Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/01 18:46
 

Жеңиш Раззаков: «Андарактагы окуя улуттар аралык уруш эмес …»

Жеңиш Раззаков: «Андарактагы окуя улуттар аралык уруш эмес …»

Өткөн жылдын 29-декабрындагы Андарактагы чуулгандуу окуя бул улуттар аралык уруш эмес. Мектеп окуучулары менен жаш өспүрүмдөрдүн мушташуудан келип чыккан эле чыр-чатак. Өкүнүчтүүсү желдей тарап мамлекеттик денгээлге чейин жеткен жаш өспүрүмдөр арасындагы бул араздашуудан кийин Өкмөттүк жана Жогорку Кеңештин комиссиялары түзүлүп, окуя жайында териштирилди. Эки улуттун же Андарактык кыргыз-тажик аксакалдар да чоң жыйында айткандай муну улуттар аралык кагылышуу деп айтууга болбойт.
Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Раззаков “Кабар” агенттигинин өз кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Бул жаңжалдын алдын алууда милиция кызматкерлерин да күнөөсү бар деген кинелер айтылууда. Чынында эле окуянын курчуп кетишине эмне себеп болгон?

-29-декабрь күнү жаңы жыл майрамынын алдында Андарак айылындагы Манас орто мектебинин окуучулары менен тажик улутундагы жаштар ортосунда мушташуу болуп, анын натыйжасында мектеп окуучуларынын бирөөсү жарат алып, ооруканага жеткирилет. Күндүзгү саат 14:40та башталган бул окуяны биздин аймактык тескөөчү милициябыз ошол эле замат Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап, тергөө ыкчам тобун чакырган. Милициянын оперативдүү тергөө тобу тажик улутундагы кыргыз окуучуларын сабаган Абдурауф Поччоев, Турахон Хаджаев, Аваз Латиповдорду кармашып, бөлүмгө алып жөнөгөндө жабыркаган окуучулардын туугандары чатак чыгарышып, алардан өч алуу аракетин көрүшкөндө Турахун Хаджаев качып кеткен.

Ушундан улам абал курчуп, тажик улутундагылар дагы топтолушуп, өз балдарын алып калуу аракетин көрүшкөн. Катуу жаңжал чыгып, кан төгүлбөш үчүн милиция кызматкерлери Поччоев менен Латиповдорду дагы туугандарына түшүрүп беришкен. Бул албетте ошол кырдаалга жараша жасалган туура чечим болчу.

Андан кийин да эки тарап болуп чогулушкан кыргыз-тажиктер тарап кетишкен эмес. Биз андан ары кырдаалды жөнгө салуу үчүн орун басарым Н.Ташбалтаев жана тез аракеттенүүчү ыкчам отряддын кызматкерлери менен Андаракка барып, бардык кооптуу жайларга милиция кызматкерлерин койюп, ага кошумча Лейлектеги чек ара отрядынан 20 аскер келди. Бул учурда райондун акимине да кабар берилип, эки тараптын аксакалдардын жардамы менен араздашкандарды элдештирүү аракеттери да көрүлүп жатты.

Эгер милиция кызматкерлери жаатташкан эки элдин ортосундагы 15 метрде милиция кызматкерлери турбаганда кан төгүлүп кетпейт деп эч ким кепил боло албайт эле. Колдоруна союл кармашып, ачууга алдыргандардын алдына чыгып, «таң атсын күнөөлүүлөрдүн баарын таап, мыйзам чегинде чара көрөбүз» деп сөз бергенибизде гана эки эл тарап кетишти. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин күнөөсү бар деген пикирге кошулбаймын.

- Азыр Андаракта абал кандай?

- Мурдагыдай эки эл ырыс-ынтымак менен эле жашап жатышат. Улуттар арасындагы араздашуунун эч бир белгилери жок. Тескерисинче, жаштардын чыр-чатагына капа болушкан тажик-кыргыздын аксакалдары «туура эмес болуп калды» дешип, мындан ары мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөнү аракетин көрүшүүдө.Мен ушул жерден облусубуздун губернатору Арзыбек Орозматовичтин дипломаттыгын адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетейин. Себеби облустун жетекчиси барары менен эле тажик кыргыздын абройлуу аксакалдары менен сүйлөшүп чогулгандарды элдештирүүнүн аракетин көрдү. Көп социалдык маселелерди чогуу чара чечуу үчүн маселе талкуулашты. «Биздин ичкен суубуз да, базарыбыз да, мазарыбыз да бир » дешип, ал турсун бул окуяны мамлекеттик денгээлге жеткирбей эле өзүбүз чечип алсак болот эле дешип, өкүнгөндөрү да болушту.

- Эми жаштар арасындагы араздашуу экен деп эле бул маселе мындан ары калып калбаса керек?

- Албетте, бул маселеге бир эле биз тараптан эмес жергиликтүү бийлик, ал турсун Өкмөттүк деңгээлде маани берилет. Айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, кадр маселесине жана улуттар аралык биримдикке чакырган маданий жана идиологиялык иштерди жандандырууга көңүл бурулмай болду. Келген комиссиялардын тыянактарында көрсөтүлгөн айыл округу жана райондун жетекчилиги тарабынан көп улуттун өкүлдөрү жашаган айылдарда толеранттуулукка чакырган, бир-бирине болгон жылуу мамилелерди калыптандыруу боюнча иш аткарылган эмес. 13 миңге жакын жашаган Сумбула айыл округуна бир эле аймактык тескөөчү милиция тейлейт. Мына ушул өңдүү бир катар обөективдүү жана субөективдүү себептер да жок эмес.

Адылбек Акматов “Кабар”.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу