Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/10 18:14
 

А.Шевченко: Сүйүктүү жар, эне болуу бактысына да жетишемин

А.Шевченко: Сүйүктүү жар, эне болуу бактысына да жетишемин

Тай боксу боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко кабарчыбыздын бир нече суроолоруна жооп берди:
- Ташкентте өткөн дүйнө чемпионаты тууралуу айтып берсеңиз?
А.Шевченко: - Дүйнөлүк чемпионат жогорку деңгээлде өттү. Ташкент шаарынын көчөлөрүндөгү чоң жарнамалык банерлердин баары спортчулардын сүрөттөрү менен толтурулган экен. Жатакана, тамак аш, эс алуу, жыйынтыктоочу иш чарасы эң мыкты уюшулган. Ар бир мамлекеттин спортчулары үчүн атайын автобус, жандап жүрүүчү гиддер да каралган.
Беттешүүлөрдү өткөрүү үчүн үч ринг орнотулган. Мен көп эле чемпионаттарга катышып жүрөмүн бирок мындай жогорку деңгээлде уюштурулган мелдештерди көргөн эмесмин.
- Европа чемпиону швейцариялык Лин Лансбергди жеңип дүйнө чемпиону наамын алыш оңойго турбаса керек?
А.Шевченко: -Атаандаштарым күчтүү болду аны жашырбаймын. Алтын медалды алуу оңойго турган жок. Биринчи беттешүүдө Марокколук спортчу менен күч сынашып үч раунддун жыйынтыгы боюнча аны жеңип чыктым. Экинчисинде россиялык спортчуну артта калтырып, финалда чемпиондук наам үчүн Европа чемпиону швейцариялык Лин Лансберг менен беттешип аны жеңип алдым.
Ал өткөн жылы да дүйнө чемпионатында алтын медалды бир тууганым Валентина Шевченкого алдырып жиберген эле. Быйыл ал катуу даярдык көрүп, алтынды көздөп келген экен. Экөөбүздүн беттешүүбүз аябагандай кызык болгонун көрүүчүлөр жана калыстар тобу белгилешти. Лин Лансберг жеңилгенден соң катуу ызаланып, жеңүүчүнү атоого рингге чакырганда араң чыкты.
Бул жеңиш меники гана эмес ал үчүн машыктыруучум Павел Федотовго чоң ыраазычылык билдиремин.
-Тай боксу менен качан машыга баштадыңар, спортко сени ким алып келди?
А.Шевченко:-Тай боксуна апам, учурда федерациянын президенти Елена Шевченко алып келип Валентина экөөбүздү машыктыруучубуз Павел Федотовго тапшырган болчу.
Биз спорт залга биринчи келген күндөн баштап эле спорттун бул түрүн жактырып, чын дилибиз менен ага берилип машыгып, чемпионаттарга катышып келебиз.
Спортсуз мен жашоомду элестете албаймын, азырынча күчүбүз ага жол берип турганда, дагы бир нече рингди багындырууга аракетибизди жумшайбыз.
-Аял киши көп убакыт спортто кармалбайт го, себеп үй-бүлө күтүү, эне болуу деген башкы милдеттер турат
А.Шевченко: -Аял заты үчүн үй-бүлө куруу башкы милдеттердин бири, мен сиз менен толук макулмун. Бирок биз Валентина экөөбүз 20нын кырын эми аштык, үй-бүлө тууралуу ойлоно элекпиз. Бирок убактысы келгенде турмуш куруп, бала төрөп аялдык милдетибизди аткарабыз.
Азыр күчүбүз барда, ашууларды багындыра аламын деген убакта спорт багытында алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырабыз. Мен Кыргызстандын өнүгүп өсүшү үчүн күйүп-бышамын. Өлкөбүздүн келечеги кең болсо деген мекенчил адамдардын биримин.
Тай боксу боюнча спортчулар да Кыргызстанды таанытуу боюнча да өз салымдарын кошуп жатат.
Быйыл Морокколук бир нече жолку чемпион атайын беттешүү уюштурууну чечкен. Ага каршы кыргыз спортсмени чыгат дегенди угуп, ал менеджери аркылуу башка мамлекеттин спортчулары менен беттешүүгө даярмын, бирок кыргызстандык эмес деп айтыптыр. Бул биздин спортчулардын профессионалдуулугунан кабар берет.
- Алдыдагы пландарың менен бөлүшүп кетсең
А.Шевченко: -Быйыл ноябрь айында тай боксу боюнча республикалык чемпионат өтөт. Андан соң 2012-жылдын февраль айында Россияда өтө турган эл аралык чемпионатка даярдык көрөбүз. Биз быйыл машыгууларды көл жээгинде өткөрдүк, ал жак өзү эле жеңишке дем берет экен, абасынын, суусунун тазалыгы.
- Рахмат, ийгиликтерди каалаймын. (маектешкен Махабат Момуналиева)
   
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу