Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/11 10:53
 

Чаткалда 10 күндөн бери суу кар тынбай жаап жатат

Чаткалда 10 күндөн бери суу кар тынбай жаап жатат

Жалал-Абад облусунун тоолуу Чаткал районунда 14-ноябрдан бери суу кар тынбай жаап, күндүн көзү көрүнө элек. Облус менен жол байланышы жабылган. Райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Муратбек Досматов менен телефон аркылуу байланышып, тоо койнундагы элдин азыркы учурдагы абалы боюнча кыскача суроолорго жооп алдык.

- Муратбек Багышбекович, Чаткалда дале тынбай кар жаап жатабы?
- Чаткалда адегенде 14-ноябрда 40 см. болгон кургак кар жаады. Анан анын артынан суу кар жамгыр аралаш жаады. Мына 10 күндөн бери күндүн көзүн көрө элекпиз. Кичине жаап токтоп, кайра эле жаайт. Күн ачылып кетсе экен деп тилек кылып жатабыз. Райондо өзгөчө кырдаал болуп жаткандыктан, жарандык коргонуу штабы түзүлүп, иштеп жатат. Мектептер менен бала бакчалар убактылуу дүйшөмбү күнгө чейин толук жабылган. Мекеме-ишканалар ишин токтотуп, элди мобилизация кылып, мамлекеттик имараттардын жана жеке үйлөрдүн чатырларынан кар күрөп жатышат. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн сарайлары, ашканалары кардын оордугун көтөрө албай кулаган учурлар бар. Ал боюнча ӨКМге ыкчам маалыматтарды берип жатабыз. Буга чейин ноябрь айында Чаткалга мындай кар түшкөн эмес. Башка жылдарга салыштырмалуу бул жолу март айындагыдай болуп суу кар жаап жатат.
- Жолдорду ачуу маселеси кандай болуп жатат?
- Жолдорду ачуу боюнча Чаткалда сегиз техника каражаты иштеп жатат. Райондун борбору Каныш-Кыя айылында жол 70 пайызга ачылган. Чапчыма ашуусунан Курулуш айылына чейинки жол тазаланып бүттү, азыр жол ачык. Жолдорду ачуу боюнча эки бульдозер иштеп жатат.
- Жарык өчкөн жокпу?
- Кардын калыңдыгын көтөрө албай электр зымдары үзүлүп, райондун жогору жактагы үч айылында убактылуу жарык өчүп калган эле. Коргон-Сай айылына бүгүн кечинде жарык берилди. Ал эми Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарына жарык бериле элек. Жол жабык болуп, ал жакка жете албай жатабыз. Ортодогу үзүлгөн зымдарды калыбына келтиребиз. Эгерде район боюнча жарык өчүп калса, анда ошондо чооң проблема пайда болот. Калган айылдарда азырынча жарык бар.
- Азыркы учурда кардын калыңдыгы канча?
- Азыркы учурда Ак-Таш, Чакмак-Суу, Башкы-Терек айылдарында кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетет. Каныш-Кыяда 90 см.ге жеткен калың кар бар. Айылдардын аралыгына жараша кардын калыңдыгы да ар кандай болуп жатат. Ал эми тамдын башында 40 см кар турат.
- Сасык тумоо оорусу күч алган жокпу?
- Мен азыр райондук ооруканада турам. Сасык тумоо мурдагыга салыштырмалуу күч алган жок. Ооруканада жылуулук, жарык бар. Азырынча сасык тумоо менен ооруканага жаткандардын көбөйгөнү байкала элек. Мектептерге, элге көмүр ташылган. Отун менен камсыз болгон.
- Элдин азык-түлүгү, отун-көмүрү жетиштүүбү?
- Райондун борборундагы базарда азык-түлүк кымбаттай элек. Бардык ларектор менен дүкөндөрдү кыдырып, канча тамак-аштын запасы бар экендигин текшерип, тактап чыктык. Райондо азыр капталган ун менен ак май жок. Ал эми күндөлүк тамак-ашка керектелүүчү товалар, буюмдар азайып жатат. Дагы 5-6 күнгө жете турган запасы бар. Эгерде жол байланышы ачылбаса, бардык тамак-аштын запасы түгөнөт. Бул боюнча облустук мамлекеттик администрацияга кат жолдодук. Тоолуктарга телефон чалып, абалыбызды сурап тургула. Ошол нерсе да бизге чоң дем болот.
- Ишиңиздерге ийгилик, калың карды жеңип чыгышыңарга тилектешпиз!

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары (24/11/2011)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу