Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/10 12:57
 

Жеңиш Разаков: «Баткен облусунун маселелери акыркы жылдары гана ийгиликтүү чечиле баштады»

Жеңиш Разаков: «Баткен облусунун маселелери акыркы жылдары гана ийгиликтүү чечиле баштады»

Баткен облусу өзүнчө административдик аймак болуп түзүлгөндөн бери 13 жылдын жүзү болду. Бул мезгил тарых эсебинен алганда анчалык деле узак мезгил эмес. Бирок ошого карабастан кезегинде унутта калган Баткен өрөөнүнүн көп көйгөйлөрү акыркы 2-3 жылдын ичинде четинен чечиле баштады. Алар Сох анклавындагы жол азабы, Тажикстандын Чоркух айылынан өтүүдөгү кыйынчылыктар, чек арага байланышкан чыр-чатактар эле. Бүгүн бул маселелер четинен чечилип, мамлекеттин башкы көңүлү Баткен тарапка бурулгансыйт. Бул багытта өз кабарчыбыз Адылбек Акматов КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго бир канча суроолор менен кайрылган.

- Жеңиш Парпиевич, көз ачып-жумганча эле 13 жыл өтүп кетиптир. Сөз учугун ушул багытка буруп, артка саресеп салсак, бул аралыкта эмне иштер аткарылды жана эмнелерге жетишпей калдык?
- Суроого жооп берерден мурда облус болуп түзүлгөнгө чейинки Баткен өрөөнүнүн абалы жөнүндө бир эки ооз сөз айта кетейин. Билесиз да, Баткен ал мезгилде бийлик тарабынан унутта кала жаздаган. Аймакта көптөгөн чечилбей калган социалдык көйгөйлөр көп эле. Жол, суу, чек арага байланышкан маселелерге жогору жактан жетиштүү маани берилбегендиктен эл бул өрөөндөн көчө баштаган. Миграциялык агымы күчөгөн Баткендеги мындай кырдаал коңушуларыбызга майдай жаккан. Алар көчүп кете баштаган биздин мекендештерибиздин үй-жайларына ар дайым көз артып турушкан. Ал турсун кыргыз жарандарынын үйлөрүн кымбат болсо да сатып ала баштаган фактылар катталган. Ал эми чек арабыз кароосуз калып, экстремисттик топтор оңой эле ашуулардан ашып, наркотикалык заттарын ээн-эркин ташууга өтүшкөн. Ошонун кесепетинен 1999-жылы «Жоош үйдүн коногу бийлейт» болуп, курал-жарактары менен Зардалы тараптан ачык эле кирип келишкен. Ошондон улам Баткенге бийликтин көңүлү бурулуп, ошол эле жылдын 13-октябрында курамында 3 район, 3 шаардан турган Баткен облусу түзүлдү. Бирок ошого карабастан Баткендеги коогалаң эки жылга созулду. 50дөн ашык эр-азаматтарыбыз эл-жерин коргоп жатып көз жумушкан. Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи жагында элдин оор кыйынчылыктары турган. Коогалаңдан эл үркүп, Зардалы, Кыштут, Газ айлдарынын тургундары күздө башталган коогалаңдан кышка чейин Баткенде качкын катары жашашкан.
Бирок облус түзүлсө да облуска ошондо ойдогудай дагы эле көңүл бурулган эмес. Жол куруп беребиз, суу чыгарып беребиз, чек араңарды чечебиз деген маселелер сөз эле бойдон кала берген. Анча-мынча каражат бөлүнгөн менен көйгөйдү толук чечүүгө жеткен эмес. Ошонун айынан элдин бийликке болгон ишеними кетип, эки жолу төңкөрүш болбодубу. Мына жаңы бийлик келгенден кийин буга чейин көп сөз болуп, бирок ишке ашпай келген чоң жумуштар жүзөгө ашырылды. Алардын катарында «Ош-Баткен-Исфана» жолунун, Өзбекстандын Сох анклавынан айланып өтүүчү көз карандысыз жолдун, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун пайдаланууга берилиши, Лейлек районундагы эркин экономикалык зонанын түзүлүшү, Кадамжай районундагы Кара-Кыштак-Боз, Бүргөндү каналына каралган каражаттар же Лейлек районунун Арка өрөөнүнө мамлекет тарабынан көрүлгөн камкордуктарды айтсак болот. Азыркы учурда болсо облустун айыл чарбасын көтөрүш үчүн чоң жумуштар жүрүп жатат. КРнын Өкмөтү тарабынан Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүнүн экинчи этабы башталып, ирригациялык тармактарды кеңейтүүгө каражаттар бөлүнүүдө. Эгерде бул жумуштар аягына чыкчу болсо, облуста дагы 3400 миң гектардан ашык жер пайдаланууга берилип, Бүргөндү өрөөнүндө жаңы конуштар пайда болуучу күн алыс эмес.
- Демек, кийинки эки-үч жылда облуска ойдогудай көңүл бурулуп жаткан турбайбы?
- Туура. Буга чейин көп сөз болуп, бирок ишке ашпай келген өзгөчө стратегиялык мааниси бар жогорудагы мен айткан маселелер акыркы эки жылдын аралыгында тез темптер менен чечиле баштады.
Президент Алмазбек Атамбаевдин биз өнүгүүнү Баткенден башташыбыз керек деп айткандары бүгүн иш жүзүндө ачык көрүнүүдө. Чынында Баткен облусу көп жагынан башка облустардан артта калып келгени ырас. Ошондуктан учурда аймакты тез темп менен өнүктүрүүнүн атайын программалары иштелип чыккан.
- Баткен облусу негизинен мамлекеттин каржылоосуна муктаж. Дотациядан чыгуусу жөнүндө кандай экономикалык анализдер бар?
- Негизи Баткен аймагы кол тийбеген кен байлыктарга өтө бай. Учурда аларды изилдөө, иштетүү боюнча иштиктүү аракеттер жүрүп жатат. Ал турсун Баткен районунун Дара зонасындагы айылдарда алтынды иштетүү боюнча жумушчу күчтөрү тартылып, ошондой эле Лейлек районунун Арка өрөөнүндө эркин экономикалык аймак ачылса миңден ашык жаштар жумушчу орундар менен камсыз болушуп, товар жүгүртүүнүн көлөмү өсөт. Ошондой эле кичи ишканалар курулуп, Баткен облусу 2015-жылга чейин өзүн-өзү толук каржылоого өтөт. Мен ушундан улам Баткен облусунун мүмкүнчүлүгү өтө чоң деп айтаар элем. Мындан башка Бүргөндү аймагындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Баткен районундагы «Матрац мани» компаниясы тарабынан алюминийди кайра иштетүүчү ири ишканалардын курулуштарынын келечегин эске алсак, үч жылда облус өзүн-өзү каржылап, ал турсун республиканын экономикасына да таасирдүү салымын кошот.
- «Ош-Баткен-Исфана» жолунун курулушунун Баткенге чейинки аралыгы дээрлик аягына чыкты. Эми калган Лейлекке чейинки аралык качан башталып, качан бүтчүдөй?
- Келерки жылы башталат. Акча каражаты болсо чечилген. Бул үчүн президентибизге рахмат айтышыбыз керек. Жакынкы эле Кытайга баргандагы иш сапарында «Ош-Баткен-Исфана» жолунун Баткенден Исфанага чейинки аралыгын толук бүтүрүш үчүн 100 млн. доллар ушул мамлекет тарабынан грант түрүндө берилерин айтты.
- Бул аймакта жашаган калкты жакырчылыктан чыгарыш үчүн кандай иш-чаралар көрүлүүдө?
- Калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 7%дык насыя берүү үчүн ар бир айыл округуна 2 млн. сом акча каражаты бөлүндү. КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдында түзүлгөн «Алатоо Финанс» микронасыя компаниясы тарабынан бул каражаттар айыл округдарындагы атайын каттоодо турган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилип жатат. 34 айыл округуна бөлүнгөн 68 млн. сом жеңилдетилген 7 пайыз менен насыя берилсе, жакыр үй-бүлөлөрдүн жакырчылыктан чыгуусуна чоң көмөк болот да. Мындан тышкары өкмөт тарабынан айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча фермер-дыйкандарга да бир жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген 7 пайыздык насыя берилгендигин эске алсак, жаңы бийлик элге жакшы жардам берип жатат деп айтууга толук негиз бар.

Маектешкен Адылбек Акматов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу