Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/10 17:42
 

Д.Шадыбеков:Жаңы шайлана турган президент буга чейинки каталыктарды кайталабайт деген ишеним бар

Д.Шадыбеков:Жаңы шайлана турган президент буга чейинки каталыктарды кайталабайт деген ишеним бар

Бишкек, 24-октябрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. 30-октябрь Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт, ага саналуу гана күндөр калды.
Учурда талапкерлердин үгүт иштери жүрүүдө.

Кээ бир талапкерлер шайлоого аз калганда бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайсыл бир талапкерди колдогондугу тууралуу билдиришип, талапкерлигин алып салышууда.
 

Ал эми кээ бирлери административдик күч байма-бай колдонулуп жаткандыгын айтып чыгышууда. Бирок шайлоого мониторинг жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдар административдик күчтү колдонуу боюнча жазуу түрүндө бир да арыз болбогондугун билдиришти.
 

Шайлоого байланыштуу “Кабар” агенттигинин суроолоруна “Кыргызстандын Аксакалдар кеңеши” коомдук уюумунун төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков жооп берди.
 

-30-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун таза өтөөрүнө ишенесизби?
-Акыркы 20-жыл ичинде Кыргызстан референдумдар менен шайлоолордун өлкөсүнө айланды. 1994-жылдан тартып бизде 8 жолу референдум, 6 президенттик, 5 парламенттик шайлоолор болуп өттү.
 

Бирок, эмнегедир ал элге бакубат жашоо, экономикалык өнүгүүнү, сөз эркиндигин алып келген жок. Шайлоолордун жыйынтыктары бурмаланып кайсыл бир талапкердин пайдасына чечилип келди. Өлкө бийлиги өз кызыкчылыгында Конституцияны да өзгөрттү.
 

Ушул суроону акыркы парламенттик шайлоого чейин берсеңиз мен шайлоого катышпаймын, менин добушум баары бир эсепке алынбайт, шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чечилген деп айтат элем. Бирок 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоо Кыргызстан таза шайлоо өткөрө ала тургандыгын, ал үчүн өлкө бийлигинин эле каалоосу керек экендигин далилдеди.
 

Учурда парламенттеги депутаттарды карап туруп эле, шайлоонун ачык өткөндүгүнө баа берүүгө болот.
 

-Президенттикке кээ бир талапкерлер административдик күч байма-бай колдонулууда деп, жар салышууда.
  -Эч нерсе боло электе эле шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп табуу керек, мыйзамдар бузулуп жатат, БШКны, өлкө бийлигин сотко берүү керек деп куру гана сөздөр айтылууда. Бир да талапкер кат жүзүндө арыз берген жери жок. 
 

Аны жарыялап жаткандар популизм менен алек болуп, шайлоодо элдин колдоосуна ээ боло албагандыгын алдын ала түшүнгөн талапкерлер деп баалаймын.
 

Биздин айрым талапкерлердин сөзү менен кылган иши дал келбейт. Бүгүнкү күндө алар элге чоң-чоң сөздөрдү берип, кийин аны кантип ишке ашырамын деп ойлонбойт. Негизи саясый технология оратторлук чеберчиликке негизделген, бирок калп айтканга эмес...
 

-Түндүк -түштүк маселеси боюнча кооптонуу барбы?
-Жок, кыргыз эли эч качан түндүк түштүк деп бөлүнгөн эмес. Бул маселени көтөрүп жаткандар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп саясый упай топтошууда. Бул артта калган саясый аракет. Түндүк-түштүк маселесин далайлар пайдалангысы келди, бирок майнап чыккан жок.
 

- Кыргызстандын келечектеги президенти катары кимди көрөсүз?
  -Жүрөгү элим, жерим деп соккон, буга чейинки эки президент кетирген каталарды кайталабай турган инсан келсе дейм.Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев республикада демократияны орното алды, бирок акыркы жылдары байлык топтоону көздөп, жолдон адашкан. Ал эми Бакиведин бийликке келгенде эле башкы максаты байлык топтоо эле.
 

30-октябрь күнү кыргызстандыктар алдында чоң милдет турат, татыктуу президентти тандап алуу. Адашпай өз добушубузду элдин мүдөөсүн ойлогон талапкерге бериңиз. Кимдин эмне кылып, эл үчүн эмне кызмат өтөгөнүн эл өзү билет.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу