Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
18/08 13:55
 

Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы Башкы консулу К.Омуралиев: Мен аферистердин куйругун бастым

Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы Башкы консулу К.Омуралиев: Мен аферистердин куйругун бастым

Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Кубанычбек Омуралиев 2012-жылдын 11-январында КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен дайындалган. Ал буга чейин АКШ жана Канада элчилигинде, КР ТИМинин Экономикалык саясый жана түндук мамлекеттердин департаментинде иштеп, “Кыргызагропромимпекс” тышкы экномикалык ассоциациясын жетектеген, айыл чарба министирлигинде тышкы экономикалык байланыш бөлүмүн башкарган.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги К.Омуралиев менен учурдагы Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын ортосундагы саясый-эномикалык байланыштар, ал жактагы кыргызстандыктардын абалы жана коомчулукта талаш ойду жараткан Дубайга качып кеткен кыргызстандык кримчөйрөдөгүлөр менен болгон мамилеси тууралуу маек курду.

- Маегибизди биринчиден учурдагы Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы экономикалык саясый байланыштардан баштасак.

- Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанды өз алдынча мамлекет катары тааныган мезгилден башталат. Бирок эң өкүнүчтүүсү 2012-жылга чейин эки мамлекет ортосунда укуктук-мамиле жаатында бир да келишим кабыл алмак турсун, бул тармакта иш алып барылган эмес.

- Жагдайды эмне менен түшүндүрүүгө болот, бул буга чейинки консулдардын ишинин натыйжасыздыгыбы же биздеги саясый абал ага себеп болгонбу?

- Ага бир нече факторлор себеп болгон. Мага чейинки менин коллегаларым иш жасаган эмес деп айтуудан алысмын. Ага обьективдүү жана субьективдүү шарттар жана Кыргызстандагы саясый абал себеп болушу мүмкүн. Ошол эле убакта иш-аракеттер да көрүлгөн эмес. 2012-жылга чейин Кыргызстанда БАЭнин элчилигинин өкүлү болгон эмес, ал катнашка болгон мамилени түшүндүрөт.

Ал жактан бизге көңүл бурулган эмес, биз аракет кылган жокпуз. Ушул жылдан баштап сүйлөшүүлөр жанданууда.

- Сиз консулдук кызматка келген 6 ай ичинде кандай иштерди бүтүрө алдыңыз, конкреттүү иш жасалдыбы?

- Жарым жыл ичинде Бирикен Араб Эмираттарынын бийлигине төрт макулдашууну өткөрдүк - укуктук жардам, кош салык, инвестицияны коргоо жана экономикалык кызматташтык жаатында. Учурда бул келишимдердин долбоорлору каралып жатат, экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу БАЭ бийлиги тарабынан кабыл алынып Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ушул жылдын аягына чейин макулдашуулар каралып бүтөөрүнө жана кабыл алынаарына ишенебиз. Ал эми кош салык боюнча биринчи сүйлөшүүлөр күзүндө башталат.

Алты ай ичинде экономикалык тармакты тейлеген баардык министирликтердин жетекчилери, 7 эмираттын эмирлери жана соода-инвестиция тейлеген мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдүм. Сүйлөшүүлөр үзүрлүү болду деп айтууга болот.

Ал жакта соода-өнөр жай палатасы активдүү иш алып барат. Соода уюмдарынын төрагалары менен бирдиктүү иш алып бардым, алар биздин палата менен мамиле түзүп, Дубайда инвестициялык форум өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти, эң негизгиси ал үчүн Кыргызстандын ага активдүү катышуусу зарыл.

БАЭ Кыргызстан менен кызматташууга даяр, ага бирден бир мисал БАЭ өкмөтү Кыргызстандын ЭКОСОСто төрагалык талапкерлигин биринчилерден болуп колдоду.

- Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 200-300 миллион долларга жеткен. Бул жакынкы чыгыштагы баардык мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн суммасы эки өлкө ортосундагы суммага жетпейт. Башкача айтсам Россия, Кытай, Казакстандан кийинки 4-орунда турат. Бул жакшы көрсөткүч. Жогоруда айтылган макулдашууларга кол коюлса ал мындан да жогорулайт. Кыскасы, көп мүмкүнчүлүктөр бар.

Ата-мекендик ишкерлердин Дубайга барып иш алып барууга, ал жактан бул жакка инвестиция тартуу үчүн баардык шарттар түзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын май айында Дубайда инвестициялык форум өттү. Ага КР экномика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев жетектеген делегация катышты. Алар Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри жана бизнес уюмдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүшүп, Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун презентациялашты.

- Кыргызстан ал жакка негизинен эмне экспорттойт жана БАЭ бул жакка импорттогон товарларга токтоло кетсеңиз?

- Соода жүгүртүүнүн 68 пайызын Кыргызстандан экспорттолгон товарлар түзсө, 32 пайыз ал жактан бул жакка импорттолгон товарлар. Негизинен ата-мекендик ишкерлер БАЭге алтын, жашылча жемиш, эт ж.б. товраларды экспорттойт.

Келечекте таза сууну экспорттоо маселеси каралууда. Ал жак мунайга бай, бирок суусу жок. Логистикалык маселени чечсек, экспорттоону жогорку көлөмдө аткарсак болот. Ал эми бизге БАЭ электр товарларын импорттошот.

Быйыл декабрь айында Шарджадагы Экспо-борбордо көргөзмө өтөт, ал жакта Кыргызстан үчүн орун бөлүнгөн. Анда Кыргызстан “халал” продукциясын сунуштайт.

- Эмираттарда канча кыргызстандык бар, алар эмне менен алектенишет?

- Учурда консулдук учетко тургандардын саны 1 миң 395 адамды түзөт, бирок ар кандай эсептөөлөр боюнча ал жакта 4-5 миңге жакын кыргызстандык жарандар бар.

Эмираттардагы жарандар дарыгер, банктык тутумда, IТ, инвестициялык фонддордо жана туризм, соода тармагында иштешет.

Жеке ишкерлер да бар, мисалга алып сатуу, ортомчулук, тейлөө тармактарында иштегендер.

Консулдуктун башкы милдети жарандардын укугун коргоо менен ишкерлерге көмөк көрсөтүү. Юридикалык жардам көрсөтүлөт, документтерди легализациялоо, паспортун жоготуп алгандарга жардам, нике, туулгандыгы тууралуу күбөлүк - бир сөз менен айтканда мамлекеттик кызматтар көрсөткөн тейлөө иши жүргүзүлөт.

Статистикага кайрылсак, консулдукка ар кыл көйгөйлөрү менен 6 ай ичинде жүздөгөн жарандарыбыз кайрылып жардам алган, ал эми 26 кыргызстандыктар паспорттору жоголуп Кыргызстанга кайрылып келүүсүнө жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле БАЭде жаза-өтөө мекемелеринде отурган кыргызстандыктар да бар, бир адам 25 жылга баңгизатын сатуу менен кармалса, дагы 4 адам шылуундук менен 6 айдан 3 жылдык мөөнөткө соттолушкан.

1-2 айга кармалгандар бар, мисалга визасынын мөөнөтү аяктагандар, сойкулук менен кармалган кыз-келиндер да жок эмес, бирок алар кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанга депортацияланышкан. 6 ай ичинде депортацияланган жана мекенине кайтарылгандардын саны 26 адамды түздү.

- Кыргызстандагы гезиттердин бири, сиздин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана мурунку бийликке жакын адамдар менен болгон мамилелериңиз тууралуу жазып чыкты эле. Аны төгүндөй аласызбы?

- Бул жакта кылмыш кылышып, ал жакта мыйзам бузбай, резидент виза менен жүргөн паракорлор же мурунку бийликтин өкүлдөрү жок эмес. Эгер ал жакта кыймылсыз мүлк сатып алып жана ал жакта бизнес ачып, инвестиция салса жана БАЭ мыйзамын бузушпаса аларга резидент виза ачылып, ал жарандар ал жакта суракка алынбайт.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча эки өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери активдүү иш алып барышууда. Ал ишке консулдук өз тарабынан жардам көрсөтүүдө.

Аферистик, шылуундук жол менен жеңил акча табам деген кыргызстандыктар да жок эмес, араб инвесторлорду алдап кеткендер да бар. Мисалга, 3 ай мурун 54 мин долларга биздин жаран жергиликтүү ишкереди алдап качып кеткен, алар консулдукка кайрылышкан, ал эми биз мамлекетибиздин тиешелүү органдарына маалыматтарды жөнөткөнбүз.

Жогоруда айтылган жарандарыбыз жасалма документтер же болбосо көз боемочулук менен шылуундук иш алып барышат. Алардын арасында чет элдик, бирок акыркы 5-6 жыл ичинде биздин жарандыкты (паспортторду) алып алышып, аралашкандар, ошондой эле кыргыз жарандары бар. Мындай иштерге бөгөт кою максатында биз БАЭ укук коргоо органдарына кайрылып, активдүү иш алып баруудабыз. Мындай аракетим менен мен аферистердин куйругун бастым. Ушул себептен Кыргызстандагы гезиттердин бирине анонимдүү негизде мени кримчөйрөгө аралашкан, полициянын шефтери менен мамиле түзүп, ишкерлерден кошумча салык алып жатат деп жазып чыгышкан. Алар каралоо чарасын көрүшүүдө. Бул айтылгын каралоолор бири-бирине каршы келет, себеби бир учурда крим өкүлдөрү менен жана полиция жетекчилери менен жакшы мамиледе кандай болууга мүмкүн. Ал жакта полиция коррупцияга аралашкан эмес, ошондуктан мыйзам сакталып, тартип бузуу жокко барабар.

Башкы консул кымбат баалуу унаада жүрөт, мейманканалардын эң кымбат аппартаменттеринде жашайт деп жазышты. Мунун баары чындыкка жатпайт.

Консулдукка негизинен 3 автоунаа бөлүнүшү керек эле, бирок учурда бир эле автомашина бар. Ал эми жашаган жерим эки бөлмөлүү батир, эч кандай кымбат-баалуу мейманканалардын биринде токтогон жерим жок, мунун баары жалган жалаа.

- Акыркы суроом маданият тууралуу болсун, бул багытта кандай иштерди алып баруудасыз?

- Ушул жылдын февраль айында Султан бин Али Аль Овейс атындагы маданий борбордун жетекчилиги менен Дубай шаарында быйыл күз айларында Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул демилгени араб тарап колдоду. Бул сунушту биз маданият министирлигине жолдогонбуз, бирок жооп ала элекпиз.

Март айында “Бишкек - мен сени сүйөм” деген атылаштагы тасманын презентациясы өттү. Бул иш чараны жогоруда аталган маданият фондунун жана “Кыргызклаб” атуу биздин жарандардын уюму колдоосу менен өткөрдүк. Ага 200дөн ашык кыргызстандыктар келишти. Алар да Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнү колдой тургандыгын билдиришти.

- Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийигилик.

Маектешкен Махабат Момуналиева,
“Кабар” агенттиги, 17- август 2012-жыл

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу