Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/10 17:15
 

Ж.Кадыралиев: Ар бир талапкердин буга чейин аткарган иштерине баа берүү менен, өз добушунду кимге бере тургандыгыңды аныкташың керек

Ж.Кадыралиев: Ар бир талапкердин буга чейин аткарган иштерине баа берүү менен, өз добушунду кимге бере тургандыгыңды аныкташың керек

Учурда Кыргызстанда президенттикке талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоочулар менен жолугушуу учурунда ар кандай куру убадаларды берүүдө. “Кабар” агенттигинин кыскача суроолоруна КР эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер Жоомарт Кадыралиев жооп берди.
-Азыркы президенттикке талапкерлердин убадалары канчалык деңгээлде турмушка жакыныраак-деп ойлойсуз?
-Президенттикке талапкерлер саясатчылар, жалган айтуу, калп, кооз сүйлөө алардын башкы куралы да.Калп айтып, кооз сүйлөбөгөн адам саясатчы боло албайт. Куру сөз менен болсо да, элди өзүнө тарткан адамды саясатчы дейбиз. Учурда, президенттик кызматка катуу жарыш жүрүүдө. Анда кээ бир талапкерлер кыргызстандыктардын түшүнө кирбеген нерселерди убада кылышууда. Талапкерлердин көбү коррупцияны бир жыл ичинде жок кылабыз, тууган-туушкандык мамиле деген түшүнүк жок болот-деп айтышууда. Бул куру сөз. Кыргыздар ушул убакка чейин тууган-туушкан, жердештик принцип менен жашап келген аны жок кылуу мүмкүн эмес. Ал эми коррупцияны жок кылуу үчүн 5 жыл эмес 10 жыл да аздык кылат
-Саясатчылардын баары эле калпычы болсо, кыргызстандыктар кайсы принцип боюнча президентти шайлаш керек?
-Эң негизгиси эл эми алданбашы керек. Ар бир талапкердин буга чейин аткарган иштерине баа берүү менен, өз добушуңду кимге бере тургандыгыңды аныкташың керек, эми жаңылсак 10 жылга артка кетебиз. Теледен көрүп жатабыз. А түгүл кыргыз Гимнин сөзүнүн авторлорун билбегендер бар экен. Бирөө Сыдыкбеков десе бирөө Жусуев-деп тамтаңдашат. КТРдын журналисттери суроо бергенде “авторлору”деш керек эле. Аны эки адам жазган. Анан ушундай адамдар президент болом-деп талаптанып жатышы эч кимди канааттандырбайт.
- Кыргызстандын келечектеги президенти катары кимди көрөсүз?
-Кыргызстанга теоретик эмес прагматик президент керек. Буга чейин мындай президенттердин алып барган ишине күбө болдук.
-Сиздин баамыңызда бул шайлоо буга чейин өткөн шайлоолордон айырмаланабы?
-Эң негизгиси татыктуу президент шайланышы керек. Өткөн парламенттик шайлоо таза өткөндүгүн эл аралык, жергиликтүү байкоочулар баса белгилешти. Канча жылдан бери элдин добушу сатылып алынып, шайлоонун жыйынтыгы кайсыл бир талапкердин пайдасына чечилип жаткан. Эл өз каалоосун билдире турган мезгил келди. (М. Момуналиева)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу