Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
17/08 09:11
 

Чубак ажы Жалилов: Ажылыктын тегерегиндеги коррупцияны жоюу үчүн вундеркинд болуунун кереги жок


Бишкек, 16-август. /Эмилбек Момунов-Кабар/. Быйыл ажылык сапарды уюштуруу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына өткөрүлүп берилип, азыр ажы башчыларды тандоо жана сапарга аттануучуларды кабыл алуу иши башталды. Биз мына ушул мусулманчылыктын беш парзынын бири болуп эсептелген ажылык зыяратты уюштуруу боюнча топтун жетекчиси, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов менен маектештик.

-Чубак ажы, ажылыктын муфтиятка өткөрүлүп берилиши чоң жаңылык болду. Быйыл зыяратчыларды топтоо жана ажы башчыларды тандоо кандай болот?

-Буюрса, мындан мурдагы жылдары орун алып келген көрүнүштөргө жол бербейбиз деген ниет бар. Азыр ажылык борбор ишин баштады. Бул боюнча борбордун директору катары биринчи буйрукту чыгардым. Ага ылайык, ажы башчыларды тандоо иш чаралары жүргүзүлөт. 20-августка чейин эки жерде ажы башчылардын документтери кабыл алынат. Биринчиси, Бишкекте муфтияттын өзүндө, экинчиси Ошто болот. Ажы башчылыкка талапкерлер арыздын, өмүр баяндын жана паспорттун гана көчүрмөлөрүн беришет. Аларды тандоодо мамлекеттик, араб тилдерин жана дин маданиятын жана документтерди билүүсү талап кылынат. Ошондой эле мурда ажы башчы болуп келгендиги сөзсүз эске алынат. Бирок мурда ажылык маселеси боюнча тергелген, соттолгон болбош керек. Аларды тандоо эки багытта өтүп, биринчисинде кагазга жазылган суроолорду беребиз. Анда биздин уставда жазылган жана ажылыкты уюштурууга байланышкан суроолор камтылат. Шарият жагын өзүм көзөмөлдөп, калган суроолорду атайын топ текшерет. Экинчиси, оозеки аңгемелешүү болуп, бетме-бет отуруп суроолорго жооп беришет. Документтер 20-августка чейин кабыл алынат. Бул маселеге жооптуу болуп Марат ажы Усупов дайындалды. Анкетадагы суроолорго 21-августта жооптор алынып, бул маселени Бакыт Нурдинов көзөмөлдөйт. Үчүнчү, аңгеме-сынак 21-август күнү түштөн кийин саат 15тен 19га чейинки аралыкта өткөрүлүп, баардык комиссия мүчөлөрү катышат. Төртүнчү, чечим чыгаруу 22-августта 10го белгиленип, тандалган ажы башчыларга сертификаттар тапшырылат. Андан соң алардын ар бири менен мен өзүм келишим түзөм. Акырында аларга бир саат семинар өткөрүлөт.

-Чет элдиктер Кыргызстандан ажылыкка бара алышабы?

-Азыр биз мындай мүмкүнчүлүктү ойлонуп, келишимдин долбоорун түзүп жатабыз. Эгер бизге берилген орун толбой калса, анда бош калган орундарга республикабыздын аймагында убактылуу каттоосу бар чет элдик жарандар биздеги ажылыктын баасынын үстүнө кошумча дагы 2000 доллардан муфтияттын казынасына төлөп берип, коопсуздук кызматынын текшерүүсүнөн өткөндө гана барышы мүмкүн. Бул каражат муфтияттын, диний окуу жайлардын жана ажылык борбордун керектөөсүнө жумшалат. Себеби чет мамлекеттерде ажылык сапардын баасы Кыргызстандан бир топ жогору. Мисалы, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистанда 5 миң долларга чейин. Бул чечимге парламент депутаттарынын макулдугу да керек.

-Быйыл ажылык сапардын баасы канча болот?


-Азырынча так баасы аныктала элек. Себеби өзүбүздө бир да авиакомпаниянын самолеттору чет мамлекеттерге уча албагандыктан, сырткы авиокомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер билет баасы былтыркыдай 1400 доллар бойдон кала турган болсо, анда 2300-2600 доллардын тегерегинде болот.

-Мындан ары ажылыкты муфтият дайыма өзү уюштурабы?

-Буюрса, ошондой болот. Жогорку Кеңештин бул маселени карап, чечим чыгарып бериши быйылкы зыяратты колго алуубузга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошого карабай мурдагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп жатабыз.

Албетте, мамлекеттин жардамына муктаж болобуз. Мисалы, мен өткөндө өкмөт башчы А. Атамбаев менен жолугушканда авиакомпанияларды тандоодо жардам берүүсүн сурандым. Мындан тышкары ажылык борбордун алдында улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүмү иш жүргүзөт. Мындан тышкары да коопсуздук маселелеринде жардам сурап кайрылууга туура келет.

-Ажылыкка аттангандар быйыл жалаң самолет менен барышабы же мурдагыдай өз алдынча автобус же Стамбул аркылуу баруучуларга да уруксат берилеби?

-Биз жалаң гана самолет менен барып-келүүнү уюштуруп жатабыз. Бирок айрым маалыматтар боюнча Ошто, Араванда элди 1800-2000 долларга автобус менен алпарабыз дегендер болуп жатыптыр. Алардын аракетин коопсуздук кызматы текшерүүгө алып, сот жообуна тартмакчы. Биздин билишибизче алар былтыркы пайдаланылбай калган визаны пайдаланышы мүмкүн. Себеби учурда Сирияда абал кооптуу болгондуктан, автобус менен же Стамбулга чейин учуп барып, андан ары автомашинага түшүп баруу коркунучтуу болуп турат.

-Сиз буга чейин ажылык сапардын тегерегиндеги коррупциялык көрүнүштөр болуп келгендиги тууралуу эмне айта аласыз?

-“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, ошондой ыплас иштер болгон үчүн ар кандай коомчулукту ирээнжиткен сөздөр айтылып келди. Бирок кимдир бирөөнү колунан кармап албагандан кийин же соттун чечими чыкпагандыктан, атын атай албайт экенсиң.

  Биз мындан ары андай ыплас көрүнүштөргө жол бербөө үчүн колдон келген баардык аракеттерди жасап жатабыз. Быйыл виза басылган паспорттор ажылыкка жөнөгөндөргө самолетко отурар алдында гана колуна берилет. Азыр тийиштүү укук коргоо органдары менен паспорт алпарган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн келишим түзүлдү. Кокус ошол учурда кимдир-бирөө барбаймын деп калса визасы сыйрылып алынат да паспортун колуна карматабыз. Мындай ыкма мурда болуп келген коррупциялык иштердин жолуна бөгөт болмокчу. Негизи ажылык сапарды уюштуруудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн вундеркинд болуунун деле кереги жок. 

-Чубак ажы, 2010-жылы муфтийдин милдетин аткарып жаткан Сүйүн ажыны көгала кылып сабап кетишти эле. Ошол иштин аягы эмне болду?

- Апрель окуясынан кийин Сүйүн ажыны жыйырма чакты белгисиз бирөөлөр ырайымсыздык менен сабап кетишкен. Себеби алар муфтийлик орунду чоң акча кармаган кызмат катары көрүшүп, өз адамдарын коюуну көздөшкөн. Сүйүн ажы бул ишти Кудайга койдум, алар акыретке барганда жооп беришет деп койду.

-Ал эми мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановдун да уурдалып, андан чоң суммадагы акча талап кылышкандыгы, андан көп өтпөй табышмактуу жагдайда көз жумушу тууралуу эмне айта аласыз?

- Мураталы ажы да бул ишти ачыкка чыгарбай, күтүүсүздөн эле көзү өтүп кетти. Сыягы, диний аалым адам өзүн тирүүлүктө капа кылгандар менен аркы дүйнөдө эсептешем деп ойлосо керек...

Маектешкен Эмилбек Момунов “Кабар”

ропор

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу