Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/10 18:40
 

Н.Мирзахмедов: Сузак району айыл чарбасына көбүрөөк багыт жасаган райондордун катарына кирет

Н.Мирзахмедов: Сузак району айыл чарбасына көбүрөөк багыт жасаган райондордун катарына кирет

Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу Мирзахмедов Нурболот “Кабар” агенттигинин бир нече суроолоруна жооп берди.
- Нурболот Сабыржанович, Сузак району облустун башка район-шаарларынан кайсы өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат?
-Сузак району 128 айыл кыштактан, Көк-Жаңгак шаар башкаруусунан, 13 айылдык округдан турат. Калкынын саны 248 миңден ашуун болуп, республикада ири райондордун катарына кирет.
Райондун аймагында, айрыкча Барпы, Көк-Жаңгак, Атабеков айылдык округдарынын аймагында көмүр кендери, Көк-Арт, Кара-Дарыя айылдык округдарынын аймагында нефть, газ кендери бар. Барпы айылдык округунда цемент, шифер, боёк чыгарууга керектелүүчү сырьёлук материалдар, кен байлыктар бар. Бул кен байлыктарды иштетүү үчүн атайын пландар, долбоорлор иштелип чыгып, райондун стратегиялык өнүгүү программаларына киргизилген жана азыр алгачкы ишканалар иштөөдө.
- Айыл чарба тармагында кандай иштер аткарылып жатат?
- Райондо 44 миң 497 га айдоо аянты болсо, мунун ичинен үстүбүздөгү жылы 42 миң 310 гектерга эгилип, 2469 гектарга эгилбей калган. Ал эми райондун калкынын азык-түлүк кооопсуздугун камсыз кылуу максатында үстүбүздөгү жылы 14 миң 638 га күздүк жана жаздык буудай эгилип, мындан 13 миң 763 га жер аянттарындагы түшүм жыйналып, 33036,3 тонна буудай алынган. Бул өткөн жылда өндүрүрлүп алынган буудай данынан 7210 тоннага аз өндүрүлгөн. Азыркы учурда кирешелүү тармак болуп пахта эсептелгендиги үчүн быйылкы жылы 4535 гектар аянтка эгилип, өткөн жылга салыштырмалуу 2165 гектарга көп эгилди.
Ал эми эгин эгилбей калган аянттарды иштетүүгө аракет жасап жатабыз. Бул оор маселе болуп жатат. Көпчүлүгү таштуу жана суу жетпеген жерлер. Ошону менен бирге биз эмне кемчилик кетирдик, ошого анализ жасадык. Быйылкы жылы 31 миң гектер суулуу аянтка толугу менен суу жеткирип бере албадык. Аны биз моюнга алабыз. Себеби, быйылкы жыл кургакчыл болуп, суунун таңкыстыгы күчтүү болду.
Быйылкы жылы чоң техника бульдозер сатып алганга райондук бюджеттен 1 млн. сом акча таптык. Ошондой эле, айылдык округдардан да кошумча акчаларды таап, биз келээрки жылы январь айында дагы бир техника алууга жетишебиз. Кудай буйруса 2 млн. сомдук Кытай Эл Республикасынан бир техника алабыз. Жаңы сатылып алынган техникалар менен алыштардын баарын өз убагында сууну буруп берүүгө жетишебиз. Келээрки жылы 31 миң гектар жерге толук сууну берсек, биздин айыл-чарбабыздын продукциясы толук өнүгөт деген ойдо биз аракеттерди жасап жатабыз.
- Жергиликтүү жолдорду оңдоп калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат?
- Райондун аймагындагы жергиликтүү жолдорду оңдоп калыбына келтирүү үчүн 26 млн. 450 миң 900 сом акча каражаты иштетилди. Ырыс, Барпы, Кара-Дарыя, Таш-Булак, Ленин, Сузак жана Көк-Арт айылдык округдарында 5,5 км жолго асфальт төшөлүп, 16,7 км жолго жамоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, 81 км жолго шагылдар төгүлүп, 32 даана куур жана көпүрөлөр курулду. Бул иштер боюнча кетирилген каражат чоң сумма болуп жатат. Жасаган ишибиз азыраак болгондугунун себеби, биз жеке ишкерлерди буга тартып жатабыз. Кийинки жылы да 30 млн. сом сарптасак, өзүбүздүн аракетибиз менен райондун ички жолдорун чечкенге күчүбүз жетет деген ойдомун.
- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кандай иштер аткарылып жатат?
- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча токтолуп кете турган болсом, өткөн жылы биздин райондо өтө кооптуу жайлар катталып, дамбараларыбыз бузулган. Быйылкы жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардамдар жакшы болду. Бул багытта 56,4 млн. сомдук долбоор өткөрүлүп, бүгүнкү күндө 31 млн. сому жумшалып, 4 обьектинин дамбалары калыбына келтирилди. Көк-Арт дарыясынын төмөнкү нугун тазалоодо эң орчундуу маселе болуп келет. Биз аны «Ашар» жолу менен 60 миң куб шагылды алып чыгып, аны жээккке гана чыгырып койбостон, чыгарылган шагылды ички жолдорго төктүргөнбүз. Бул биздин негизги жетишкендигибиз болду.
Ошону менен бирге, райондун борборунан өтүүчү 2,5 км участкасынын эки жээгин бекемдеп бийиктетүү боюнча «Ашар» жолу менен элди мобилизациялап 2500 даана сым торлору коюлуп, таштар менен толтурулуп чыкты. Мындан сырткары, 1,6 км участкага темир бетон сыныктарын төшөп чыктык. Алдын алуу иштери боюнча айылдык өкмөттөрдүн балансында турган 7 сел каналдардын 11,4 км тазаланып, 5,2 млн. сомго алты көпүрө кайрадан жаңыланып курулду.
-Районго инвестиция тартуу, Эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта иштөө кандай болуп жатат?
-Быйылкы жылы өнөр жай тармагына инвестиция тартуу начар болду. Аны моюнга алабыз. Себеби, азыркы кырдаалга байланыштуу инвесторлорду тарта албадык.
Негизинен биз социалдык обьектилер боюнча иштерди алып бардык. ЮСАИД Эл аралык уюму тарабынан калктуу пунктарга электр жарыгын берүү боюнча 5 долбоорго кол койгонбуз. Курулуштардын 12,3 млн. сомун ЮСАИД уюму каржыласа, 2,2 млн. сомун элдин өзүнүн салымынан каржыланды. Атабеков, Ырыс, Кызыл-Туу, Кара-Дарыя айылдык округдарынанын айылдарына электр линиялары курулуп, бүткөрүү алдында турат. Кара-Дарыя айылдык округунун Тешик-Таш деген айылы ушул күнгө чейин +збекистан Республикасынан электр жарыгын алып келген. Алар үч саат электр жарыгын берсе, калган күндөрү өчүрүп коюп, айылыбыз жарыксыз отурган. Бүгүнкү күндө бул долбоорлор ишке кирип жатат, кышка чейин толугу менен аталган айылга электр жарыгын берүүгө жетишебиз.
АРИС уюмуна элдин күчү, айылдык округдардын демилгеси менен 70 долбоор өткөн. Бүгүнкү күндө ички инвестиция 204 млн. сомду түзөт. Билим берүүгө инвестиция тартууну катуу жолго койгонбуз. Биздин райондо 114 мектеп болсо, ошонун көпчүлүгү жараксыз абалда турат.
-Миграция маселесине да токтолуп өтсөңүз?
-Чындыгында миграция маселеси башка аймактардагыдай эле бизде да курч болуп турат. Сыртка чыгып кеткендердин так санын билүү максатында айыл округдарындагы айыл башчылары менен биргеликте районубуздагы миграциялык абал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Ошол иликтөөлөрдүк жыйынтыгында, иштөө максатында өлкөнүн сыртына үстүбүздөгү жылдын 9 айында 17 миң 94 адам чыгып кетишкен. Алардын ичинен Россия Федерациясына 15 миң 174 адам, Казакстан Республикасына 1 миң 713 адам, башка өлкөлөргө 207 адам чыгып кеткен.
Бүгүнкү күндө бул миграция маселсин токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Алардын баарына иш орун таап берүүгө райондун шарты жок. Алар жашоо-турмушка байланыштуу убактылуу чет жактарга акча таап келүү үчүн кетип жатышат. (уюштурган А.Жаңыбаева)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу