Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/08 15:19
 

А.Рыскулов: «Кыргыз-казак түбү бир эл, биз ал биримдикти улантууга милдеттүүбүз»

А.Рыскулов: «Кыргыз-казак түбү бир эл, биз ал биримдикти улантууга милдеттүүбүз»

21-августта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен кыргыз жерине расмий иш сапары менен келмекчи. Бул окуя эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына да туш келип отурат. Бир муун алмашкан ушул аралыктагы кыргыз-казак мамилеси жана башка жагдайлар тууралуу биз Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси, белгилүү акын, жазуучу, журналист Акбар Рыскуловго айрым суроолор менен кайрылдык.
- Акбар Рыскулович, келерки жумада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга алгачкы ирет мамлекеттик деңгээлдеги иш сапар менен келмекчи. Сиз бул иш сапарга кандай маани бересиз?
- Бул сапар чоң маселелерди чече турган олутуу сапар го деп ойлоймун. Анткени Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу, көп тараптуу байланыштар ошону ырастап тургансыйт. Албетте, биздин байланышыбыз бүгүн гана башталып жаткан жок. Анын өзүнүн тарыхый тамыры терең. Ар бир муун өз мезгилинде эки элдин ортосундагы байланышты, көпүрөнү чыңдап келген. Биз дагы өзүбүздүн заманыбызга ылайык үчүнчү миң жылдыктардын башында турган маселелерди чечишибиз керек.
- Сиз өзүңүз деле эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстандын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп, бул эстафетаны улантууга салым коштуңуз...
- Туура айтасың. Мен да ошол эриктүү замандын башында дипломатиялык иштерге аралашып, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштегендигим үчүн өтө сыймыктанам. Дал ошол өз алдынчалыгыбыз түптөлгөн жылдарда мамлекеттик деңгээлдеги бийик даражалуу бир катар чечимдердин кабыл алынышына күбө да болгонбуз, үлүш да кошконбуз.
Ар бир күн алдыбызга жаңы талаптарды койгондугунан улам, бүгүнкү күнгө ылайык маселелерди чечүүгө тийишпиз. Мен Нурсултан Абишевичтин бул ирет республикабызга келишине байланыштуу даярдык иштерине аралашканым жок. Анткен менен эзелки байланыштарыбыздын жаңы багытын ачып, ортобуздагы байланыштарды чыңдайт деп ишенем. Себеби Бажы Биримдигине байланыштуу экономикалык жана соода-сатык мамилелерибизге жаңы талаптар, чечимдер болуп жаткан мезгилде жашоодобуз. Ошого ылайык ыңгайлуу чечимдер кабыл алынышын күтөбүз.
- Сиздин жеке баамыңызда 20 жылдын аралыгында Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси кандай деңгээлде өнүктү?
- Мен өзүмдүн жеке тажрыйбамдан жана боордош, кошуна өлкөнүн мурдагы элчиси катары өз киндигибизди өзүбүз кескен учурда мамилебиз абдан жакшы өнүктү деп айта алам. Жүздөгөн документтерге кол коюлду, анын ичинде Түбөлүк достук тууралуу да келишим бар. Жеке өзүм элчи катары Казакстанда эки ирет Кыргызстандын элчилигин ачкандыгыма сыймыктанамын. Алгачкы элчиликти Алматыда ачууга туура келди, андан кийин Астанада. Астанада биздин элчилик улуу көч барган учурда ачылган. Биз кырмызы кызыл желегибизди Сарарка жергесинде 1998-жылы 6-июлда көтөрсөк, 8-июлда дал ошол Сараркада Казакстандын жаңы борбору - ошол кездеги Акмоло, азыркы Астана шаары ачылган. Ушундан улам биздин элчилик менен Астананын туулган күнү бир учурга туш келип калган. Бул тарыхта кала турган белгилердин бири. Себеби Астананын туулган күнү жыл сайын белгиленет. Ал эми кыргыз элчилигинин туулган күнү дал ошол күндөргө туш келгендиги өтө жакшы жышаан деп ойлоймун.
Эми азыркы дипломаттар, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана бул тармакка тиешеси бар кызматкерлер өз ишинде ушул тарыхыбызды улап, татыктуу иштөөгө тийиш. Астана ар дайым менин жүрөгүмдө. Анткени анын облусттук борбордон мамлекеттик борборго айланган учурун, дарыя боюндагы камыштардын ордуна көк тиреген үйлөрдүн өсүп чыккандыгын түздөн-түз көргөн жана аралашкан учурларым бар.
- Акбар агай, азыркы учурдагы кыргыз-казак мамилелерине кандай баа бересиз?
- Менин оюмча саясый багыттагы мамилелерибиз аябай жакшы. Эки тараптуу мамилелерибизде көп үлгү болорлук жактарыбыз бар. Биздин эл аралык уюмдарга байланыштуу, кошуна мамлекеттерге байланыштуу көп тараптуу мамилелерибизде дал келген, төп келген учурлар байкалат. Мисалы, БУУ баш болгон эл аралык абройлуу уюмдарда, андан кийинки КМШ ичинде же башка жагдайларда чечимдерди кабыл алганда Кыргызстан менен Казакстандын мамилелери төп келип атат. Бул эмнеден? Албетте, биздин саясый, экономикалык жагдайыбыз бирдей тарыхый доорго туш келди. Мына ошондуктан биздин алдыбызда турган алга умтулуубузда окшош жактар бар. Бирок баары эле телегейи тегиз деп айтууга мүмкүн эмес. Себеби ар бир мезгилдин жаңы милдеттери бар да. Айтор Бажы Биримдигинде, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарда күн сайын чече турган милдеттер турат. Бир токтомду кабыл алуу менен иш бүттү деген жарабайт. Ар бир күндүн ыңгайына, талабына жараша экономикалык чечимдерди кабыл алып турушубуз керек. Менин тыштан байкоомо караганда экономикалык кызматташтыгыбызда кайрадан карап, чече турган маселелер бар. Айталык, эки өлкөнүн ортосундагы бажы тоскоолдугу карапайым дыйкандардын, фермерлердин, айыл чарбасында эмгектенген азаматтардын ишине бир топ кыынчылык алып келди го деп ойлоймун. Муну чечүүгө болот. Анткени Алматы менен Бишкек эзелтен эле кошуна жайгашкан дыйкандардын өндүргөн продукцияларына муктаж болуп келген. Анда эмне үчүн биз жасалма тоскоолдуктарды коюшубуз керек? Бажы маселесин чечүүдө ушул жагдайлар эске алынууга тийиш. Биздин эки тараптуу мамилелерибизди биз эмес, ата-бабаларыбыз негиздеген. Биз дагы учурунда ошого салым коштук деп ойлойбуз. Демек, түпкүлүгүбүз терең бир элбиз. Эми ошол тарыхый тамырыбызга таянуу менен күндөлүк, анын ичинде экономикалык, чарбалык, калктын социалдык турмушуна кам көрүү маселелерин бирдей чечүүгө милдеттүүбүз. Чыгыш элинде «Эки кошуна мамлекет эрин менен тиштей, экөө бирдей кыймылдап турууга тийиш. Эгер эрдиң жырылып кетсе, тишиң жыргап кетпейт, ал эми тишиң ооруп турса, эрдиңе кантип жакшы болсун?» деген сөз бар. Ошондон улам кыргыз-казак алакаларында эриш-аркак мамилелерди сактап, сактамак тургай өнүктүрүп отурууга тийишпиз.
- Эгер Кыргызстан эки ирет революцияны баштан өткөрүп, экономикалык жактан кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатса, Казакстан жакынкы жылдары дүйнөдөгү алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулууга умтулууда. Бооордошторубуздун ушул дүркүрөп өнүгүп жаткандыгынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Экономикалык өнүгүүнүн бир сыры - ал эч кимге жашыруун эмес - саясый абалдын туруктуулугунда. Казакстанда ушул туруктуулук өкүм сүрүп атат. Жыл сайын адамдар эмгегинин үзүрүн көрүүдө. Дыйкан түшүмүн алып, өнөр жайында иштегендер өз продукциясын тышка сатууда. Экинчиден, туурасын айтыш керек, Нурсултан Абишевич - дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы. Аны өзү бир нече ирет далилдеди, биздин да көзүбүз жетип турат. Мына ушундай ар кандай саясый жана экономикалык жагдайлар, анын ичинде лидер маселесинин олуттуу чечилиши Казакстандын өсүп-өнүгүшүнө шарт түздү. Андыктан Казакстандын дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарына кошулабыз деп жатышы абдан жакшы тилек. Биз да ага тилектеш болушубуз керек.
Бүгүнкү күндө Н. Назарбаевдин келечекти көрө билген туура саясатынын негизинде Казакстанда саясат, экономика менен кошо маданият, билим берүү, спорт тармактары да бирдей өнүгүп жатат. Бул айткандарыбызга кечээ эле Лондондо аяктаган Олимпиададагы казакстандык спортчулардын ийгилиги күбө. Алгачкы бир нече күн медалдардын саны боюнча алтынчы орунга чейин чыгып, ал тургай Россияны да артка калтырбадыбы. Өнүгүүнүн бир тармагы болгон спорттогу ийгиликтер мамлекеттин башка тармагына да дем берип, дүйнөгө таанытты. Кошуналарыбыздын экономикада жана башка жактарда жаратып жаткан мындай ийгиликтеринин Кыргызстанга да сөзсүз пайдасы тиет жана тийип жатат деп эсептеймин. Кедей кошуна менен жанаша жашаган жакшыбы же колунда бар бай кошуна менен жанаша жашаган жакшыбы? Ушундан улам Казакстандын президентинин жергебизге келген иш сапары кош колдоп колдоого ала турган жагдай.
- Нурсултан Абишевич «Дүйнөдө казак менен кыргыздай тили, дили жакын бир тууган эл жок» деп айтып келет. Тарыхчылар да биздин түбүбүз бир эл болгондугубузду айтышат. Ушул жагдайларга сиздин пикириңиз кандай?
- Мен деле мындай сөздөр менен пикирлерге толук кошулам. Анткени жогоруда айтылгандай, тарыхый чындыкты унутууга болбойт. Менин Казакстанда көптөгөн досторум бар. Алар да кыргыз-казактын тарыхы, салты, тили менен дили бир экендигин көп айтышат. Бул багытта далай чыгармалар да жазылды. Мен кыргыз-казак байланышы тууралуу элчи болуп иштеп турганда эки китеп жазганмын. Алгачкы эмгегим «Көч», казакча «Көш» деп аталат. Бул Казакстандын борбору тээ өлкөнүн түндүк тарабындагы Сараркага көчүп жаткандагы эмгек. Кийин Астанага баргандан кийин «Астана асманы», казакча «Астана аспаны» аттуу китеп жаздым. Бул да боордошторубуздун турмушундагы жаңы өзгөрүүлөргө, жаңы борбор калаасына арналган чыгарма болуп саналат.
Мамлекеттин өнүгүшү үчүн анын ар бир жаранынын эртеңки күнгө ишеними, мекенчил сезими болуусу керек. Бүгүнкү күндө Казакстандын жарандарында бул маанай бар деп айта алам. Ал эми Нурсултан Абишевичке «кыргыз жергесине келген кадамыңыз куттуу болсун» деп айткым келет.

Маектешкен Эмилбек Момунов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу