Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/09 18:14
 

И.Жунусов: Окуучулардын мектептерге батпай жатышы бир чети жакшы көрүнүш

Бүгүн, 1-сентябрь-“Билим күнү”. Өлкөбүздө миңдеген окуучулар мектеп босогосун атташты. КР өкмөтү мамлекетибиздин билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча кандай иш аракеттерди жасоодо. Биз ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн өкмөттүн социалдык тармактар боюнча вице-премьер-министри Ибрагим Кожоназарович Жунусовго айрым суроолор менен кайрылдык.

- Ибрагим Кожоназарович, быйылкы жаңы окуу жылына карата республикабыздын мектептеринин абалы кандай?

- Билим майрамы ар бир адамдын өмүрүндөгү балалык доор менен коштолгон унутулгус учур. Мен өзүм да педагог катары бүгүн окуучуларга кошулуп эки эсе кубанычка батып турам. Буюрса, мектептерибиз менен мугалимдердин абалы жаман эмес. Мамлекетибиз Эгемендүүлүгүн белгилеген 20 жылдын ичинде быйыл алгачкы ирет билим берүү тармагынын көйгөйлөрүнө өкмөт көңүл буруп, мугалимдердин маянасын үч эсе көтөрүүгө жетишти. Бүгүн республикабыздагы 2 миңден ашык мектептердин коңгуроосу кагылып, 1 млн. 700 миңден ашык окуучулар мектеп партасына отурса, алардын 93 миңден ашыгы алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган 1-класстардын окуучулары болуп эсептелет. Бул өткөн жылдарга караганда бир топ жогорку көрсөткүч. Ооба, көпчүлүк айылдарда, айрыкча шаарларда мектептер жетишпей, окуучулар 2-3 сменага чейин бөлүнүп окуганга мажбур болушууда. Менимче бул бир чети жакшы көрүнүш. Анткени элибиздин саны, балдардын төрөлүүсү көбөйүп жатат. Көп эле чет мамлекеттерде болуп көрүп жүрөм, айрыкча европада балдардын жетишсиздигинен мектептер бош калууда же жабылып жатат. Себеби окуучулар жок. Андан Кудай сактасын.

- Мугалимдердин маянасынын жогорулашы өткөн жылдардагыдай педагогдордун жетишпестигин толтурууга таасир тийгизе алдыбы?


- Сөзсүз оң жагына жылыш болду. Өзүңүздөр билесиздер, жыл сайын республикабыздын мектептерине 3 миңден ашык мугалимдер жетишпей калчу. Быйыл андай эмес. Көпчүлүк мурда кесибин алмаштырган педагогдор мектебине кайра келүүдө. ЖОЖдорду бүткөн студенттердин арасында да мектепте иштөөнү каалагандар көбөйдү. Бир эле мисал, бүгүн мен өзүм ачылышына катышкан Панфилов районундагы №2 Чалдовар айылында 6 мугалим өз кесибине кайтышыптыр. Бул көрсөткүч район боюнча кыркка жакын. Демек, мугалимдердин материалдык абалы менен кошо жоопкерчилиги да жогорулады. Албетте, өкмөт билим берүү тармагына жетишерлик шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Мугалимдер өз кезегинде татыктуу билим берүүгө, ал эми окуучулар жакшы окууга тийиш. Эгер биз ушул үч талапты бирдей аткарсак, татыктуу келечек ээлерин тарбиялаган болобуз. Бүгүн балдарга кандай тарбия берсек, эртең ошондой келечек ээлерине ээ болобуз.

- Анткен менен мектептердин курулушу токтоп калбаса керек?

- Токтомок турсун, кайра күч алат. Мына бүгүн республикабыз боюнча жаңы салынган 7 мектеп ачылды. Жыл аягына чейин 15 мектеп окуучуларга эшигин ачат. Алгач мурда курулушу башталып, 50 пайыз салынган мектептерди бүтүрүү боюнча чечим кабыл алганбыз. Жаңы жылдын февраль айынан баштап ошол курулушу башталган мектептерди бүткөрүүнү колго алабыз. Белгилей кетүүчү жагдай, мугалимдердин маянасын көтөрүүгө 10 млрд. сомдон ашык каражат жумшалып, мектептердин курулушу бир аз солгундай түштү. Андан тышкары пенсия көтөрүлдү, октябрда дагы кошулат. Бүгүндөн баштап жалпы эле билим берүү тармагындагы пол жуугандар, кароолчулар, от жаккычтар сыяктуу техникалык кызматкерлеринин маянасы 2-3 эсе көтөрүлүп жатат. Мугалимдердин маянасы ушуну менен эле токтоп калбастан, инфляцияга жараша дагы жогорулап турат. Өкмөт билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча 2012-жылдан баштап дагы жаңы реформаларды баштамакчы.

- Тилекке каршы билим берүүнүн сапатына көп дооматтар айтылып келет...

- Туура айтасыз. Кыргызстан боюнча мектептердеги билим берүүнүн сапаты анчейин деле купулга толорлук эмес. Чындыгында мурда мугалимдер окуткандай түр көрсөтсө, окуучулар окугандай абалда мектепке келип-кетип жүрүшкөн. Мындай көрүнүштүн бир эле себеби бар. Ал-маянанын аздыгынан көңүлкоштук абал жаралган. Сабак окуткан эжекей курсагы ач, үстүндө жакшы кийими болбосо, күйөөсү жарытылуу акча таппаса, билим берүүнүн сапатын кантип талап кыласың? Мен өзүм да педагог, ЖОЖдун окутуучусу катары мындай жагдайды мугалимдин кесипкөйлүгүнөн эмес, турмуштун оордугунан көрөм.

- Айрым  билермандар өкмөт мугалимдерди убактылуу алдап жатат, 1 же 3 айдан кийин акча таппай калат дешүүдө.

- Алар алгач бир айдан кийин маянаны бере албайт дешкен. Кийин “тилеги” таш капкандан кийин үч айлык мөөнөттү чектешкен. Буюрса, ал “сыноолордон” ийгиликтүү өттүк, эми президенттик шайлоодон кийин төлөй албайт деп жатышат. Мугалимдердин маянасынын көтөрүлүшү шайлоого тиешеси жок, аткаруу бийлигинин келечектүү иши.

Эмилбек Момунов, “Кабар”


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу