Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/04 12:50
 

Б.Адылов: «Көп иштерди жасайын десең эле, тоскоолдуктар болуп жатат»

Б.Адылов: «Көп иштерди жасайын десең эле, тоскоолдуктар болуп жатат»

Жалал-Абад шаардык мэриясы жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялап, ар бир жуманын акырында ишембиликтерди өткөрүп жатат. Шаар мэри Бакытбек Адылов учурда аткарылып жаткан иштер жана келечектеги иш пландары боюнча биздин берген суроолорго жооп берди.
- Бакытбек Адылович, учурда шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча токтолуп өтсөңүз?
- Эми ишембиликтерди өткөрүү боюнча атайын өкмөттүн үч айлык программасы, андан кийин облустук мамлекеттик администрациянын буйругу чыккан. Жаздын келиши менен айлананы көрктөндүрүп, тазалап, жашылдандыруу боюнча шаардык мэриянын буйругу чыгып, штаб түзүлдү, иш-чаралар бекитилди. Биз ушул 1-марттан бери ишембиликтерди өткөрүп жатабыз. Арыктарды тазалап, жаңы көчөттөрдү отургузуп, шаарды иретке келтирүү иштерин баштадык.
- Бирок, СМУ кичи шаарчасында таштандыларды алуу иши солгундап бара жатат. Бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
- Азыркы учурда СМУ кичи шаарчасында таштандыларды өз убагында алып чыгуу өтө орчундуу маселе болуп жатат. Жакында коомчулук менен тыгыз иштешүүнү колго алып, кондоминиумдарды кызыктырып, шаардын тургундары менен келишимдерди түзүп, тазалыкты сактоо боюнча иш жүргүзгүлө, биз акча каражатыңарды төлөп беребиз деп жатабыз. Мындан сырткары, быйыл шаардын бюджетинен карап, шаардык турак-жай коммуналдык чарбасынын алдында атайын көчөнү тазалаш үчүн 40 кызматтык штат киргизип жатабыз. Негизи эле шаардын ар бир тургуну тазалык менен күрөшмөйүнчө, тазалыкты кармап туруш өтө кыйын.
- Шаардык мэрияда кадрдык саясат маселеси кандай жолго коюлуп жатат?
- Өзүңүздөр билесиздер, жаңы кызматка келгенимде мыйзамсыз кызмат орундарын ээлегендерге каршы мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзгөмүн. Бирок, жаш жетекчи, жаш адам катары чоң саясатка аралашып жатканда, мен үчүн абдан жагымсыз шарттар бүгүнкү күндө да орун алып жатат. Бүгүн бир кадрды алмаштыруу, же бир кадрдын ордун мыйзамдаштыруу боюнча демилге көтөрүлгөндө, кээ бир убактарда мыйзамды кабыл алып, мыйзамдын бир бутагын кармап турган ЖК депуттаттарына чейин бут тосконго чейин барып жатышат. Мыйзам жазганда бөлөкчө айтып, бирок коомдогу өзүнүн турмушунда бөлөкчө шарт менен жашап жаткандыгы мени абдан өкүндүрүп жатат. Ошол эле убакта бир топ саясий кызматты ээлеген жетекчилер да бул нерсеге аралашып, бут тосуп жаткандыгы түшүнүксүз көрүнүш. Мындай нерселер мени эч качан токтото албайт.
Андан сырткары, ээрден түшсө да, буту үзөңгүдөн түшпөй жаткан бир топ жетекчилер бүгүнкү күнгө чейин тоскоолдук кылып, мени кетирүү максатында жүргөндөр бар. Экинчиден, жакында бийлик алмашса, ушул мэриянын ордун алып калабыз деп көзү кызаргандар жок эмес. Керек болсо, 15 күн мэр болуп иштесем дегендер да табылат. Бирок, мен айтат элем, мындай амбициядагы адамдар эч качан бул бийликте тура да, иштей да алышпайт. Коомдогу жаман сапаттардын бири көрө албастык болуп жатат. Көп иштерди жасайын десең эле, тоскоолдук кылат. Өзү убагында ошол иштерди жасай алган эмес, же азыркы учурда иштеп жаткан адамга колдоо көрсөтпөйт. Сын айтып, болушунча Интернет сайттар аркылуу жаманатты кылганга аракеттенип жатышат.
- Шаардык мэрия боюнча ЖМКда ар кандай туура эмес маалыматтар кетип жатканда аны жокко чыгарып, коомчулукка туура маалыматтарды жеткирүү багытындагы иштер туура жолго салынбай жатабы?
- Жашырганда эмне, маалымат катчынын ишин биздин «Жалал-Абад үнү» гезитинин редакциясы жүргүзүп, кошо алып кетиши керек болчу. Бирок, тилекке каршы маалымат жактан жүргүзүлүп идеологиялык ишибиз, мэриянын жасап жаткан иштерин ЖМКда чагылдыруу өтө төмөн деп баа берет элем. Муну жашырыштын кереги жок. Жогоруда айтып кетпедимби, бир эле кадр кызматын көтөрөйүн, жок дегенде маалымат кызматын оңдоюн десең дагы, ар жактан кийлигишип, бут тосууларга, регионалдык бөлүнүүгө, трайбалисттик көз караштарга түртүп жатышат. Муну карапайым эл эмес, ошол саясий кызматта иштеген адамдар колдонуп келет. Ушул нерсе мага бир топ жолтоо кылып жатат.
- Жаштарды колдоо программасынын алкагында былтыр жергиликтүү бюджеттен 2 млн. сом бөлүнгөн болчу. Ушул багытта кандай долбоорлор ишке ашырылды?
- Бүгүнкү күндө нан бышыруучу муниципалдык цех ачылып, мына иштегенине бир айдын жүзү болуп калды, Кудай буюрса. Анан жаштарды, студенттерди бош убактысында иш менен камсыз кылыш үчүн тигүү борборун шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Турдукан Аманова эжебиз ачып, ал долбоорду иштетип келе жатат. Брусчатка чыгаруучу цехке буйрутма берилип калган. Бирок, убагында кечиктирилип калган үчүн жыл жаңырып, мыйзам боюнча муну шаардык кеңеш кайра дагы бир сыйра бекитип коюшу керек экен. Азыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1-2 айдын ичинде брусчатка чыгаруучу цех да келгени турат. Байпак чыгаруучу цехибиздин да жабдуулары келип түштү. Мураталы Үчкемпиров тарабынан демилге көтөрүлгөн. Кудай буйруса булар да жакында ишке киргизилет.
- Быйыл шаар үчүн кандай жакшы иштерди жасайлы деп жатасыздар?
- Быйылкы кыш төрт айга созулуп кетти. Элибиз сууктун кандай экенин сезип, жылуулуктун кадырын тоңгондо билип отурабыз. Бир нече жылдар бою шаардыктар ысык суу системасынан кыйналып келишкен. Тилекке каршы, бир убакта Совет бийлигинин тушунда 210 турак-жай жылуулук менен камсыздалып келсе, бүгүнкү күндө 20 гана үй, башкача айтканда 10 пайызы гана камсыздалат. Мына 20 жыл аралыгында ар кандай иштер, ар кандай шарттар менен бул маселе чечилген эмес. Бирок чечкенге мүмкүн эмес деген ишти колго алып, чечкенге мүмкүн экенин, болгону саясий гана эрк керек экенин далилдеп жатабыз. Учурда «Лиматекс» ишканасына тиешелүү Р-24 деген эң уникалдуу чакан ТЭЦ ачканга шарты бар от казандарын сатып алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Марттын башында жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар карап чыгып, бул маселени колдоого алып чечти.
«Көк-Арт» кичи району менен «Спутник» кичи шаарчасын толук жылуулук менен камсыз кылыш үчүн «Кыргызжилком» ишканасы монтаждоо иштерин жүргүзүүгө 14 млн. сомдук акча каражатын бергенге убада кылып жатат. Кудай буйруса, буга көп убакыттын кереги жок. Төрт-беш айдын жыйынтыгы менен сентябрь айында, эмки жылдагы кышкы сезонго «Спутник» кичи шаарчасында 83 үй, 3 балдар бакчасы, 3 мектеп, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, калган 50 мекеме-ишканалар, жер үйлөр толугу менен от казандагы борборлоштурулган жылытуу системасы менен камсыз болот. Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарынын тарыхында болуп көрбөгөн жылуу суу менен камсыз кылуу маселесин да кошо чечебиз.
ТЭЦти айтып жатканымдын себеби - жылда эле Өзбекстан газды бууганда, бизде газ жок болуп, кышында жылуулук берилбей калчу. Эми мындан ары газга көз каранды болбой иштейбиз. Себеби, биз айтып жаткан ТЭЦ газ жана мазут менен иштейт. Газ жок болуп калса, анда проблема болбостон, мазут менен ысытабыз.
- Шаарга караштуу «Канаттуулар фабрикасы» кичи шаарчасына жаңы суу коргонун (водазабор) куруу маселеси канадай чечилип жатат?
- Азия Өнүктүрүү Банкы жана европалык банктар менен өнөктөштүктө иш жүргүзүлүп, шаарга караштуу «Канаттуулар фабрикасы» шаарчасына жаңы суу коргонун куруу иши башталган болчу. Бул долбоорду кыргыз өкмөтү колдоп, Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп берди. Бул мыйзамдын негизинде Кудай буйруса, эми 2012-жылы чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Аталган долбоордун максаты – Жалал-Абад шаарынын 212 чакырым суу түтүгү болгон болсо, дээрлик 60-70 пайызы жаңыланат. Азия, Европа банктарынын каржылоосунун жалпы суммасы 7 млн. долларды жана 7 млн. еврону түзөт. Бул каражаттын ичинен 7 млн. евронун 3 млн. евросун 40 жылдын ичинде кайтарып беребиз. Ал эми 4 млн. евросу шаардын калкы үчүн грант түрүндө келип жатат.
Натыйжада «Канаттуулар фабрикасы» кичи шаарчасына суу коргону курулат. Анын негизинде 800 өлчөмүндөгү түтүк менен өз алдынча эч кандай жарыкка көз карандысыз суу агып келет да, шаардын тургундарына суу таркатыла баштайт. Андан сырткары, «Канаттуулар фабрикасында» 12 үй бар, анын канализациясы бүгүнкү күндө Көк-Арт дарыясына куюлуп жатат. Ошонун канализациясын толугу менен алмаштырып, «Кыргызпетролиум» ишканасы тарапка суу тазалоочу атайын корук курулуп, ошол жакка алып келип коюлат. Ал эми Европалык Банктын берип жаткан 7 млн. евросу бул шаардагы суу түтүктөрүнөн сырткары, шаарда 52 чакырым канализация бар, ошонун 26 чакырымын толугу менен алмаштырып беришет. Бул деген Жалал-Абад шаарынын тарыхындагы эң алгачкылардан болуп, кылымдын чечилген маселеси катары тарыхта из калтырат деген ойдобуз. Быйылкы жылы чалгындоо иштерин толугу менен бүткөрүп, керектүү болгон техника каражаттарын апрель айында алып келебиз. Мунун дагы жакшы жери - канча техника каражаты иштеген болсо, ошонун баары шаардык суу канал башкармалыгына өткөрүлүп берилет. 2013-жылдан баштап казуу жана түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп, 2014-жылы жумуш толугу менен аяктайт.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу