Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/02 18:55
 

К.Исмаилова: Никелешүү күбөлүгүн албай жашаган үй-бүлөлөрдүн саны арбын

К.Исмаилова: Никелешүү күбөлүгүн албай жашаган үй-бүлөлөрдүн саны арбын

КР Улуттук «Кызыл Ай» коомунун аярлуу аялдардын Жалал-Абаддагы социалдык реаблитациялык борборунун администратору  Күлбарчын Исмаилова менен «Өзүңдү өзгөртүү менен – коомду өзгөртөсүн!» - деген аталыштагы акциянын алкагында аткарылган иштери боюнча маектештик.
-Күлбарчын Жумагуловна, сиздердин уюм «Биз никенин мамлекеттик каттоодон өтүүсү үчүн!» - деген аталыштагы акцияны өткөрдү. Акция өз натыйжасын бердиби?
- Никелешүү күбөлүгү жок үй-бүлөө куруп жашап жүргөн аялдар көп. Биздин борборго окууга келген кыз-келиндерге биз бул баракчаларды берип, алар ар бир райондогу биз менен кызматташтыкта иштеген пилоттук айылдарда, өздөрү жүргөн маршруттук таксилерге атайын баракчалар жабыштырылды. Бул акция жүргөндөн баштап, бизге ар тараптан телефон чалуулар боло баштады. Ошол баракчаларды окуп алышып, биздин борборго 30 дан ашык кыз-келиндер, аялдар кайрылышты.
Жалал-Абад шаарында жашаган 33 жаштагы Дилбар аттуу келин өзүнүн көйгөйлүү болгон маселеси менен кайрылды. Ал 10 жылдан бери бир киши менен жашайт экен. Анын биринчи аялы каза болуп калгандан кийин, ал кишиге турмушка чыккан. Экөө чогуу жашап жүргөнү менен, никелешүү күбөлүгүн алышпаптыр. Дилбар бизге «Эми кантип никелешүү күбөлүгүн алсак болот?» - деп кайрылды. Шаардан дагы бир Сайракан деген келин кайрылды.
Мындан сырткары, Аида деген келин күйөөсү менен жашаганына 5 жыл болуп, эки баласы бар экен. Бирок, ушул кезге чейин никелешүү күбөлүгү жок. Анын күйөөсү биринчи аялы менен дале никеде турат экен. Бирок, кантип никелешүү күбөлүгүн алаарын билбей, кыйналып жүрүшүптүр. Никелешүү күбөлүгүн алыш үчүн, сот аркылуу биринчи аялы менен ажырашмайынча, экинчи аялга никелешүү күбөлүгү берилбейт да мыйзам боюнча. Анан биз Аидага кантип жардам берсек? - деп, имамдар менен сүйлөшүп, бул маселени чечүүгө аракет жасадык. Дагы бир Жаннет деген келин бизге кайрылды.

Эгерде үй-бүлө кургандар никелешүү күбөлүгүн албаса, кокустан алар ажырашып кетсе, анда бала менен энеге эле кыйын болот. Себеби, ажырашкан учурда алар чогуу жашаган мезгилдеги мүлккө эне жана бала ээ боло албай, айылда жашаса өздөрүнө тиешелүү жер үлүшүн бөлүп ала албай калат. Же ажырашкан келиндерге «жалгыз бой эне» - деген статус берилбейт. Балдарына жөлөк пул да ала албай кыйналышат.
-Сиздер канча жылдан бери ушул аялдар менен иштей баштадыңыздар?
- Биз 2008-жылдан бери облустун 6 пилоттук айылында иш алып барып келе жатабыз. Айылдар менен мектептерде биздин борбор тарабынан «Мамлекеттик нике каттоосунан өтүү» - деген темада бир топ иштерди алып бардык.
Пилоттук айылдарда жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда тегерек столдор жана жүрүштөр, акциялар өткөрүлдү.
Жыйынтыктап, акырында Сузак районунун Төрөбаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары «Талкаланган тагдыр» деген эң жакшы спектаклди Барпы театрында коюп беришти. Ал спектаклге ата-энелер, Жалал-Абад шаарынын жогорку классынын окуучулары келип катышты. Ош шаарынан коноктор, казыяттан молдо акелер келишти.
Биздин борбор кулчулуктан кутулган кыз-келиндерди тигүүчүлүк боюнча курстардан өткөрүп, бир кесипке багыт берип жатабыз. Эл аралык миграция уюму болсо алардын алгачкы иш баштап кетүүсү үчүн тигүүчү машиналарды, керектүү жабдыктарды алып берип, туура турмуш жолун баштап кетүүгө багыт беришүүдө.
-Сиздер кыз ала качууга каршы да жаштар арсында бир топ атайын маалымат компанияларын өткөрүп келе жатасыздар. Бул кылмыш экенин билеби, же бул кыргыздын салты деп түшүнүшөт бекен?
- Жакында биз «7»-телеканалда атайын ток-шоуга катышып, ошол жерде ушул кыз ала качуу маселеси кызуу талкууланды. КР Акыйкатчысынын облустагы атайын ыйгарымдуу өкүлү Алима Аманова катышып, ал кыз ала качуу салт эместигин, илгертеден бери эле кыздарды сүйлөшүп берип келе жатканын айтты.
Ток-шоуга катышкан балдар деле айтып жатышат, кыз менен сүйлөшүп, анан баш кошуу керектигин. Ал эми облустун казысы Т.Жороев деле жаштарга: «Кыз менен сүйлөштүңбү? Үйлөнгөнгө шартың барбы, ошол деңгээлге жеттиңби? Сен үйлөнүп алып, ошол өзүңдүн балаң төрөлгөндө аны бага аласыңбы? – мына ушуга көзүң жеткенде гана анан үйлөнгүн» - деп айтты. Мурдагы облустун казысы Абибулла ажы ар бир жолугушууга барганда: «Сен ушул кызды ыйлатпай, кор кылбай бага алсаң, анан үйлөн. Анан эч нерсесине карбай, кызды ала качып кетүүнү кереги жок» - деп айтат эле.

Биз иштеген пилоттук айылдарда 2008- жылдан баштап кызды ала качуу азайып калды. Азыр ата-энелер барып сүйлөшүп, кыз окуй турган болсо, аны окутууга да макул болуп, үйлөнтүп жатышат. Мурдагыга караганда, айылдарда кыздарды ала качуу азайды десем болот.

Анархан Жаңыбаева, “Кабар”

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу