Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/11 18:51
 

Геннадий Базаров: Кыргыздын жаңы мууну Голливуддун фильмдери менен тарбияланды

Геннадий Базаров: Кыргыздын жаңы мууну Голливуддун фильмдери менен тарбияланды

Кыргыз киносуна 70 жыл толду. Анын классиктеринин бири, кинорежиссер, КР эл артисти Геннадий Базаров «Кабар» агенттигинин кыскача суроолоруна жооп берди.

-70 жылдык тарыхында кыргыз киносу эмнелерге жетишти?

-Жеке мен кыргыз киносунун тарыхы үчүн уялбайм. Эң негизгиси ал тынчып,токтоп калган жок, акырындап иштеп жатат. Анткени, биздин тегерегибиздеги өлкөлөрдүн арасында кыргыз киносу дайыма алдыда турган, алар бизге суктанган. Кинонун өмүрү 70 жыл болуп жаткандыгы деле чоң окуя, бул маанилүү мөөнөт. Кыргыз киносунун тарыхы Чынгыз Айтматов, Шаршен Усубалиев сыяктуу улуу адамдар менен башталган. Ал эми бүгүнкү күнү ошол кыргыз киносунун эстафетасын улантуучу муундун бар экени мени кубандырат.

-Киного тиешеси жок адамдардын фильм тартып жатышы кино тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

-Алардын иши чоң даңгыр жолдун башындагы башталуу, изденүү процесси. Чоң сапар ошентип башталат. Алар адашат, жыгылат, турат. Акыркы жылдарда абдан көп жаштар кино тартуу менен алектенип жатышат, бул киного болгон кызыгуунун көбөйгөндүгүн көрсөтүүдө. Бирок, алар жөн эле тарта бербеш керек, билим дайыма керек. Мен жаштарга ири маданият окуу жайларында окуп келүүлөрүн айтып жүрөм. Калктын маданий деңгээлин жогорулатуу үчүн алар өздөрү билимдүү болуш керек.

-Кыргыз коомун анын маданиятына, баалуулуктарына дал келбеген чет элдин фильмдери каптап кетти. Ааламдашуунун мындай күчтүү агымына кыргыз коомчулугу каршы туралабы?

-Биз каршы турууга милдеттүүбүз. Ал үчүн кыргыз маданияты мыкты болуш керек. Жогорку деңгээлдеги кинолор тартылыш керек, классикалык маданияттын деңгээлине жетишибиз керек. Музыкабыз, спектаклдарыбыз классикалык болуусу абзел. Дүйнө коомчулугу кайрадан ушуга кайтып жатат. Азыр Чеховдун чыгармалары боюнча спектаклдарды, Тарковскийдин кинолорун көрүү үчүн чет өлкөдөгү театрларда кезек күтүп турушат.

-Анда кыргыз коому, көрүүчүлөрү эмнеси менен айырмаланат?

-Коомдун деңгээли менен. Азыркы муундун трагедиясы - китеп окубагандыгында. Бирок, мен азыркы муунду күнөөлөп жаткан жокмун, алар ошондой учурга туш болушту. Социалдык түзүлүштөн капиталисттик системага өтүү мезгилинде алар кайчынын ортосунда калды. Жаштар мамлекеттин көзөмөлүнө кирбей, өздөрү менен өздөрү жашоосун улантты. Ошентип, өздөрүн интернет, Голливуддун фильмдери менен тарбиялашууда. Классикалык чыгармалар биздин жаштардын көңүл сыртынан өтүп кетти.

-Азыр эл жеңил сериалдарды көп көрүүдө. Сиз буга кандай карайсыз?
-Ошол фильмдерге каршы турчу чыныгы кинолорду тартыш керек. Элдин накта турмушун көрсөтүү керек. Мен «Кара кызды» тартканда элдин баары «чын эле кайда кетип баратабыз, токтошубуз керек» деген пикирде болгон. Аны көрүп жатканда көрүүчүлөрдүн жүзүндөгү абалы башкача болчу. Карапайым калктын маселесин экранга алып чыгуу зарыл. Кинонун негизги максаты тарбиялык болгондуктан, киночулар ушуга көңүл бурса дейм.
Уюштурган А.Култаева «Кабар»
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу