өрүктү кайра иштетүүчү цехтерди куруп, экспортко чыгаруу боюнча иштер жасалды. Буюрса быйыл көрүлгөн аракеттер үзүрүн келерки жылдан баштап бере баштайт деп үмүттөнүүдөбүз. Эл аралык донорлордун колдоосу менен облус борборунда бизнес-борборун ачууну пландаштырып жатабыз. Эгер биздин планыбыз ишке ашып калса, бул пландар облусубузду өнүктүрүү боюнча иштиктүү кадамдарыбыздын бири болуп калмакчы. Дагы бир топ долбоорлорду КРнын өкмөтүнө, бизнес-пландарды эл аралык уюмдарга жибердик. Эгер ал долбоорлор колдоо таап калса, 2013-жыл Баткен облусунун тарыхында чоң экономикалык өсүшкө карай бурулуш жылы болуп калмачы.
- Лейлек районунун Катраң айылындагы окуя кандай чечилди?
- Катраң айылы боюнча айтсам, өлкөбүз боюнча кен чыккан жердин баарында азыр ар кандай топтун нараазычылыктары мүнөздүү көрүнүш болуп жатпайбы. Ошентсе да эл менен жолугушууда мен айтып келемин - кандай инвестор болбосун биринчи кезекте жергиликтүү эл менен эсптешүүсү керек. Эгер келген инвестор ал жерди иштетүүнү кааласа, биринчи кезекте жергиликтүү калктын көйгөйүнө кулак салып, өз максатын түшүндүрүп, элге кандай пайдасы тийе тургандыгын айтып, андан кийин иш баштаса ийгилик жаралат. Туура, ал жерде айрым адамдар тарабынан экологиялык зыян туурасында маселе көтөрүлгөн. Бул боюнча өкмөттөн атайын жумушчу комиссия түзүлүп, зыяны менен пайдасын карап чыгып, калың элге кабарын жеткирдик. Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, табиятка келтирилген зыян боюнча кен изилдөөчү компанияга ири суммадагы айып салынды. Негизинен арчалар кыйылып кеткен. Бул жерде токой чарбасы көзөмөлгө албай, өз ишин аткарбагандыгы көрүнүп турат. Бирок атайын адистердин текшерүүсү менен сууда зыяндуу заттар жок болуп чыкты. Премьер–министр менен жолугушууда кен чалгындоочу компаниянын жетекчилигине алтын казылуучу жайда экологияны сактап, алынган пайданын 2 пайызын жергиликтүү бюджетке которуу, жумушчулардын 95 пайызын жергиликтүү айыл тургундарынан алууну жана айылдын социалдык маселелерин чечүүдө жергиликтүү элге жардам берүү жагы тапшырылды. Мисалы, кен чалгындоочу компания 5 миллион долларды буга чейин өздөштүргөн. Өкүнүчтүүсү, 165 миллион долларга инвестиция жумшап жаткан компания жергиликтүү элдин социалдык көйгөйлөрүн чечип берүүнү унутта калтырып, эң негизгиси мүмкүн болушунча жергиликтүү калк менен өз ара тыгыз байланышты түзүүнү көңүл сыртында калтырышкан. Ошол эле учурда жергиликтүү айыл өкмөтү көңүл буруучу маселелер да бар экендиги айтылды. Жергиликтүү бийликке инвесторлорго шарт түзүп берүү, инвестордун ишине тоскоолдук кылган жагдайлардын алдын алуу жактары тапшырылды.
- Маегибиздин соңунда баткендиктерге каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз.
- Албетте, Баткен облусунун келечеги алдыда. Элибиз «Эр бириксе бир ашуудан ашырат, эл бириксе миң ашуудан ашырат» дейт, биз качан гана биримдиктин туусун бийик көтөрүп, ынтымактуу болгонубузда гана өз максаттарыбызды ишке ашыра алабыз. Эн негизгиси - эл арасында ынтымак жана биримдик болсо, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууга болот. Узап бара жаткан 2012-жылы биз облусубузда бир топ экономикалык, социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Акыркы жылдары чек араларды бекемдөө, аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана башка экономикалык багыттагы жасалып жаткан өзгөрүүлөр жандана баштады. Жанырган жылда бул демилгелер уланып, элибиздин жыргалчылыгы жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жасап жаткан ишибиздин ийгилиги артып, алдыга койгон асыл үмүт-тилектерибиз аткарылсын деп тилек кыламын. Элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык каалаймын.

Маектешкен Эмилбек Момунов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу