Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/03 18:40
 

Биогаз менен кичи ГЭСтер Кыргызстандын энергетика көйгөйүн жеңилдетет

Биогаз менен кичи ГЭСтер Кыргызстандын энергетика көйгөйүн жеңилдетет

Адистердин эсеби боюнча газ жана мунай дүйнө элине дагы 60-70 жылга гана жетет. Ошондуктан окумуштуулар энергиянын кошумча булактарын табуунун үстүндө баш катырышууда. Анткен менен отун көйгөйүн толук болбосо да, биогаз, кичи ГЭС жабдыктарын иштетүү менен кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө болот. Бул багытта Кыргызстандагы Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Бизнес кеңеш кызматтары Программасы (БАС) иш жүргүзүүдө. Биз аталган Программанын улуттук менеджери Бакай Жунушов жана Жалал-Абад шаарындагы “Досбай Ток” компаниясынын жетекчиси Абдисатар Досбаевдер менен маектештик.


-Бакай Жунушович, алгач өзүңүз жетектеген Программанын максаты тууралуу айтып берсеңиз.


-Кыргызстандагы Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Бизнес кеңеш кызматтары Программасы (БАС) негизинен бизнес кеңешчилердин жардамынан пайдаланган ишканаларга каржылык жана практикалык жардам көрсөтөт. Биз тараптан долбоордун жалпы баасынын 50дөн 75%га чейинки суммасы каржыланып берилет. Ал суммага салык төлөмдөрү кирбейт. Негизинен өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барган 500гө чейин кызматкери болгон орто жана чакан ишканалар тандалып алынат. Алардын капиталынын 80%га чейинки бөлүгү кыргызстандык жеке же юридикалык жактарга таандык болуш керек. Бирок биз кыймылсыз мүлк менен иштеген ишканалар, алкогол ичимдиктерин, тамеки өндүрүүчүлөр, аскердик багыттагы продукция өндүрүүчүлөр, кумар оюн ишканалары менен кызматташпайбыз. Бир ишканага берилүүчү субсидиянын өлчөмү 10 миң евродон ашпайт. Акыркы мезгилде биогаз жабдыктарын жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча иш жүргүзгөн бир катар ишканалар менен кызматташып жатабыз.
- Жалал-Абадда “Досбай Ток” компаниясы менен биргеликте биогаз жабдуусун орнотуу боюнча семинар өткөрдүңүздөр. Ушул жыйындын максаты жана натыйжасы кандай болду?
- Газ, отун маселеси бизде, айрыкча айыл жерлеринде көйгөйлүү экендиги белгилүү. Ошол эле учурда биогаз жабдыктарын орнотуу аркылуу бул жагдайды чечсе болот. Негизинен аларга эгер мүмкүнчүлүгү болсо өздөрү же биз аркылуу биогаз жабдыгын орнотуу жана адистердин темага байланыштуу лекциялары жана суроолого жооптору болду.
- Биогаз жабдыктарын орнотуу аркылуу жок дегенде айыл жерлеринде отун маселесин чечүүгө болобу?
-Ооба, кандайдыр бир деңгээлде мүмкүн. Биогаз бир гана газ алуу менен эмес, андан иштетилип чыккан малдын кыгын же башка заттардын калдыгын айдоо аянттарына жер семирткич катары да пайдаланса болот. Балким, бул тууралуу адис катары “Досбай Ток” компаниясынын жетекчиси А.Досбаев кеңири айтып берер. Менимче, биз азыр энергиянын мындай бекер жана арзан жолдорун пайдаланууну эске албай, эски, көнүмш адат менен эле сырттан сатып алып жатабыз. Бул өз кезегинде мамлекетибизге экономикалык жактан чоң зыян келтирүүдө. Андыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди ишендирсек, биогаз жабдыктары кеңири жайылып кетер. Мындай практика өнүккөн өлкөлөрдө кеңири пайдаланылууда.
- Сиздердин Программаңыздардын колдоосу менен өлкөбүздүн кайсы аймактарында биогаз жабдыктары орнотулган?
- Мен билгенден япондордун “Жайка” уюму да биогаз жабдыктарын орнотуу боюнча иш жүргүзөт. Ал эми биз тарабынан өткөн жылы Кочкор районунда бир фермерге ыкчам түрүндөгү биогаз жабдыгы орнотулду. Аны кышында үйүндө колдонуп, жайында трактор менен сүйрөп барып жайлоого коюп алса да болот. Азырынча Бишкек, Жалал-Абад, Каракол шаарларында биогаз жабдыгын орнотуу боюнча консултанттарыбыз бар. Аларга каалоочулар кайрылышса, адистер канча ую, коюу же башка малы, мүмкүнчүлүгү бар экендигин эсептеп, чыгышып, иштешет. Азырынча заводдон чыккан даяр биогаз жабдыгы жок. Бункерди, башка тетиктерди колдон эле жасап жатышат. Буюрса, өлкөбүздүн түштүгүндө да биогаз жабдыгын орнотууну каалагандар көбөйөт деп ишенебиз. Мындан тышкары биздин Программа кичи ГЭСтерди орноткон, күн, шамал энергиясын колдонгон ишканаларды да колдоого алуудабыз. Бизге кардар кайрылып, өзүнүн сунушун айтса, аны карап чыгып, консултантка жөнөтөбүз. Ал консултанттын кызматынын тиешелүү суммасын төлөп берүүгө тийиш. Биз тараптан 50 же 75% жалпы долбоордун суммасы каржыланат.
- Абдисатар Жолдошалиевич, малдын кыгынан биогаз өндүрүү тууралуу көптөн бери сөз болуп келаткан менен ал практика жүзүндө кеңири колдонула элек. 
-А.Досбаев, “Досбай Ток” компаниясынын жетекчиси:Бул маселе тээ Союздун учурунда эле көтөрүлүп, КР Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Энергоресурстар жана Геология институту Москвага чейин барып далилдеп, тийиштүү патент алышкан. Себеби ошол учурда эле мал чарбалуу республика катары Кыргызстанда малдын кыгынан биогаз өндүрүүгө боло тургандыгына көңүл бурулган. Бирок ал кезде анчалык муктаждык болбогондуктан, теория иш жүзүнө толук ашып, колдонулган эмес.
- Бүгүнкү күндө ошол муктаждык болуп жатпайбы...
- Туура айтасыз. Ошондуктан биз бул ишти кайра жандандырып, колго алуудабыз. Биогаз жабдыгын иштетүү бир гана отун маселесин чечпестен, дыйкандарды жер семирткич менен да камсыз кылат жана эколгиялык жактан пайдалуу. Учурда дыйкандарыбыз жер семирткичти сырттан сатып алышууда. Ал эми малдын кыгы, бак-дарактардын жалбырактары үйүлүп, жер кыртышын бузууда жана алардан ар кандай химиялык заттар бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөнү булгап жатат. Биогаз иштетүүдөн чыккан суюк калдыктардын 80% азоту бар. Мындан тышкары алардан зыянкеч отоо чөптөр өлүп, дыйкандардын түйшүгү бир топ жеңилдейт. Ошондой эле суюк жер семирткич башка заттардай жерге ташылып ашыкча убаракерчилик болуп жана чыгым жумшалбастан, сугат суу менен эле агызылат.
-Бир биогаз жабдыгын иштетүү үчүн канча уй болуш керек?
-Бир үй-бүлөнүн муктаждыгына беш уйдун күн сайын чыккан кыгы жетиштүү. Ага 3 же 5, колдон келсе 10 тонналык бункер орнотулуп, алгач кык менен толтурулуп, анын үстүнө суу куюлуп. 20-25 күн үстү жабылып ачытылыш керек. Андан соң күн сайын жаңы кыкты бункерге салып, бир жагынан астындагы газы бөлүнүп чыккан суюктукту чыгара берсе болот. Кышында бункердин сыртын ылай менен уруп же жерге көмүп орнотуп койсо да болот.
-Бирок биогаздын күчү табигый газга караганда азыраак эмеспи?
- Албетте, табигый газ менен биогаздын жылуулугу же пропаны бирдей эмес. Эгер табигый газдын күчү 1000 градус болсо, биогаздыкы 300 эле градус. Илим менен техника өнүккөн заманда бул көйгөйлүү деле маселе эмес. Азыр Бишкекте атайын жылуулукту күчөтүп берүүчү плиталар бар. Аны ошол тамак жасаган же башка идиштин астына орнотуп койсо, кадимкидей жылуулукту күчөтүп берет. Мисалы, этти коюп, ошол замат албасаң, күйүп калышы мүмкүн.
-Абдисатар Жолдошалиевич, адис катары биогаздан алынган жер семитркичтин пайдасы тууралуу кеңири айтып берсеңиз.
- Жогоруда белгилеп өткөндөй, биогаздын бөлүнүп чыккан калдыгы же жер семирткич бир гана колдонууда сугат суу аркылуу агызылып көп чыгымдан куткарбастан, анда отоо чөп, зыянкеч курт-кумурскалар болбойт. Эң негизгиси Союздун учурундагы жер семирткичтер менен салыштырганда 80% азоту бар. Демек, дыйкандын башын ооруткан отоо чөптөрдөн тышкары экологиялык жактан таза продукция өндүрүлөт. Экономикалык жактан пайдасы да чоң. Демек, дыйкандын жерди иштетүүгө кеткен чыгымы азайып, продукциясы арзандайт. Ал тургай бул суюк жер семирткичти тооктордун, малдын жемине витамин катары да кошуп берсе болот.
- “Досбай Ток” фирмасы бир гана биогаз жабдыгын эмес, чакан ГЭСтерди да курууну колго алып жатыптыр...
- Айыл жерлеринде чакан ГЭСтерди курууга да өтө жакшы шарт бар. Анткени тоодон ылдый шар аккан суулардын чакан генераторлорду айлантууга күчү жетиштүү. Бул бир көчөнү же айылды бекер электр энергиясы менен камсыз кылуу дегендик. Азыр Ош облусундагы Озгур суусунун боюна Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын Бизнес кеңеш кызматтары Программасынын (БАС) колдоосу менен чакан ГЭсти куруп жатабыз.
- Анда эмне үчүн ушунчалык ыңгайлуу жана пайдалуу экендигине карабай биогаз жабдыктарын же чакан ГЭСтерди орнотуу кеңири жайылтылбай жатат. Сыягы, элге, фермерлерге жетиштүү маалымат берилбей жатат окшойт. Бир чети ушул тармактардан акча жасагандар да бут тосуп жатышкандай. Ушул максатта өткөн айда Жалал-Абадда атайын семинар өткөрдүк. Ошол иш чарадан кийин бизге Нарындан кайрылгандар болуп жатат. Менимче бул демилгени райондук жетекчилер колго алып, ар бир районго жок дегенде бирден биогаз жабдыгын орнотуп, элге көрсөтсө, көзү менен көргөн соң көпчүлүк ишенет эле.(Материалга "Флюид" компаниясы (Алексей Веденев) тарабынан Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу "Дөң-Алыш" айылындагы "Жамалов Төлөгөн" кичи ишканасына жасалган биогаз жабдыгынын сүрөтү пайдаланылды).

Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу