Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 17:05
 

Тегерандан Бишкекке велосипед менен келген жубайлар кыргыз жергесине суктанышты

Тегерандан Бишкекке велосипед менен келген жубайлар кыргыз жергесине суктанышты

Өткөн жумада Бишкекке Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеран шаарынан жубайлар Умид Нажафабади менен Фатима Дехшери велосипед менен келишти.  Түркмөнстан, Өзбекстандын аймагы аркылуу үч миң километрге жакын жол жүрүп, үч мамлекеттин чек арасынан өтүп келген жубайлар “Кабар” агенттигинин суроолоруна жооп берди.
-Умид, ушунча түйшүктү моюнга алып, жубайыңыз экөөңүз Тегерандан Бишкекке велосипед менен келишиңиздин максаты эмне?
-Менин кесибим архитектор, ал эми жубайым Фатима инженердик окууну аяктаган. Анткен менен спортко, анын ичинен велоспортко аябай кызыгабыз. Өз өлкөбүздүн көптөгөн аймагын велосипед менен кыдырып чыктык. Бирок көптөн бери чет мамлекеттерге да саякат жасасак деген кыялыбыз бар эле. Ошондуктан көпкө ойлонбой Кыргызстанды тандап алдык. Себеби сиздердин мамлекет тууралуу интернеттен маалымат алып, ушул бейиштин төрүндөй кооз жерлери бар өлкөнү, анын меймандос элин көргүбүз келчү. Бир чети биз сыяктуу (1979-жылдагы Иран Ислам революциясы) революция жасап, эркиндикти сүйгөндүгүңүздөр да кызыктырды. Албетте, ар бир адам өз өлкөсүнүн, дининин патриоту болуш керек. Бизди да өткөн жылы айрым мусулман динин дүйнө жүзүнө жек көргөзгүсү келгендердин Ыйык Куранды өрттөө аракети аябай бушайман кылган. Дал ушул жагдайлардан улам жубайым экөөбүз Куран тынчтыктын, ар кайсы элдердин башын бириктирген касиеттүү китеп экендигин жайылтуу максатында ушул жылдын 11-сентябрында жолго чыктык.
-Кыргызстан менен Ирандын ортосун алыс аралык гана эмес, чек арасын бекем кайтарган Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери да бөлүп турат. Балким кыйынчылыктар болгондур?
-Көп кыйынчылык деле болгон жок. Бир гана Түркмөнстандан Өзбекстанга өтүп жатканда визабыз туура эмес болуп калып, кайра Тегеранга барып-келүүгө бир айга жакын убакыт кетти. Эгер ушул убаракерчилик болбосо Бишкекке мындан бир ай мурда келмек экенбиз. Бизди ошол барган мамлекеттердеги өз өлкөбүздүн Маданият иштери боюнча өкүлчүлүктөрү тосуп алып жардам берип, демөөрчүлүк кылып, жолду көрсөтүп турушту. Мындан тышкары жаныбызда Куран китеби болгондуктан, жолдо токтоткондорго аны көрсөткөнүбүздө кайра тилектештигин билдирип жатышты. Көрдүңүзбү, Курандын кандай касите бар экендигин. Баса, эки ирет дөңгөлөгүбүз жарылып калды. Мындай жагдайды да эске алып, тиешелүү тетиктерди алып алгандыктан, тез эле жамап кайра сапарыбызды уладык.
-Тамак-аш, кечинде түнөө маселеси кандай болуп жатты?
-Велосипедибиздин багажына керектүү азыктарды, чатыр алып алгандыктан, кечинде жол четине эле түнөп, кээде тамак-ашты өзүбүз даярдап жаттык. Бир чети акчабызды үнөмдөдүк. Орто эсеп менен суткасына экөөбүз 20-30 доллардан жумшадык.
-Кыргызстанга качан келдиңиздер?
-Октябрь айынын орто ченинде Өзбекстандан Ош шаарына өтүп, андан Бишкекке жеткенче алты күн жол жүрдүк. Бирок Кыргызстандын аймагы Иран, Түркмөнстан, Өзбекстандын жолдорундай тегиз болбогондуктан, Базар-Коргондон чыккан соң суткасына 150 км.ден жол жүрүп келдик. Ала-Бел менен Төө-Ашууга жеткенде кар жаап, велосипедди жетелеп чыгууга туура келди.
-Жолдо эл менен да сүйлөшүп, пикир алышкандырсыздар?
  -Ооба, Ош-Бишкек жолунун боюндагы айылдардын элдери  бири-бирибизди түшүнбөсөк да жакшы маанайда кабыл алышты. Өзгөчө Суусамыр өрөөнүндөгү боз үйлөр аябай жакты. Биздин Ирандан атайын кыргыз элин, жерин көрүү үчүн келаткандыгыбызга ушунчалык ыраазы болгон малчылар кымыз, шорпо, бешбармак берип даам сыздырышты. Кыргызстан чындап эле бейиштин төрүндөй кооз, эли меймандос экен. Тилекке каршы Ысык-Көлгө да барууну ниет кылдык эле, азыр күн суутуп калгандыгына байланыштуу бул тилегибиз ишке ашпай калды. 
-Бишкекте кимдер менен жолугуп, кайсы жайларда болдуңуздар?
-Албетте, бизди курбалдаштарыбыз болгон кыргызстандык жаштардын турмушу, жаш үй-бүлөлөрдүн абалы кызыктырат. Алгачкы күнү эле Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучулары менен жолуктук. 28-октябрда БГУнун чыгыш таануу факультетинин студенттери менен жолугушуп, достуктун символу катары арча отургуздук. Ирандын Кыргызстандагы маданият өкүлчүлүгүнүн коногу болуп, көптөгөн маданий иш чараларга катыштык. 30-октябрда сиздерде өткөн президенттик шайлоого да күбө болдук. Сиздердин келечегиңиздер алдыда. Ошондуктан биз муслман эли катары бири-бирибиз менен тыгыз кызматташтыкта болушубуз керек. Буюрса, 1-ноябрь күнү кайрадан жолго чыгып, Бишкектен Ошко барабыз, андан ары Тажикстан аркылуу Иранга кетебиз.
Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу