Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/12 08:57
 

Губернатор А.Турсунбаев:Жалал-Абад облусунун тоо-кен өнөр жайы жылды жакшы жыйынтыктады

Губернатор А.Турсунбаев:Жалал-Абад облусунун тоо-кен өнөр жайы жылды жакшы жыйынтыктады

Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Турсунбаев Азизбек Атакозиевич 2011-жылдын январь-ноябрь айларында аткарылган облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди. 

-Азизбек Атакозиевич, облустун өнөр жай тармагында быйылыкы жылы кандай жетишкендиктер болду?

-Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айында облуста 12550,8 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн өсүү темпи учурдагы баада 127,1 пайызды, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 115,2 пайызды түздү. +ткөн жылга салыштырмалуу 2675,5 млн. сомдук продукция көп өндүрүлдү.
Тармактар боюнча алганда, тоо-кен өнөр жай тармагында, нефти жана газ өндүрүү, электр жабдууларын жана электроэнергия чыгаруу, жеңил өнөр жай тармактарында өсүш жогору болду. Быйылкы жылдын 11 айында энергетика тармагында да бир топ ийгиликтерге жетишилип, 12169,3 млн. кВт – саат электр энергиясы иштелип чыкты. Облустун тоо-кен өнөр жай тармагында да бир топ оозго аларлык иштер аткарылды. Атап айтсак, «Макмалалтын» комбинаты тарабынан 328,5 кг алтын өндүрүлүп, өсүш 156,4 пайызга, Терек-Сай кен иштетүү филиалында 261,1 кг концетрат өндүрүлүп, өсүш 701,9 пайызга жетти.
Ал эми көмүр өндүрүү тармагында 11 айда 50 миң 414 тонна көмүр өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 136,8 пайызды түздү, же 13 миң 561 тонна көмүр өткөн жылга караганда көп өндүрүлдү. Анын ичинен «Тегене» ЖЧК жыл башынан бери 30 мин тонна, «Таш-Көмүр» АК 3500 тонна, «Юнайтед Голд компании» ЖАК 4,5 миң тонна, «Ак-Жол-2000» ЖЧК 1353 тонна көмүр казып алышты.

-Облустун дыйкандары быйылкы жылдын жайы кургакчыл болгонуна карабай, эккен түшүмдөрүн коромжусуз жыйнап алыштыбы?
- Чындыгында быйылкы жыл кургакчыл болуп, дыйкандар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратты десем болот. Дыйкандардын мээнети кайтып, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 31210 гектар аянттагы буудай орулуп, жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 22 центнерден айланып, жалпы дүң жыйым 68 миң 818 тоннаны түздү. Мындан сырткары, облус боюнча 3097 тонна арпа, 101 миң 546 тонна картошка, 186 миң 436 тонна жашылча, 60 миң 156 тонна бахча, 22 миң 878 тонна май өсүмдүктөрү, 63 миң 139 тонна пахта, 748 тонна тамеки, 40 миң 337 тонна мөмө-жемиштер жыйналды.
Келээрки жылдын түшүмү үчүн райондордун берген маалыматына ылайык, 29 миң 65 гектар аянтка күздүк себүү пландаштырылган. Учурда 8095 гектар жер айдалды. Жалпы керектелүүчү 9306 тонна үрөндүн 6895 тоннасы даярдалып, камсыз болуу 74 пайызды түздү. Мындан сырткары Түркиялык “Кызыл Жарым Ай” Эл аралык коомунун долбоору тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында 100 тонна үрөн гуманитардык жардам катары беришти. Ошондой эле Германиялык техникалык борбору тарабынан берилүүчү үрөн үчүн облус боюнча 180-200 тоннанын тегерегинде буйрутма берилди.

-Турмуштун оордугунан көпчүлүк облус тургундары чет жактарга чыгып жатышат. Ушул ички жана тышкы миграция маселесине токтолуп өтсөңүз?

 -Эми бул миграция маселесин токтотууга азыр мүмкүн эмес. Жарандарыбыз өзүбүздө иш орундары жетишсиздигинен улам, убактылуу башка мамлекеттерге барып, акча таап келип, турмуш шарттарын оңдоп жатышат. Биз алар үчүн иш орундарын түзүп берүүнүн үстүндө иштеп, жаңы ишканаларды, заводдорду ачышыбыз керек. Ал үчүн сырттан инвесторлорду тартуу зарыл. Инвесторлор болсо, кайсы мамлкетте тынчтык болсо, ошол жерге келип иштөөнү каалашат. Ошол себептен, элибизде ынтымак, тынчтык орношуна ар бирибиз кызыкдар болушубуз керек.
Ички миграция маселеси боюнча токтоло турган босом, 2011-жылдын 1-декабрь айына карата Кыргызсатндын ичинде, бирок бөлөк облустарга чыгып кеткен жумушчу мигранттардын санын аныктоо максатында жер-жерлерде иликтөө жүргүзүлгөн. Ошол иликтөөнүн негизинде алар – 21 миң 258 адамды түздү. Ал эми Жалал-Абад облусуна КР ичинен келген адамдардын саны - 5056 адамга жетти. Көпчүлүк ички эмгек мигранттар Бишкек, Ош шаарларына Чүй облусунун аймагына жана башка шаарларга барып келүүдө.
Тышкы миграция боюнча айта турган болсом, 11 айга карата облустун аймагынан эмгек мигранттары жумуш издеп чыгып кеткендердин жалпы саны 82 миң 878 адам болгон. Анын ичинен Кыргызстандын аймагында 21 миң 258 адам, ал эми өлкөдөн сыртка чыгып кеткендердин жалпы саны 61 миң 620 адамды түзөт. Мунун ичинен Россия Федерациясына 55 миң 788 адам, 4701 адам Казакстанга жана башка өлкөлөргө - 1131 адам чыгып кеткен. Жалал-Абад облусуна кайтып келген эмгек мигранттарынын саны – 11 миң 834 адам, анын ичинен өлкө аймагынан келгендер – 5056 адам, Россия Федерациясынан – 5539 адам, Казакстандан – 891 адам, башка өлкөлөрдөн-349 адам өз мекенине келген.

-Кышка карата облусубуз кандай деңгээлде даярдык менен келди?
-Быйылкы жылдын кышы өтө катаал башталды. Ноябрь айынын аяк ченинде эле тоолуу Чаткал районуна 1,5 метрге жеткен кар жаады. Оор карды көтөр албай, электр зымдары үзүлүп, жолдор бир нече күнгө жабылып калды. Мурда мындай кар жааган эмес экен. Ошентсе да элибиздин күчү менен бул оор карды жеңип чыгып кетүүгө туура келди. Эми облустун калкы тарабынан 2011-жылдын 12-декабрына карата шарттуу отунду кошкондо жалпысынан 121778,6 тонна көмүр-отун камдалган. Анын ичинен 65896,5 тоннасын – көмүр, 55882,1 тоннасын-шарттуу отун түзөт (отун, тезек). Калкка көмүр камдоого ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында облустун аймагында 77 соода түйүнү уюшулган. Соода түйүндөрүндөгү 1 тонна ДОМ маркасындагы көмүрдүн орточо баасы 2500-4500 сомду түзүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрына соода түйүндөрүндөгү көмүрдүн күнүмдүк орточо запасы 350 тоннаны түздү.
Электр тармактарынын күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн трансформатордук подстанцияларды, электр линияларын ремонттоо тапшырмалары 100 -121 пайызга аткарылган. Электр тармактарын ремонттоого 59,8 млн. сомдук каржылоо ишке ашырылып, план 121,7 пайызга аткарылды.
Ал эми 2011-2012-жылдагы күз-кыш мезгилинде облустун аймагында үзгүлтүксүз транспорт байланышын камсыздоо үчүн автожолдорго инерттик материалдар даярдоо тапшырмасы 72 пайызга аткарылып, жол техникаларынын даярдыгы 70 пайызды түзөт. Бүгүнкү күндө кар көчкүлөрү коркунучу бар “Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка”, “Красная-Горка-Ак-Таш”, “Бишкек-Ош”, “Казарман-Акталчат” автожолдору аркылуу транспорт байланышы үзгүлтүксүз камсыздалууда жана көчкү коркунучу бар участкаларга атайын техникалар бекитилген.

-Эски 2011-жылды жыйынтыктап, Жаңы жылдын босогосунда турабыз. Жаңы жылда эл-журтка кандай тилектреди билдиресиз?

- Мына 2011-жыл да өз сапарын карытып, Жаңы Улуу жылы кирип келе жатат. Өтүп бара жаткан жылда облусубузда, жалпы эле мамлекетибизде бир топ саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр болду. Эң чоң саясий окуялардын бири катары КР Президентин шайлоо өнөктүгүн тынч өткөрүп алдык. Жаңы жылдын босогосунун алдын жаңы КР өкмөт башчысын жана курамын Жогорку кеңеш бекитип берди. Кирип келе жаткан жаңы жылда жаңы идеялар менен иштеп, элибиздин жыргал турмушта жашашына бардыгыбыз биргеликте аракеттерди жасашыбыз керек. Сөзүмдүн акырында, облус элин жана бүткүл республиканын жарандарын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бардыгыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бакыт - таалайды, ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти жана бардар турмушту каалап кетмекчимин.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, “Кабар”

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу