Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/12 09:04
 

Кыргызстанда бөбөктөрдүн “Байчечекей” журналынын ачылганына 35 жыл болду

Кыргызстанда бөбөктөрдүн “Байчечекей” журналынын ачылганына 35 жыл болду

Балалык аң-сезимибиздин калыптанышына чоң салым кошкон “Байчечекей” журналына Жаңы жылда 35 жыл толот. Рынок экономикасынын бороон-чапкынына туруштук берип, үзгүтүксүз жарык көрүп келаткан журналдын жооптуу катчысы, балдар акыны Байтемир Асаналиев “Кабар” агенттигинин бир нече суроолоруна жооп берди.
-Байтемир агай, экономикабыз эңшерилип, жан-дүйнөбүз жакырданып жаткан заманда бөбөктөрдүн сүйүктүү журналынын абалы кандай?
-Бөбөктөрүбүздүн сүйүктүү журналы “Байчечекей” жарык көрүп келатканына Жаңы жылда 35 жыл толот. Ушул аралыкта бул сүйүктүү басылма ай сайын бир ирет үзгүлтүксүз чыгууда. Албетте, бүгүнкү күндө гезит, журнал эмес, экономикабыз эңшерилип турганда, болгондо да бөбөктөрдүн журналын сактап калуу оңой эмес. Бизге өкмөт колдоо көрсөтүп келатат. Бирок өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки мезгилде журналды каржылоо солгундап, толук бойдон түстүү сүрөттөр менен чыкпай калды жана нускабыз кескин азайып кетти. Анткени авторлордун калем акысын төлөп, сүрөтчүлөргө боёк алып бере албай калдык. Ошондуктан журналдын бир бетин түстүү, экинчисин кара түстө алмай-термей кылып чыгарып келүүдөбүз. Андыктан окурмандардан келген каттардын да саны азайып калды.
- Азыркы гезит, журналдардын дагы бир көйгөйү – нускасынын азайып жана окурмандарга толук жетпей жатышы эмеспи. Бүгүнкү күндө “Байчечекей” канча санда жана кантип таратылат?
- Биз алты айда бир жолудан жазылууну жүргүзөбүз. Андан тышкары редакциядан айрым ата-энелер менен мугалимдер сатып алып кетишет. Балдарга жеңилдик болушу үчүн өзүн актабаса да Өкмөт менен макулдашып, он эле сомдон беребиз. Бирок бул иштер да өз деңгээлинде эмес. Болгону эки миңдин тегерегинде жазылуу болуп, дагы бир миң нусканы мектептерге барып мугалимдерге түшүндүрүп жатып өткөрөбүз.
- Агай, ошол эле учурда алыскы аймактардын бала бакчалары менен кенже класстарынын окуучулары “Байчечекейге” жетпей жүрүшпөйбү.
- Туура айтасың. Биздин алыскы аймактарга барууга шартыбыз жок. Ошондуктан алар айылдык почта бөлүмдөрүнө барып жазылышса болот. Алты айга болгону 90 сом. Мен бир чети бул көрүнүштү ата-энелер менен мугалимдердин көңүл бурбагандыгы деп ойлоймун. Республикабызда эки миңден ашык мектеп бар. Алардын ар биринде китепканасы да бар. Айылдык, райондук, шаардык, облустук китепканаларды кошпой эле коёлу. Эми ошолордун ар бири бештен эле нускага жазылганда республика боюнча нускабыз он миң болуп, жогоруда айтылган көйгөйлөрүбүздү өзүбүз эле чечип калмакпыз.
-Өзүңүз айткандай, республикабыздын мектептерине бөбөктөрдүн сүйүктүү журналы бирден да жетпейт экен. Дегеле алардын жан дүйнөсүнүн калыптануусун “Байчечекейсиз” кантип элестетүүгө болот?
- Бөбөктөрдүн руханий дүйнөсүнүн калыптануусуна, аң-сезиминин өсүшүнө, эне тилди билүүсүнө, тарбияланышына ата-эне менен мугалим сыяктуу эле балдарга арналган адабияттар менен көркөм адабият сыяктуу бул журналдын да кошкон салымы чоң. Тилекке каршы коомчулук, ата-энелер ушул жагдайга тийиштүү көңүл бурбай келишет. Айрыкча борбор шаарда балдардын өз эне тилин билбей чоңоюп жатышы чоң трагедия жана биздин журналды окубагандыгынын кесепети. Техниканын заманы деп эле шаардык балдарыбыздын интернетке тартылып кетип жатышы алардын жан дүйнөсүн талкалоодо. Биз ааламдаштыруунун терс жактарына каршы турбасак, улуу жазуучубуз Ч.Айтматов жазгандай, балдарыбыз маңкурт болуп калат.
-Журналдын 35 жылдык мааракесин кандай деңгээлде өткөрүүнү пландаштырып жатасыздар?
-Колдон келген аракетибизди көрүп, жаңы жылдык санды майрамыбызга арнап чыгарып жатабыз. Меценеттар деп коёт эмеспи, колунда бар адамдарга деле кайрылып жардам сураганыбыз жок. Өзүбүз бөбөктөрдүн журналы болсок, эмне деп сурайт элек. Азыр акча сурагандан оор жумуш жок. Аны Кыргызстандын, жаш муундардын келечегин ойлогон бай адамдары өздөрү билип жардам берсе, аларды өкмөт да өзү билип анча-мынча салыктан бошотуп койсо жакшы болот эле.
- Байтемир агай, сиз өмүр боюу балдар тууралуу ырларды жазып келатасыз. Деги эле азыркы учурда балдар акындарынын,балдар чыгармаларынын абалы кандай?
- Республикабызда 400гө жакын акын-жазуучулар болсо, алардын саналуусу гана балдар акындары. Балдар акыны болуу оңой эмес. Кудай берген шык, жөндөмүң болсо жазбай коё албайт экенсиң. Балдар дүйнөсү абдан кызыктуу жана жооптуу. Аның үчүн жан дүйнөң ошол жазган ырларыңдай таза, аруу болуш керек. 20 жылга жакын “Мектеп” басмасында, андай кийин “Кыргызфильм” студиясында котормочу болуп иштедим. Акыркы жылдары “Байчечекей” журналында иштеп келатам. Бүгүнкү күндө балдар үчүн чыгармаларын жаратып келаткан алдыңкы жазуучу, акындардын катарына Сулайман Рысбаевди, Ысмайыл Кадыровду, Нургазы Миңкараны, Батма Абдухамидованы, орус тилинде жазган Жылдыз Бекти кошот элем.
-Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыздын абалы кандай?
-Табиятымда барбы, алгачкы китебим эле балдарга арналып чыкты. Андан бери 20га жакын китебим жарык көрдү. Көптөгөн чет элдик балдар акындарынын ырларын кыргызчага котордум. Менин да ырларым орус, казак, латыш жана башка тилдерге которулду. Кыскасы, бүткүл өмүрүм балдарга арналды десем болот.
Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу