Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/09 10:59
 

Чаткал районунун акими Акматбек ТАЛАСБАЙ уулу: “Элге жакшы камкордук көрүүдөбүз”

Чаткал районунун акими Акматбек ТАЛАСБАЙ уулу: “Элге  жакшы камкордук көрүүдөбүз”

- Акматбек мырза, бүгүнкү абалыңыздар жөнүндө айтып берсеңиз?
 - Азыр биздин райондо тынч, стабилдүү. Эгин оруп-жыюуга катышып жатышат. Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Жусубалы Торомаматов Жалал-Абад облусуна келип, кызмат ордуна отураары менен биринчи кызматтык иш сапарын Чаткал районунан баштады. Жалпы элдин атынан, биринчи кезекте Жусубалы Кыргызбаевичтин  иш сапарын эң алыскы Чаткал районунан баштаганына ыраазычылыгымды билдирем. Иш сапарында облустун прокурору, жол башкармачылыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана дагы бир топ жетекчилер менен бирдикте келип, ар бир айыл өкмөттө эл менен элдик чогулуш өткөрүп биринчи кезекте элдин суроо-талаптарын, сын-пикирлерин укту. Андан кийин бардык 4 айыл өкмөттүн эли менен жолугушуп, чогулуш өткөрдү. Биздеги эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болгон алтын кенин казып жаткан фирмалардын иштери менен таанышты. Алардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча токтолуп, ал мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, буга элдин ой-пикири кандай экендигин сурады. Ушундай маселелер менен жакындан таанышып, өзүнүн сын-пикирлерин айтып, фирманын жетекчилери менен жолугуп, аларга да өзүнүн мыйзамдуу иш сапарынын максаты жөнүндө билдирди. 
- Иш сапарында дагы кандай орчундуу маселелерге токтолду?
- Бул жерде белгилеп кетүүчү нерсе, былтыркы жылы баарыбызга белгилүү болгондой, кыш өтө оор болбодубу. Өзгөчө биздин Чаткал районунда кыш оор, эң татаал болгон өрөөндөрдүн бирине кирет. Ошондуктан, азыртан кышка карата алдын алуу максатында Терек-Суу айылдык округун фирмалар менен эки тараптуу келишим түзүп, техникаларды калтырып, оор кышта жардам берүүнү тапшырып кетти.
Дагы бир жаңылык, Чаткал, Ала-Бука районундагы фирмалар менен жолугушуу өткөрүүнү чечти. Жергиликтүү бийликтегилер менен бирдикте, фирмалардын баарын чогултуп, айыл өкмөт башчылары, администрация башчылары менен тегерек стол өткөрдү. Бул биз үчүн чоң жардам болду. Себеби, ошол жердеги өзүбүздүн эли - журтубуз болгон суроо-талаптарды айтып, областтык администрация менен бирдикте, көптөгөн мыйзамдуу аткарылбай жаткан иштер болсо, аларды чечип, азыркыдай пикир келишпестиктер, маселелер же болбосо, жардам берүү маселелерин чечүү жөнүндө жакшы бир ой-пикирлерин ортого салды.
Акырында Суусар эли менен сүйлөшүп, ал жердеги маселелер менен жакындан таанышып, биздин жаңы былтыркы жылы иштеп турганда ачылган “Аккасняк” деген таш кесүүчү цех менен таанышты.
Кышка даярдык боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде, элге билим берүү болгон мектептерге, бала бакчаларга кирип, кышка даярдыктарды карап чыкты.
Мен эмне үчүн ушундай кабарды берип жатам? Анткени, эң биринчи эле келген ишинде элди кыдырып таанышуу менен баштап, ошонун ичинде эң алыскы район Чаткал районунан баштагандыгы элге бир жакшы маанай калтырды. Чаткал элинин аксакалдары көптөгөн жетишкен ийгиликтерди жаратууну каалоо менен узатышты. Азыр эми ушул иштер боюнча берилген тапшырмаларды аткарып жатабыз. Биздин жыйналышта, өкмөттүн отурумунда дагы Чаткал районунда кышка карата көмүр ташуу акчанын кечиккендигинен токтоп тургандыгын белгиледи. Өкмөттөн бөлүнгөн акчалар которулуп, азыркы мезгилде көмүр ташууну жаңы баштадык.
- Бүгүнкү күндө Чаткал районунда кышка даярдык кандай?
- Азыр бизде көмүр ташуу кечеңдеп жатат. Жалпы 365 тонна көмүр ташышыбыз керек. Анын ичинен 150 тонна көмүр беш күндүн ичинде ташылды. Бизде мектептердин көпчүлүгү электр жылыткычын пайдаланган мектептер. Азыркы Чакмак-Суу, Башкы-Терек айылындагы мектептерге, бала бакчаларга, китепканаларга бөлүнөт. Негизинен биздин райондо 5 мектеп көмүр менен пайдаланылат.
- Жыйым-теримдер бүтүп калдыбы?
- Учурда эгин оруу жаңы башталды. Чаткал райондук округунан Сумсар, Терек-Сай айылдык округдарында эгин аз санда эгилет. Ал эми Чаткал райондук округунан 35 гектар эгин орулду. Кантская айылдык округунда эгин жыюу жаңы ишке кирип, эки комбайн иштеп жатат. Биз кошумча дагы Жалал-Абад облусунан, Ала- Бука райондорунан комбайндарды сурап жатабыз. Жакында 3 комбайн келсе, региондордо бир айдын ичинде, тагыраак айтканда, сентябрдын аягына чейин эгин орууну бүтөбүз деген үмүттө турабыз.
- Жыйылган эгиндер элди толук камсыз кыла алабы?
- Азыркы мезгилде азык-түлүк программасы боюнча, ундун баасы көтөрүлүп кетти. Бир мешок ун 1400, 1500 сомдон сатылып жатат. Биз алдын ала камкордук көрүп жатабыз. Биздин жыйнаган буудай элди толук камсыз кыла албайт. Бирок, ошондой болсо да бизде азыр эки фирма жергиликтүү балдар аркылуу ун ташылып, кышка даярдыктар көрүлүп жатат.
- Тоют мол даярдалдыбы?
- Былтыркы кыштан жакшы эле сабак алды окшойт тургундарыбыз. Ошондуктан айрыкча, быйыл кышкы мезгилге чөп, тоют даярдоо жакшы жүрдү.

 Гүлбарчын БЕКМАТОВА, "Эркин Тоо"
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу