Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/11 10:53
 

Ж.Акенееев: Үч жылда Кыргызстан күйүүчү май менен өзүн өзү камсыз кылып, сыртка да сатып калышы мүмкүн

Ж.Акенееев: Үч жылда Кыргызстан күйүүчү май менен өзүн өзү камсыз кылып, сыртка да сатып калышы мүмкүн

Кыргызстандын аймагында мунай кендери болгон менен өзүбүз өндүрбөйбүз. Андыктан аны сырттан ташып келүүдө жана керектөөчүлөргө сатууда көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар. Ошол эле учурда адистер келечекте газ, бензин, дизель майы менен жок дегенде ички керектөөнүн жарымын камсыз кылууга болот деп айтышууда. Бул туурасында КР Нефтедрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Акенеев Жумакадыр Асанкулович “Кабар” агенттигинин суроолоруна жооп берди.
-Жумкадыр Асанкулович, учурда өлкөбүздүн мунай рыногундагы абал кандай?
-Буюрса, жакшы эле. Жетиштүү өлчөмдө бензин жана күйүүчү май бар. Баалар да бир калыпта сакталып турат. Мунай азыктары негизинен Россиядан ташылып келгендиктен, биздеги баа Россиянын ички рыногу менен бирдей эле. Республикабыз боюнча жалпысынан 600гө жакын май куюу жайлар болсо, алардын 400гө жакыны жеке менчик ээлерине жана 200гө жакыны ири компанияларга таандык. Күйүүчү майдын 90% Россиядан поезд аркылуу өлкөбүздүн түндүгүнө ташылып келип, анын 30% же 30 миң тоннага жакыны ай сайын түштүк облустарга жеткирилип турат. Бир айга жетерлик корду дайыма кармап турабыз. Бир гана 2008-жылы ошол кездеги Өкмөт башчы Данияр Үсөнов кол коюп, Парламент тарабынан кабыл алынган “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Токтому бир топ көйгөйдү жаратууда.
-Мына ушул документ жөнүндө так айтып берсеңиз.
-2008-жылы ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов кол коюп, Жогорку Кеңеш тарабынан “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Токтому кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир күйүүчү май ташуу менен алектенген айдоочу кайсы бир белгисиз жеке менчик камсыздандыруу компаниясына ай сайын 10 миңден, бир жылда 120 миң сомдон взнос төлөөгө тийиш. Мындан тышкары май куючу жайлар жыл сайын 350 миң сомго камсыздандырылыш керек. Ошол эле учурда эгер кокустук болуп, машина күйүп кетсе же башка кырсык болсо, камсыздандыруу компаниясы эч кандай чыгымдын ордун толтурбайт. Бирок эски бийлик экономикалык абалга жараша бул мыйзамды аткарууну колго алган эмес. Аңгыча апрель революциясы чыгып кетти. Убактылуу өкмөт да айланып келип карапайым элди тоноого багытталган документти аткарган жок. Чындыгында өтө куулук менен түзүлгөн бул документте эч кандай мамлекет үчүн пайда жок. Тилекке каршы Үстүбүздөгү жылдын 15-августунда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев №785 буйругу менен ушул камсыздандыруу взносун төлөбөгөн айдоочуларга каттоо документин бербөө тапшырмасын чыгарган.
Бул буйрукту аткара турган болсок, биринчиден жыл сайын белгисиз менчик камсыздандыруу компаниясынын чөнтөгүнө 40 млн. сом түшүп турат. Тилекке каршы ал акча карапайым элдин мойнуна түшүп, күйүүчү майдын баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бирок бизде ансыз деле баалар жетер чегине жетип бүттү. Ошондуктан ал Токтомду жокко чыгаруу же жок эле дегенде аткарууну 2-3 айга артка жылдыруу үчүн Бишкек райондор аралык сотуна арыз жаздык. Андан күткөндөгүдөй жыйынтык болбосо, Жогорку Кеңешке кайрылабыз.
-Эмне үчүн эски бийликтин элге каршы саясатын ИИМ жетекчилиги аткарууга мынчалык жанталашып жатат?
-Бизди да ушул жагдай таң калтырууда. Мен бул иштин артында ким тургандыгын билбеймин. Кечээ 10 чакты күйүүчү май ташуучулар кайрылышты. Алардын айтуусунда, МАИ кызматкерлери кайсы бир депутаттарга караштуу камсыздандыруу компаниясына тиешелүү сумманы төлөөнү талап кылышкан. Бул жерде кырдаалдан чыгуунун эки гана жолу бар. Биринчиси, камсыздандыруу взносун төлөп, бааны 2-3 сомго көтөрүү. Экинчиси, ал Токтомду жокко чыгаруу керек. Албетте, биз маселени экинчи жол менен чечүүнү көздөөдөбүз.
-Жумкадыр Асанкулович, Баткен облусу аркылуу Тажикстанга күйүүчү майдын аткезчилик менен ташылып жатышы качан токтойт?
-Бүгүнкү күндө бул көрүнүш толук бойдон токтоду. Мурдагыдай 30-40 тонналык машиналар менен ташыгандар азыр жок. Бирок туура түшүнүү керек, тажик ишкерлери биздин аймагыбыз аркылуу Казакстан менен Россиядан ташып жаткан күйүүчү майлар аткезчилик эмес, транзит болуп саналат.
-Бирок, мен 10-октябрда Баткен облусуна барып, өз көзүм менен көрдүм, жалаң Кыргызстандын номери менен ташыган машиналар чек арага каттап жатпайбы?
-Эми бул тажик ишкерлери кыргызстандык айдоочуларды жалдап иштеши да мүмкүн. Аларга Кыргызстандын аймагында кыргызстандык номер болгону жакшы. Тажикстандын машиналарын биздин ар бир МАИ кызматкерлери токтото берип тонобойбу.
-Сиз бул сөздөрдү Бишкекте отуруп алып эле айтып жатасыз да. Иш жүзүндө кырдаал башкача болуп жатпайбы
-Мен Бишкекте эле отуруп алганым жок. Быйыл Баткенге алты жолу барып келдим. Керек болсо ал жакта агенттерибиз бар. Алар бизге кандай номердеги машиналар өтүп жаткандыгын маалымдап турушат. Биз ал маалыматтарды чогултуп салык, укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Негизинен 400 жеке менчик машиналар күйүүчү май ташышат. Алар ким менен, кандай иштешет, өздөрү билет да.
-Ошол 30-40 тонналык машиналар түз эле Тажикстандын чек арасына барып, алардын 5-8 тонналык машиналарына куюп берип жатышкандыгын көрдүк. Бүгүнкү күндө Лейлекте 1 литр дизел 43 сом. Тажикстанда 55 сом. Ошондуктан жергиликтүү эл да канистрлеп ташып жатат. Ал тургай Баткенде асфальттын астынан куур аркылуу агызышат экен...
- Ооба, күн сайын жүздөгөн машиналар чек арадан өтүп турат. Алар багына куюп алып ташып сатып жатышы мүмкүн. Бул көрүнүшкө тыюу сала албайбыз. Чынын айтсам куур аркылуу агызыларын билбейт экенмин.
-Мындан ары бензин менен күйүүчү майдын баасы кандай болот?
-Эгер дүйнөлүк баа эле көтөрүлүп кетпесе, биз арзандайт деп күтүп турабыз. Анткени ушул жылдын ноябрь айында Россия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө кабыл алынуу алдында турат. Ошондуктан Кыргызстан бул уюмдун мүчөсү катары Россиядан импорттогон товарларга салык төлөбөй калат. Анын үстүнө келерки жылы аларда президенттик шайлоо болот...
-Президент Р.Отунбаева, Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибеков Азербайжандын мамлекет башчылары менен жолугушууда мунай азыктарын сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Ал документтер иш жүзүнө ашабы?
-Азербайжан бизге жылына 300 миң тонна күйүүчү май сатканга макулдугун берген. Бирок бир гана аны ташып жеткирүү чоң көйгөйдү жаратууда. Эгер алар 1 литр бензинди 25 сомдон сатса, ташып келгенче баасы 60 сомго чыгып кетип жатат. Мындан тышкары Түркмөнстан менен да келишим түзүлгөн. Алар менен да ушундай эле көйгөйдөн улам иштеше албай жатабыз.
-А. Атамбаев түштүктү күйүүчү май менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деди эле. Сиз адис катары ушул сөзгө кандай баа бересиз?
-Бизде бир гана түштүк облустарды эмес, мамлекетибизди толук бойдон камсыз кылып, сыртка сатууга да мүмкүнчүлүгүбүз бар. Россиянын “Газпром” компаниясы азыр түштүк облустарынан үч мунай кенинин скважинасын табышты. Канттагы 1,5 млн. тонна мунай сактай турган кампаны да россиялыктар бекер алып жатышкан жок. “Газпромдун” жетекчиси А.Миллер жакында Бишкекке келгенде бир топ маселелер чечилди. Болжол менен үч жылдан соң өзүбүздүн күйүүчү майды пайдаланып, ашыкчасын кымбат баада экспорттоп калабыз Ал эми ички керектөөгө баа арзандайт.
Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу