Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/12 10:58
 

М.Фатхоллахи:“Иран эч качан согуштук аракеттерге умтулбайт”

М.Фатхоллахи:“Иран эч качан согуштук аракеттерге умтулбайт”

1-декабрдагы КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине чет мамлекеттерден 200гө жакын жогорку даражадагы коноктор келишти. Алардын катарында Иран Ислам Республикасынын Президенти Махмуд Ахмединежаддын атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Али Фатхоллахи да болду. 2-декабрда ИИР ТИМ министринин орун басары кыргызстандык журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ал “Кабар” агенттигинин кабарчысынын бир нече суроолоруна да жооп берди.

-Сиз мейман гана болбой, республиканын жетекчилери менен да жолугуп, кызматташуу туурасында да сүйлөшүүгө үлгүрдүңүз окшойт?

-Туура. Табияты кооз, эли меймандос Кыргызстанды өз көзүм менен көрүп, бир катар мамлекеттик деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө жетиштим. Мисалы, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечектери талкууланды. Негизинен биз терең тарыхы бар эки мамлекеттин ортосундагы саясый, маданий мамиледен тартып, дин, элдердин ортосундагы катнаш маселесине чейин сүйлөштүк. Айрыкча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырып, экономикалык, маданий, илимий-техникалык жана башка көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сөз болду. Бул жолугушууну Тегеранда өткөрүүнү макулдаштык.
Мындан тышкары КР ТИМ алдындагы Дипломатиялык академиянын профессорлору, окутуучулары, студенттери менен да жолугушуп, болочок дипломаттардын кызыктуу суроолоруна жооп бердим. Бул багытта аталган окуу жай менен ИИР ТИМ алдындагы эл аралык мамилелер институтунун деңгээлинде кызматташуу тууралуу сөз болду. Негизинен мурда белгиленген бир топ иш чараларды качан ишке ашыруунун так мөөнөттөрүн тактадык.
-Мохаммад мырза, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда экономикалык жагдайда жакынкы мезгилде кандай долбоорлор ишке ашырылат?
-Биз Иран-Түркмөнстан-Казакстандын ортосунда темир жолдун курулушун бүтүрүп, жакынкы мезгилде пайдаланууга берүү алдында турабыз. Бул долбоордун негизги максаты-Борбор Азия мамлекеттерине Иран аркылуу Перси булуңуна чыгуусуна шарт түзүп, дүйнөлүк соода рыногуна жол ачуу болуп саналат. Ошол эле учурда бул темир жол аркылуу Кыргызстан үчүн да өз продукцияларын эл аралык базарларга алып чыгууга шарт түзүлөт деп ойлоймун.
-Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамиле кандай деңгээлде жана кайсы багытта жакшы өнүгүүдө?
-Азыркы учурда эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 70 млн. сомго жакын. Бирок бул көрсөткүч эки тарапты тең канааттандырбайт. Биздин оюбузча мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Ошондуктан келечекте бул багыттагы кызматташтыгыбызды толук колдонушубуз керек деп ойлоймун. Сиздердин мамлекетте болгонумда ушул жагдайлар тууралуу да сүйлөшүүлөр болду. Бүгүнкү күндө Ирандан сиздерге бир топ курулуш, техника буюмдары экспорттолууда. Ошол эле учурда Кыргызстандан бизге эт, мал азыктары жөнөтүлөт. Мындан ары да өз ара пайдалуу соода-сатыкты жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Иран мамлекетинде учурда өнөржай тармагы, технология, курулуш материалдары аябай дүркүрөп өнүгүүдө. Ошол товарларды биз Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга экспорттоп, ошол эле учурда сиздерден керектүү буюмдарды сатып алууга кызыкдарбыз.
-Кыргызстанга ИРИ Межилисинин Төрагасы Али Лариджани жетектеген делегация расмий иш сапар менен келген болчу. Анда Иран Кыргызстан менен гуманитардык багытта кызматташууга басым жасай тургандыгы белгиленген. Бул багытта кандай иштер жүрүүдө?
-Иран Межилисинин Төрагасынын Кыргызстанга жасаган иш сапары өтө маанилүү жана жемиштүү болду. Ал Кыргызстандан барары менен эле түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алып, бир топ жумуштар жасалууда. Буюрса, ал иштердин натыйжасына жакын арада чогуу күбө болобуз деген ойдомун.
-Учурда Иран мамлекетинин тегерегинде эл аралык деңгээлде ар кандай сөздөр айтылууда. Өз өлкөңүздүн тышкы саясаты тууралуу айтып берсеңиз.
-Иран Ислам Республикасынын тышкы саясаты баардык өлкөлөр менен саясый жана башка мамилелерди тынчтык жол менен өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми цианиддик режим менен байланыш болгон эмес жана келечекте да болбойт. Америка менен мамиленин өз себеби бар. Мындан 32 жыл мурда Иранда Ислам революциясы жеңишке жетишип, өзүнүн өнүгүү жолун тандагандан кийин Америка биз менен мамилесин бир тараптуу токтотуп салган. Качан гана алар баскынчылык, үстөмдүк саясатын токтоткондо гана биздин кызматташтыгыбыз кайра жанданат деп ойлоймун. Бирок ошол эле учурда биз башка мамлекеттерге сый-урмат көрсөтүп, тең катарда кызматташууга даярбыз. Иран менен мамиле түзүүдө ар бир мамлекет тең салмактуулук болорун түшүнүш керек.
-Улуу Британиянын Тегерандагы элчилигинин тегерегиндеги абалды кандай баалайсыз?
-Бул мамлекеттин бизге карата түшүнүксүз саясатынан улам дипломатиялык мамилебизди бир аз чектөө чечимин кабыл алдык. Натыйжада Улуу Британиянын Ирандагы элчиси чыгарылып, анын ордуна орун басарынын иштөөсүн сунуш кылганбыз. Ооба, Тегерандагы Улуу Британия элчилигинин алдында митинг болуп, адамдар өз оюн айтышкан. Ошонун натыйжасында бул мамлекет толук бойдон дипломаттарын чыгарып кетишти. Ошол эле учурда Ирандын Лондондогу элчилигинин алдында да ушундай окуя болуп, биздин элчилик да чыгарылды. Анын натыйжасында айрым кызматкерлерибиз шейит кетсе да унчукканыбыз жок.

-АКШ, Батыш мамлекеттери тарабынан Иранга экономикалык чектөө киргизилиши кандай таасир тийгизүүдө?
-Америка менен биздин эч кандай соода-сатык мамилебиз болбогондуктан, мындай чаранын терс таасири деле тийген жок. Ал эми Батыш өлкөлөрү менен да экономикалык мамилебиз төмөнкү деңгээлде. Андыктан алардын бул кадамынын деле зыяны анчалык болбойт. Менимче алар өздөрү көбүрөөк жоготууга учурайт болуш керек. Иран негизинен Азия мамлекеттери менен соода-сатык, экономикалык байланыш жүргүзөт. Биздин мамлекет эч качан согуштук аракеттерге умтулбайт жана баардык мамлекеттер менен тең укукта кызматташууга даяр. Жакында эле атомдук энергетика станциясын өз күчүбүз, орус досторубуздун көмөгү менен курдук. Буюрса, жакын арада анын ачылыш аземине күбө болобуз.
Эмилбек Момунов, “Кабар”.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу