18.10.2011, 17:41

Т.Тургуналиев: Мурдагы бийликтердин тушундагыдай ыплас эмес, калыс, таза шайлоо болоруна ишенем

Т.Тургуналиев: Мурдагы бийликтердин тушундагыдай ыплас эмес, калыс, таза шайлоо болоруна ишенем

Учурда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учур. Чындыгында президент болом дегендердин деңгээли ар кандай. Айрымдары электораттын көңүлүн калтырса, дагы башкалары күлкүнү келтирүүдө. Биз ушул жагдайлардын тегерегинде эгемендүү Кыргызстандын тарыхында үч мамлекет башчыны такка отургузган да, кайра түшүргөн да (Масалиев, Акаев, Бакиев) саясый окуялардын көч башында болгон, демократ саясатчы Топчубек Тургуналиевди кепке тарттык.

-Топчуке, оболу ушул күркүрөгөн күздө 70 жашка толушуңуз менен куттуктаймын.
-Менин ушул күндөрү 70 жашка чыкканымды эске салып, алгачкылардан болуп куттуктаганыңа рахмат. Өзүң айткандай, 70ке келип калсам да карылык деген сөздү өзүмө жакын жолотпой, баякы эле бойдонмун. Мына өзүңөр көрүп тургандай, дале чапкылап, ар кандай коомдук иштердин чордонунда жүрөм. Албетте, мени тынчсыздандырган маселе-саналуу күндөрдөн кийин боло турган президенттик шайлоо.
-Чакан элибизде 80 ден ашык талапкердин президент болом деп чамынып чыккан көрүнүштү кандай баалайсыз?
-Биринчиден, 83 талапкер чыгып айлана-тегерегибизге гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө бизди аябай уят кылышты. Эгер ошол 83 эмес, 800 кишинин баары татыктуу болсо бир жөн эле. Менимче ошолордун жок дегенде он чактысын адегенде Чым-Коргонго жиберип, дарыланып чыккандан кийин гана шайлоого аралаштырса болот эле. Экинчиден, бул дүйнөдө элди, мамлекетти башкаруудан татаал, кыйын жумуш жок. Дагы бир айтарым, өзүнүн үй-бүлөсүн асырай албай же катынын башкара албагандар деле президент болуп жүрдү. Андайлар азыр деле жулкунуп жатышат. Үчүнчүлөрү соодагерлер. Алар кайсы бир кокту-колоттун же уруусунун добушун барымтага коюп, күчтүү талапкерлерге “мен сага добуш алып берем, кийин сен президент болсоң мага мамындай бир мамык орунду бересиңби?” деп шарт коюп жатышат. Дагы бирөөлөр “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей аракет кылышууда. Эми аты чыкты дейли, бирок кеп кайсы жагынан аты чыгып жатат? Ушул жагы аябай жийиркеничтүү, ыплас жоруктар менен коштолууда. Себеби алар өзүнүн кантип элди, мамлекетти кыйынчылыктан чыгаруу планын айтуунунун ордуна, атаандашын каралоо менен гана алектенүүдө.
Өгүнү Аксыга барсам бир келиним “талапкерлердин бири келип, кагаздан башын көтөрбөй программасын окуп берди. Бул президент эмес, колхоздун бригадирлигине да жарабайт экен” деп жатат. Көрдүңүзбү, мамлекет башкарам дегендердин деңгээлин, аларга карапайым эл тарабынан берилген бааны. Мындай пикир эң оболу ошол талапкердин рухун сындырат, кадыр-баркына доо кетирет. Бирок ал элдин алдында экинчи баш көтөрө албай калат.
-Анткен менен шайлоо марафонунда талапкерлердин саны төрт эсе кыскарып, жыйырмага жакыны гана калбадыбы...
- Булардын арасында деле жогоруда айтылган көрпай-шөрпайлар толтура. Эл билсе дагы атын атасаң ошол карапайым калктын көкөйүнө көк таштай тийгендери жок эмес. Мен мурда сунуш кылдым эле бир эле президенттикке эмес, депутаттыкка, аким, губернатор, министр сыяктуу жогорку кызматтарга койгондордун баарын текшере турган чоң мамлекеттик комиссия түзүлсүн деп. Ошол комиссия талапкерлерди 2-3 багытта текшерүүгө тийиш. Биринчи багыты, анын интеллектуалдык деңгээлин, кыргыздын улуу тарыхын, тилин, каада-салтын, “Манас” баш болгон руханий байлыктарыбызды кандай деңгээлде билерине баа берилиш керек. Экинчиден, министр, аким же губернатор болууга жөндөмү, тажрыйбасы, билими барбы, жокпу? Үчүнчүсү, ден соолугу, психикасы ордундабы?. Шизофрения менен дүйнөдө миллиондогон адамдар ооруйт. Андайлар азыркы Кыргызстанга президент болом дегендердин арасында да бар. Ооруулуу адамды шылдыңдаганга болбойт. Бирок, алар өз ордунда болуш керек. Мисалы, Батыш өлкөлөрүндө мындайларды шайлоого жолотпойт. Бизде болсо элдин башын айландырып куру убада берип жүрүшөт.
-Талапкерлер мамлекеттик тилден экзамен тапшырышпадыбы...
-Үчүнчү класстын деңгээлиндеги мындай экзамен үчүн мен президенттик кызмат эмес, класстан класска көчүрбөйт элем. Мага 4-5 жашымда эле атам латынча шыр окуганды үйрөткөн болчу. Булар ошол менин бөбөк кезимдегидей тамтаңдап окуп, эки сөздүн башын кошо албай ката жазып жатышбайбы. Сөз байлыгы жок, кыргыздын бир макал, лакабын туура айта алышпайт. Тил боюнча экзамен алганда жалаң эле кыргыз тилин билеби, билбейби дебестен, кыргыз тили аркылуу элибиздин жан дүйнөсүн кандай түшүнөрүн да текшериш керек. Эми өзүң элестетип көр, ошол талапкер акчанын күчү менен президент болуп шайланып калсын. Анан эл аралык жыйындарда ушундай деңгээли менен бүтүндөй кыргыз элин, мамлекетибизди уят кылбайбы.
-Ак жол каалап шайлаган эки президентибиз тең элди курутуп, акыры кубалап кетирдик. Эмне үчүн улам эле жаңылып жатабыз?
-“Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында” демекчи, ошол эки жүздүү, алдамчы талапкерлер элди алдап шайланып алган соң өзгөрүп кетип жатпайбы. А.Акаев деле Кыргызстанды үч жылда Борбор Азиянын Швейцариясына айлантам деп, 15 жылда итке мингизди. К. Бакиев болсо андан да ашып түшүп, 5 эле жылда түбүбүзгө жетип, акыры кыргын салып кетти. Ишенчээк элибиз болсо аларды жалган убадасына ишенип шайлап коюшту. Көрсө, эң оболу адамдын ыйманы, мамлекети менен элине сүйүүсү болуш керек экен. Мындан ары эл алардын акчасына эмес, ушул жагына көңүл буруш керек.
-Сиздин баамыңызда бул ирет шайлоо таза, адилет өтөбү?
-100% таза, адилет өтөт деп айта албаймын. Ар бир талапкер колдо бар мүмкүнчүлүгүн пайдаланат, мүмкүн өз аймагындагы шайлоочулардын добушун алыш үчүн трайбалисттик саясат жүргүзөт, дагы башка ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Шайлоонун табияты ошондой. Анткен менен мурдагы бийликтердин тушундагыдай ыплас эмес, калыс, таза шайлоо болоруна ишенем. Биз 1991-жылы эгемендүүлүккө жетсек эле абсолюттук демократия орнойт деп кыялданган экенбиз. Көрсө, алдыбызда далай сыноолор, кыйынчылыктар менен тоскоолдуктар бар экен. Мына ошол мезгилди баштан өткөрүүдөбүз. Анткен менен туура жолдо кетип баратабыз.


Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар”.